"РИА Новости" агенттигине берген маегинде Горбачев АКШ менен Орусияны диалогду кайра улантууга чакырды.
- Өзөктүк курал колдо турганда аны колдонуу коркунучу да бар. Кокус, техникалык мүчүлүштүктөн, болбосо акылдан адашкан же террорист бирөөнүн жаман оюу аны ишке ашырышы мүмкүн. Натыйжасын элестете бергиле - дейт Горбачев.
Анын бул сөздөрү АКШ менен СССРдин өзөктүк куралдарды жоюу боюнча Рейкьявик саммитинин 30 жылдыгына туура келди.
Горбачев бийликте турган учурда Кансыз согуш аяктаганы маалым. Ушу таптагы Орусия-АКШ тирешин айрым талдоочулар анын кайра жанданышы катары сыпатташууда.
Горбачевду чочулаткан жагдай Орусиянын жакында эле АКШ менен түзгөн өзөктүк курал боюнча эки макулдашууну жокко чыгарганы болушу ыктымал.
Анын бири - өзөктүк курал жасоодо колдонулчу плутонийди зыянсыздандыруу боюнча эки өлкөнүн 2000-жылы кабыл алган келишими.
- Өзөктүк курал колдо турганда аны колдонуу коркунучу да бар. Кокус, техникалык мүчүлүштүктөн, болбосо акылдан адашкан же террорист бирөөнүн жаман оюу аны ишке ашырышы мүмкүн. Натыйжасын элестете бергиле.Михаил Горбачев.
Ошондой эле андан мурдараак АКШ Сириядагы согушту бирге жөнгөрүү боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимден чыккан.
Буга Орусия жана ал колдогон Сирия өкмөтүнүн Алеппону аёосуз бомбалоосу себеп делген. Алепподогу оппозиция менен карапайым адамдарга сокку урулушуна каршы Вашингтон Сирия өкмөттүк күчтөрүн бутага аларын эскерткен. Бирок Орусия андай максатты көздөгөн учак же ракета болсун атып түшүрөрүн билдирген.
Бул кайым айтышуу эки өлкө ортосунда согуш чыгып кетиши ыктымал деген чочулоолорго алып келди.
Азырынча бул темада Орусия АКШнын өнөктөшү Евробиримдик менен да тил табыша албай турат.
11-октябрда орус президенти Владимир Путин Париж сапарынан баш тартты. Бул чечим француз президенти Франсуа Олланд аны менен Сириянын Алеппо шаарындагы кырдаалдан башка маселени талкуулабасын билдиргенден кийин кабыл алынганы айтылууда.
Буга чейин Олланд бул жолугушуудан майнап чыгарынан күмөн санап, Алеппону бомбалоону "аскер кылмышы" деп баалаган.
Украина боюнча 2014-жылы Орусияга салынган санкциялар ар жарым жыл сайын узартылып келет. Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун 11-октябрдагы сөзүнө караганда, санкциялар дагы сакталышы ыктымал. Ага бир эле Украина себеп эмес:
- Сиздер билгендей, биз июнда санкцияларыбызды узартканбыз. Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Чын-чынында абал андан да начарлап кетти. Анткени Орусия Сирияда, Алепподо эмне кылып жатканын байкап турабыз. Бул өкүнүчтүү. Бирок, ачык айтканда, айрым европалык саясатчылар Сирия көйгөйүн чечиш үчүн ал жакка Орусияны чакырып ката кетиришкен. Андан кийин жаңы көйгөйлөр пайда болду. Алеппонун бүгүнкү күнүн сүрөттөп, айта албайм. Ошон үчүн буга каршы бирден бир арга - Орусияга каршы санкцияларды узартуу.
Бирок орус тарап жиктешүүгө АКШны айыптап келет. Тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ улуттук кызыкчылыгыбызга шек келтирип, коопсуздугубузга коркунуч жаратууда деп, мындай жүйө келтирди:
- Бул - НАТО жана анын аскердик инфраструктураларынын биздин чек араларга жакындашы, ал жерлерге америкалык оор курал-жарактардын, НАТОнун авиациясын жайгаштыруусу. Ошондой эле биздин жана биздин тилектештердин чек араларына жакын, европалык да, азиялык да бөлүктөргө ракетага каршы коргонуу системасынын жайгаштырылышы. Анан калса санкциялар да душмандык көрүнүш.
Ал арада орусиялык "Искандер-М" ракеталык комплексинин Литва менен Польша чегиндеги Калининград облусуна жайгаштырды. НАТО муну Орусиянын узактан берки жүрүм-турумунун алкагындагы иш деп, бул кадам чөлкөмдөгү чыңалуунун күчөшүнө шарт түзөрүн билдирди.
Дүйнөдөгү аскердик кубаты зор эки өлкөнүн мамилесине БУУ баштаган эл аралык уюмдар да тынчсызданууда.