Кошмо Штаттар Гонконгдун автономиясын жактайт

АКШ президенти Доналд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Кытай Гонконгду “өзүнө кайтарууга” аракет көрсө, санкциялар салынышы ыктымал экенин эскертти. Жекшембиде шаар полициясы демократиячыл демонстранттарга каршы күч колдонду.

24-майда карантинге карабай көчө акциясына катышкан миңдеген киши кытай бийлигинин шаардын автономиясын чектөө планына каршылыгын билдирди. Эпидемияга байланыштуу Гонконгдо тогуз кишиден көп чогулууга тыюу салынган. Полиция демонстранттарды жаш агызчу газ, суу бүркүп, кууп таркатты.

Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн Улуттук жыйыны, 22-май 2020-жыл

Жума күнү ишин баштаган Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн Улуттук жыйынынын күн тартибине Гонконгдо улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзам долбоорун кароо маселеси киргизилген. Документ Кытайдын чалгын кызматтарына аймакта иш алып баруусуна жол ачат.

Сепаратизм жана зомбулукка туруштук берүү үчүн улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам керек экенин Бээжин апрелде билдирген. Кытай былтыр жайда болгон нааразылык акциялары автономиядагы "мыйзам үстөмдүгүнө сокку урду" деп эсептейт.

Ишембиде Гонконг администрациясынын мурдагы башчысы, Кытайдын Элдик саясий кеңешүү конференциясынын вице-президенти Лян Чжэньин "сунуш кылынып жаткан мыйзам биринчи кезекте эки нерсени эске алат – Гонконгун Кытайдан эгемендикти көздөгөн көз карандысыздык кыймылы жана теракттар", - деди.

Бээжин COVID-19 илдетине каршы күрөштү да улуттук коопсуздукка камтыган.

Жекшемби күнкү сессияда сүйлөгөн Кытай тышкы иштер министри Ван И документти дароо жактырууга чакырды.

Майк Помпео. Мамлекеттик департамент, Вашингтон. 20-май 2020-жыл

Бээжиндин планы аймактын өзгөчө макамына шек келтирет жана Вашингтон менен пикир келишпестиктерди тереңдетиши ыктымал. Кошмо Штаттар Кытайды жаңы мыйзам долбоорун "таңуулагандыгы үчүн" айыптады. Мамлекеттик катчы Майк Помпео ал жобо Кытай айтып келген кеңири автономия убадасын “жер менен жексен кылат, жергиликтүү мыйзамдарга каршы келет жана жергиликтүү жашоочулардын пикирин эске алган эмес" деп билдирди.

Кытайдын бул аракетин эл аралык укук коргоочу уюмдар, чет өлкөлүк өкмөттөр жана айрым бизнес өкүлдөрү айыпташты.

24-майда Ак Үйдүн коопсуздук боюнча улуттук кеңешчиси Роберт О`Брайн Кытайдын аракеттери 1984-жылы Британия менен кол коюлган келишимди бузарын айтты.

Келишимге ылайык, 1997-жылы Гонконг өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Бээжиндин карамагына өткөндөн кийин ага кеңири автономия берүү каралган. Кытай Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкарарын, ички саясатына кийлигишпей турганын убада кылган.

"Гонконгдун саясаты тууралуу 1992-жылкы акт, Адам укуктары жана демократия тууралуу 2019-жылкы мыйзам экөө тең Мамлекеттик катчынын Гонконгдогу автономиянын сакталышын тастыктоосун талап кылат. Менимче, азыркы шартта андай болбойт, өзгөчө мыйзам өтүп кетсе, Мамлкеттик катчы Помпео тастыктай албайт. Андай болбосо, санкциялар жана башка кесепеттерге жетиши мүмкүн", - деди О`Брайн.

Гонконгдогу нааразылык акциясы. 15-сентябрь 2019-жыл

Өткөн жайда Гонконгдун бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзам кабыл алууну чечкенде шаарда массалык акциялар тутанган. Жергиликтүү администрация ошондон кийин долбоорду артка кайтарып алганы менен демонстрациялар уланып, Кытайдан көбүрөөк эркиндик алуу, кармалган активисттерди кое берүү ураандары жаңырып жатты. Бирок коронавиурс пандемиясы башталгандан бери акциялар токтоп калган.