Гватемаладагы жанар тоо заарын чачты

Полиция кызматкерлери Фуэгодон жараланган кишини алып чыгып бараткан учур. 3-июнь, 2018-жыл.

Гватемалада жанар тоонун атылышынан өлгөндөр көбөйүп, 70 кишиге жакындады. Жекшембиде Фуэго вулканы акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй күч менен атылган. Бийликтин маалыматына ылайык, 3 миңдей киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Президент Жимми Моралес табигый кырсыктан жабыркаган аймактарда чукул кырдаал жарыялады.

Куткаруучулар ылай аралаш күл, таш-топурактын арасында өлгөндөрдү издеп жатышат. Азырынча 20дай кишинин гана тек-жайы аныкталды. Маалыматтарга караганда, лава шаарчалар менен кыштактарды басып калып, кээ бир кишилер үйлөрүндө каза болду.

- Мен үйдөн чыгып дүкөнгө жөнөгөм. Бир кезде лава жакындап келатканын көрдүм. Бакчаларды, суу сактагычка кеткен жолду каптап, көчөгө чейин жетти. Мен качып үлгүрдүм, бирок эки кызым гана аман табылды. Уулум, неберем, бүт үй-бүлөсү менен дайынсыз, - деп айтып берди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Фуэгодон алыс качып бараткан полиция офицери мүдүрүлүп кеткен учур. 4-июнь, 2018-жыл.

Жекшембиде Фуэго жанар тоосу акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй күч менен атылган. Тоодон чыккан түтүн 10 чакырымдай бийиктикке жетип жатты. Өлкөнүн негизги эл аралык аэропорту жабылып, күл миңдеген гектар кофе талааларын басып калды.

Эртеси жанар тоо дагы бир сыйра атылганда анын түштүк тарабындагы жер көчтү. Бул куткаруу иштерин ого бетер кыйынчылыкка учуратты. Жүздөгөн кишинин жараланганы кабарланууда.

- Жанар тоо тынымсыз атылып жаткан шартта иштеш кыйын болуп атат. Анын үстүнө бардык материалдар абдан ысык. Куткаруучулар 30 градус ысыкта иштеп атышат. Лаванын ысыгы дагы эле сезилүүдө, - дешет куткаруучулар.

Вулканологдор лаванын ысыктыгы 700 градус болгонун билдиришти. Дүйшөмбү күнү табигый кырсык болгон жерге Гватемаланын президенти Жимми Моралес барып келди. Анын алдында мамлекет башчы үч штатта чукул кырдаал абалын жарыялаган.

Кырсык болгон жерди тосуп жаткан аскерлер. 4июнь, 2018-жыл.

Бийликтин маалыматына ылайык, 3 миңдей киши коопсуз жерлерге, жанар тоодон кеминде 8 чакырым алыс көчүрүлдү. Эвакуация иштерин координациялагандардын бири Луис Мелендестин айтымында, кошумча жерлер даярдалып жатат:

- Баш калкалай турган кошумча жерлерди даярдап жатабыз. Алардын баары коопсуздук эрежелерине жооп берүүгө тийиш. Негизгиси эл муктаж болгон нерселер менен камсыздалышы керек.

Испанчадан “От” деп которулган Фуэго - Борбордук Америкадагы бул өлкөдөгү эң активдүү жанар тоолордун бири. Вулкан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги байыркы Антигуа шаарынын жанында орун алган. Калаа буга чейин бир нече жолу вулкандардын атылышын баштан кечирген.

Дүйшөмбү күнү түштөн кийин эл аралык аэропорт кайра ачылды. Сейсмологдор болсо жанар тоо дагы атылышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.