“Азаттык”: Амангелди мырза, 30 жыл илгери ыдыраган СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка толду. Кайра куруу доорунда сиз Кыргызстанда ишкана директору, Бишкекте мэр болуп жетекчилик кызматтарды ээлеп тургансыз. Горбачёв менен көрүштүңүз беле? Ошол маалдагы кайра куруу, айкындыктын Кыргызстанга таасири качан жетти?
Муралиев: Ал учурда СССРди башкарып келген Коммунисттик партиянын чарчаганы көрүнүп калган. Өлкөдө кризистик шарт жаралып, бир катар товарлар, тамак-ашка тартыштык сезилип калган. Ал учурда кыйынчылык тартып баштаганбыз.
Дагы караңыз Кыргыз эркин туюнткан укукчу айдыңОшол маалда Михаил Горбачёв демократия, плюрализм, сөз эркиндиги деген баалуулуктарды коомго киргизе баштады. Бул - анын жакшы жагы болду. Анын натыйжасында көйгөйлөр ачык айтылып, коом козголду.
Мисалы, мен 1980-жылдардын аягында партиялык конференцияга делегат болуп, Москвага барып калдым. Ошол жактан Горбачёв, Ельцин баш болгон жогорку даражалуу саясатчыларды көрдүм.
Дагы караңыз Эгемендик –– айрымдар толук баалай албаган башкы таберикКремлде өткөн конференциянын маалында кайра куруунун максаты боюнча бир топ маселелерди жакшылап аңдап түшүнө баштадым. Өзгөчө, базар экономикасы маселеси, Коммунисттик партиянын ролу жөнүндө.
Ошол конференциядан соң Коммунисттик партиянын бардык тармактарда монополисттик ролдо болгону жакшы жыйынтыкка алып келбестигин толугу менен түшүндүм.
«Азаттык»: Горбачёв турганда СССР таркады, кансыз согуш токтоду. Дүйнө Горбачёвдун көрөгөчтүгүн баалады. Ал эми Кыргызстан сыяктуу улуттук республиканын жетекчилиги, эли кандай көз карашта болду?
Муралиев: Ошол учурда Cоветтер Союзун сактап калабыз деген референдум өтүп, анда башка республикалар сыяктуу эле кыргызстандыктардын көпчүлүгү колдошкон. Колдогон менен СССР таркады.
Себеби, Балтика жээгиндеги башталган күчтүү суверенитет толкундары келди. Ал толкундарды токтотуу мүмкүн эмес болчу. Ошол учурда Кыргызстанда да жарандарыбыз көтөрүлүп, өз талаптарын катуу коё баштады. Жаштар турак-жай үчүн жер тилкелерин талап кыла баштады. Бийлик да ага көнүп, жер маселесин чечип берди. Ошону менен демократия, кайра куруу жүрүмү токтогус болуп кетти.
Дагы караңыз Өз доорунун өрттөй жанган кулуну эле«Азаттык»: Сиз айткандай, эгемендиктин алгачкы жылдары, албетте, эйфория болду. Андан кийин кыргыз коому демократия, ачык-айкындык деген баалуулуктарды канчалык сиңире алды?
Муралиев: Кандай болгон күндө да элибиз бул баалуулуктарды сиңирди. Бир топ мамлекеттерге караганда, демократиялык баалуулуктар бизде бир топ жогорку деңгээлде. Бирок бизде коом дагы өсүшү керек.
Демократия жөн эле башаламандык эмес, мыйзамдарды катуу сактоону дагы сиңиришибиз керек. Мыйзамдуулук туу сыяктуу тутулушу зарыл.
Бизде жаралып жаткан кыйынчылык, көйгөйлөр дал ушул мыйзамды так сактабаганыбыздан болуп жатат. "Демократия - мыйзамдуулук" деген түшүнүктү баарыбызга сиңирүү керек болуп жатат. Мисалы, өнүккөн Германия, же ошол эле социалисттик лагерден чыккан Чехия деле эл өнүгүү жолунда бардык баскычтарынан өтүп, мыйзамдуулук, тартип, менчикке өзгөчө маани беришет. Биз ошону курууга аракет кылып жатабыз.
Дагы караңыз Эгемендикти эңсеген жана ага жеткирген бабаларга таазим«Азаттык»: Михаил Горбачёв жөнүндө сөз кылып жатабыз. Ал кишиден жетекчи, саясатчы катары кандай үлгү жана кемчилигинен эмне сабак алышыбыз керек?
Муралиев: Үлгүсү жөнүндө кеп кылсак, ал киши баатырдык кылды. Демократия, плюрализмди ири өлкөгө киргизип, жалпы дүйнөдөгү саясий абалды өзгөрттү. Ал эми жетекчи катары баалай турган болсок ири мамлекетти таркатты.
Дагы караңыз Тарыхты өзгөрткөн инсан 90 жаштаМенин жеке көз карашымда, бул лидер катары кемчилиги болду. Бирок Горбачёв бизге окшогон мамлекеттерге тарыхта болбогон өбөлгө болду, маселелерди чечип берди. Ал - биздин эркиндигибиз.
Анын салымы менен Кыргызстан суверендүү, эркин өлкө болуп калды. Бул - биздин чоң байлыгыбыз, жетишкендигибиз.
Ушул үчүн биз Горбачёвго чоң рахмат айтып, ага ыраазы болушубуз керек.