Нарын: аязда алтын чайкоо

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын дарыясынын жогору жагында суудан алтын чайкоо менен бүтүндөй бир айылдын эли убара. Бул эч кандай өндүрүш жок облуста акча табуунун кеңири тараган ыкмасы. Алтын чайкагандарды сөөктөн өткөн суук менен жолдун опурталдуулугу гана чочутат. Алар дарыянын тиги өйүзүнө аркан менен өтүшөт. Алтын чайкаган жерде сууктун күчү 35 градуска чейин жетет.