Спорт: күрөштөгү жаңы ысымдар

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатындагы 67 кг. салмактагы балбандар Тынар Шаршенбеков (көк кийимчен) менен Раззак Бейшеккевдин (кызыл кийимчен) финалдык беттеши.

Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. 21-январда башталган мелдеште алгач грек-рим күрөшүнөн чемпиондор белгилүү болду. Бул чемпионат кыргыз спортуна жаңы ысымдарды таанытты.

Жаңы чемпиондор

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө биринчилигине өлкө аймагынан 178 балбан катышты. Чемпионаттын биринчи күнүндө беш салмакта финалдык таймаштар өттү. Эң жеңил 55 килограммга чейинки салмакта Сардарбек Конушбаев чемпион болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Грек-рим күрөшүндөгү жаңы ысымдар

Кыргызстандын ички чемпионатына атактуу балбандар, дүйнө чемпиондору Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков катышкан жок. Бирок экөөнүн тең бир туугандары мелдешке чыгып, Акжолдун агасы Сыймык Махмудов 63 килограмм салмакта күрөшүп, биринчи жолу жеңишке жетти.

Сыймык чемпионатка жети жылдан бери катышып, алгачкы жолу чемпион болду. Акжол агасынын жеңишине сүйүнүп көзүнө жаш алды.

Сыймык Махмудов (көк кийимчен) менен Дастан Кадыров (кызыл кийимчен). Грек-рим күрөшү. 63 кг. салмактагы финалдык беттеш.

Акжол Махмудовдун дагы бир агасы Бексултан да грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Сыймыкты Бексултан мелдешке даярдаган.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековдун агасы Тынар Шаршенбеков 67 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалда жаш балбан Раззак Бейшекеевге жеңилип калып, күмүш медал утту. Грек-рим күрөшүнөн эң мыкты таймаш ушул эки балбандын ортосунда болду.

Грек-рим күрөшүндөгү 67 кг. салмактагы финалдык беттеш: Тынар Шаршенбеков (көк кийимчен) менен Раззак Бейшеккев (кызыл кийимчен).

Раззак Бейшекеев 18 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында дүйнө чемпиону.

60 килограмм салмакта финалда Акыл Сулайманов менен Нурмухаммет Абдуллаев күрөшүп, жыйынтыгында Нурмухаммет чемпион болду. Былтыр бул салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медалды утуп, ал жылы Дүйнө чемпиону болгон эле.

Аталган салмакта мурдагы жылдары финалда Каныбек Жолчубеков, Калы Сулайманов, Жоламан Шаршенбеков таймашып келген. Быйыл Каныбек Жолчубеков карьерасын жыйынтыктап, Жоламан Шаршенбеков башка мелдешке даярданып жаткандыктан катышкан жок. Ал эми Калы Сулайманов 67 килограмм салмакта күчүн сынап, жарым финалда Тынар Шаршанбековго жеңилип, кийин коло байге үчүн беттешке чыккан жок.

Акыл Сулайманов (кара кийимчен) менен Нурмухаммет Абдулаев (көк кийимчен). Грек-рим күрөшү. 60 кг. салмактагы финалдык беттеш.

72 килограмм салмакта Нуржигит Кеңешбек уулу, 82 килограмм салмакта Акылбек Талантбеков жана 97 килограмм салмакта Нурмамбет Раймалы уулу чемпион болушту.

Грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмактагы финалдык беттеш: Атабек Азисбеков (көк кийимчен) менен Азат Салидинов (кызыл кийимчен).

87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков менен Азат Салидинов кайрадан финалда күрөштү. Былтыркы чемпионаттын финалында да экөө кез келишкен. Бул ирет Азаттын Атабекке күчү жеткен жок. Ушуну менен Атабек Азисбеков онунчу ирет өлкө чемпиону болду.

Грек-рим күрөшүнөн 82 кг. салмактагы финалдык беттеш: Акылбек Талантбеков (көк трикочон) менен Асан Жанышов (кызыл трикочон).

77 килограмм салмакта Ырыскелди Максатбек уулу Эрлан Марс уулунун утуп чемпион болсо, 130 кило салмакта финалга чыккан Миляс Марков жаракатына байланыштуу Роман Кимге мөөнөтүнөн мурда жеңилип берди.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын байге ээлери:

55 кг
1-орун – Сардарбек Конушбаев;
2-орун – Улан Муратбек уулу;
3-орун – Нурболот Бердикулов;
3-орун – Таалайбек Бейшенбек уулу.

60 кг
1-орун – Абдуллаев Нурмухаммед;
2-орун – Сулайманов Акыл;
3-орун – Жапаров Курманбек;
3-орун – Афтандил Таалайбек уулу.

63 кг
1-орун – Сыймык Махмудов;
2-орун – Дастан Кадыров;
3-орун – Баяман Каримов;
3-орун – Бекназар Бактыбек уулу.

67 кг
1-орун – Разак Бейшеекев;
2-орун – Тынар Шаршенбеков;
3-орун – Халмурат Ибрагимов;
3-орун – Равшан Чыныбек уулу.

72 кг
1-орун – Нуржигит Кеңешбек уулу;
2-орун – Адилхан Нурланбеков;
3-орун – Абдулазиз Нурланбеков;
3-орун – Хабубулло Тынчтык уулу.

77 кг
1-орун – Ырыскелди Максатбек уулу;
2-орун – Эрлан Марс уулу;
3-орун – Бекзат Орункул уулу;
3-орун – Алибек Бердиев.

82 кг
1-орун – Акылбек Талантбеков;
2-орун – Асан Жанышов;
3-орун – Бексултан Назарбеков;
3-орун – Темирлан Бектурдиев.

87 кг
1-орун – Атабек Азизбеков;
2-орун – Азат Салидинов;
3-орун – Руслан Царев;
3-орун – Калидин Асыкеев.

97 кг
1-орун – Нурмамбет Раймалы уулу;
2-орун – Артык Орозбеков;
3-орун – Бекжан Жумабеков;
3-орун – Дастан Иманбердиев.

130 кг
1-орун – Роман Ким;
2-орун – Миляс Марков;
3-орун - Самаган Ормонов;
3-орун – Эрлан Манатбеков.

Эркин күрөш

23-24-январда эркин күрөштөн өлкө чемпионаты өттү. Балбандар 10 салмакта күч сынашты.

Эркин күрөш боюнча 92 кг. салмактагы финалдык беттеш: Мирлан Чыныбеков (трикочон) жана Нурболот Адыл уулу.

"Бул чемпионаттын жыйынтыгы менен Азия чемпионатына катыша турган балбандар тандалат. Быйыл жаш балбандар абдан көп. Көчүлүгүн эл тааныбайт. Бирок күтүүсүз жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Бул күрөштө атаандаштык пайда болгонун көрсөтөт", - деди Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов.

Эркин күрөш боюнча 79 кг. салмактагы финалдык беттеш: Атай Изабеков (кызыл кийимчен) менен Адилет Маратбаев.

Эркин күрөш боюнча таймаштарга быйыл 265 балбан катышты. Биз мелдештеги кызыктуу беттештерге токтолдук.

79 килограмм салмакта финалга чыккан айтылуу балбан Атай Изабеков Адилет Маратбаевге 2:0 эсебинде жеңилди.

Эркин күрөш. 61 кг. салмак: Улукбек Жолдошбеков (кызыл кийимчен) менен Тайыр Жумашбек уулу (көк кийимчен).

61 килограмм салмакта финалда Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков менен жаш балбан Тайыр Жумашбек уулу күрөштү. Балбандардын тиреши бирде айгышкан кармаш менен, бирде жай өтүп, Тайыр упай алып алдыга чыкты.

Эркин күрөш. 61 кг. салмак: Улукбек Жолдошбеков (кызыл кийимчен) менен Тайыр Жумашбек уулу (көк кийимчен).

Улукбек Жолдошбеков акыркы секундаларда атаандашын чалып алганга аракет кылганы менен майнап чыккан жок. Тайыр Жумашбек уулу быйыл биринчи жолу чоңдор арасында өлкө чемпиону болду.

Андан сырткары Алмаз Сманбеков (57 кг.), Алибек Осмонов (65 кг.), Орозбек Токтомамбетов (70 кг.) Исламбек Орозбеков (74 кг.), Нуртилек Карыпбеков (86 кг.), Мирлан Чыныбеков (92 кг.), Арсланбек Турдубаев (97 кг.) жана Музафар Жаппуев чемпион болушту.

Эркин күрөш. 70 кг. салмактагы финалдык беттеш: Орозбек Токтомамбетов (кызыл кийимчен) жана Мырза Жыргалбек уулу (кара кийимчен).

"Эркин күрөштө жылдан жылга жаш балбандар чыгып, атаандаштык күчөдү. Азыр муун алмашуу жүрүп жатат. Бул процесс спортто дайыма токтобой жүрүп турушу керек. Ошондо гана өнүгүү болот. Бүгүн албетте, мыкты күрөшкөн балбандарды көрдүм. Буюрса аларды биз улуттук курамага чакырабыз", - деди Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатынын байге ээлери:

57 кг
1-орун – Алмаз Сманбеков;
2-орун – Бекзат Алмаз уулу;
3-орун – Юхан Доктурбек уулу;
3-орун – Абдумалик Карачов.

61 кг
1-орун – Тайырбек Жумашбек уулу;
2-орун – Улукбек Жолдошбеков;
3-орун – Алишер Руслан уулу;
3-орун – Дастан Урматбеков.

65 кг
1-орун – Алибек Осмонов;
2-орун – Аден Сакыбаев;
3-орун – Мирлан Акимов;
3-орун – Азим Мамытов.

70 кг
1-орун – Орозбек Токтомамбетов;
2-орун – Мырза Жыргалбек уулу;
3-орун – Алихан Алишер уулу;
3-орун – Канат Керимбеков.

74 кг
1-орун – Исламбек Орозбеков;
2-орун – Адилет Жапаркулов;
3-орун – Кубат Азизов;
3-орун – Алинур Такиров.

79 кг
1-орун – Адилет Маратбеков;
2-орун – Атай Изабеков;
3-орун – Куштар Абдыманап уулу;
3-орун – Бекжан Джамбулов.

86 кг
1-орун – Нуртилек Карыпбеков;
2-орун – Нарбек Изабеков;
3-орун – Сейтек Доктурбеков;
3-орун – Стамбул Жаныбек уулу.

92 кг
1-орун – Мирлан Чыныбеков;
2-орун – Нурболот Адыл уулу;
3-орун – Байсал Кубатов;
3-орун – Магомед Будунов.

97 кг
1-орун – Арсланбек Турдубеков;
2-орун – Исламбек Рысбеков;
3-орун – Мухаммед Умурзаков;
3-орун – Теңдиков Бекзат.

125 кг
1-орун – Музафар Жуппуев;
2-орун – Аскер Эфендиев;
3-орун – Айбек Касманбетов;
3-орун – Бактияр Мирлан уулу.