Гольф Кыргызстанда да тамыр жаюуда
Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясынын вице-президенти, Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарынын катышуучусу Айдаралы Асанов.
Алгач оюнчу тибокс деп аталган аймактан таякчанын жардамы менен кичинекей топту чабат.
Ар бир аянтта Par 4 yards 420 , Par 5 yards 357 өңдүү жазуулар болот. Ал аралыкты канча аракет жасоо менен топту чаап уячага киргизиш керек деген көрсөтмө. Мисалы Par 4 yards 420 деген жазуусу бар аянтта 440 метр аралыкты төрт жолу чаап уячага киргизсе болот.
Эскертүү: 1 ярд = 0,9144 метр
Оюнда бир аянтта төрт оюнчуга чейин ойноп, алар өз ара атаандаштык жүргүзө алат.
Гольф чыныгы мырзалардын оюну. Ал ойлонууну, шамдагайлыкты, тактыкты талап кылат.
Тогуз аянтта толук ойноп бүтүш үчүн эки жарым саатка чейин убакыт сарпталат.
Кедди ( англ. caddy ) — гольф оюнчусунун жардамчысы. Ал спорт шаймандарын ташуу менен бирге оюнчуга кеңеш берет.
Гольф аянты жашыл майсан талаадан сырткары бак дарак, чөп, кумдуу аң, суу ж.б. тоскоолуктар менен курчалат.
Эгерде оюнчу чапкан топ аталган аймактарга түшүп калса бул "рафт" деп аталып, ал аз аракет жумшап, топту уячанын аймагына жеткирүүгө аракет кылышы керек. Топту аянттан чыгара албай, улам таякча менен чапкылаган сайын кошумча айып упайлары жазыла берет.
Оюн аянтчаларындагы акыркы чек “грин” деп аталат. Ал аймакта желек желбиреп, оюнчуларга алыстан даана көрүнүп турат. Оюнчу гринди туштап топту алыс аралыктан чаап келип, “патр” деп аталган таякча менен уячага киргизет.
Гольф кымбат спорт түрүнө кирет. Бир оюнчуга керектеле турган жабдыктардын баасы 50 миң сомдон 150 миң сомго чейин бааланат. Ага кичинекей гольф тобу, кол кап, бут кийим, таякчалар жана таякчалар салынган баштык кирет. Таякчалар драйвер, влуд, айрон, патр деп аталып, ар бири чабуу аралыгына жараша колдонулат.
Гольф оюну Кыргызстанда 2002-жылдан баштап ойноло баштаган. Ал кезде Бишкекке жакын Кара-Жыгач айылында 25 гектар аянтты ээлеген аймакка Кыргызстанда иштеген канадалык жарандар гольф аянтын куруп ойношкон экен. 2010-жылы ал аймакка “Кленовый лист” аталышында клуб түзүлүп, каалоочуларга эшигин ачкан.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясы негизделген. Ошол жылдардан тарта Кыргызстан бул спорттун түрү боюнча Азия-Тынч океан аймагынын конфедерациясына мүчөлүккө кабыл алынып, спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Кара-Жыгач айылындагы “Кленовый лист” гольф клубунда бир оюнчу бир оюн үчүн 1200 сом төлөйт. Жазында кар кетип жерге көк чыга баштагандан тартып, биринчи кар түшкөнгө чейинки мезгил гольф ойноого ылайыктуу.
Гольф 600 жыл мурда Шотландияда ойнолуп башталгандыгы тарых булактарында жазылган. 100 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык мелдештер өткөрүлүп келет. Абройлуу оюндар АКШ жана Англияда көп өткөрүлүп, аларга ышкыбоз даражасынан өткөн чебер спортчулар катыша алышат.