Кыргызстан: Туристтер үчүн улам жаңы глэмпинг жайлары сунушталууда

“Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайы. 08.7.2024.

Кыргызстандын туристтик өнөр жайы улам жаңы усулдарды өздөштүрүүдө. Алардын бири – экологиялык тең салмактуулукту эске алган заманбап “глэмпинг” өргүү жайлары. Тарыхчынын блогу.

“Глэмпинг” термини тууралуу кыска билги

Кыргызстандын туристтик өнөр жайы дүйнөдөгү экологиялык туризмге таандык жаңы ыкмаларды байсалдуу өздөштүрүп жаткандыгына быйылкы жай мезгилинде да күбө болдук.

Ала-Тоодогу туристтерди тейлөөчүлөр эми конокторго “глэмпинг” ыкмасындагы өргүү жайларын сунуш кылышууда.

“Глэмпинг” (“Glamping”) сөзү – англисче "көз жоосун алган, жаркыраган, татына" ("glamorous") жана "кемпинг" ("camping", б.а. “өргүү жайы”) сөздөрүн ширелтүү аркылуу жаратылган заманбап туристтик термин. Бул сөз Улуу Британияда 2005-жылы жаралган, деген билги (маалымат) бар. (2016-жылы "glamping" сөзү айтылуу “Оксфорд англисче сөздүгүнө” жаңы термин катары кошулган).

Арийне, “глэмпинг” ыкмасынын философиясы жана экологиялык маңызы камтылган көчмө үйлөр Евразиядагы көчмөндөр тарабынан бери дегенде биздин заманга чейинки II миң жылдыктан бери колдонулуп келген, деп айта алабыз.

Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайынын бир боз үйүнүн каалгасында "Алтай" деп жазылган. 08.07.2024.

Кыргыз кагандары, хун теңиркуттары, усун күнбийлери, түрк кагандары, монгол хаандары жана башка көчмөн элдердин өкүмдарлары дагы улам жаңы журтка көчкөн маалда өз инфратүзүмүн жаңы журттарга жана ордо жайларга дээрлик толук көчүрүп жүрүп отурушкан эмеспи.

Бул “глэмпинг” деген терминдин экинчи бөлүгү – "кемпинг" ("camping" – “жаратылышта өргүү, эс алуу”) демейде туристтерге сунушталып келген ар кандай чатырчалардан жана чакан үйлөрдөн турган өргүү жайын туюнтат.

Ал эми “глэмпинг” болсо бир эле учурда "кемпинг" сунуштаган ыңгайлуулуктарды дагы жана буга чейинки "салттуу" кемпинг менен эч байланышпаган заманбап курорттук тейлөө кызматтарын дагы камтып турат.

Бир чети, “глэмпингде” заманбап ыңгайлуулуктар сунушталса, экинчи жагынан ал жаратылыш менен камыр-жумур жашоонун тээ илгерки көчмөндөр цивилизациясына таандык болгон экологиялык шарттарын дагы камсыз кылып жаткандыгы менен айырмаланат.

Дагы караңыз Чет элдиктерди кызыктырган Керевшин керемети

Менимче, өзгөчө жайкы кыска мөөнөттүк эс алуу мезгили үчүн бул ыкма абдан омоктуу. Кыргызстандагы “глэмпинг” өргүү жайлары боз үйлөрдөн тургандыктан, улам жаңы чөлкөмдөргө көчүрүлүү үчүн дагы өтө ыңгайлуу.

XXI кылымдын башында жайкы эс алуу үчүн “глэмпинг” шарттарын издеген эл аралык туристтер үчүн Кыргызстандын жайкы туристтик жайлары дагы акыркы чейрек кылымдай мезгилде (б.а. бул англисче термин жарала электен мурдараак эле) өз тейлөө кызматтарын жигердүү сунуштай башташты.

Албетте, бардыгы шайма-шай болгон шарттарды жаратуу баскыч-баскыч менен акырындап жүзөгө ашырылууда.

Дагы караңыз Ысык-Көл: эс алуу жайларындагы саркынды суу көйгөйү

Мисалы, кээ бир жерлерде боз үйлөрдөн турган өргүү жайлары кардарларын электр жарыгы, үй жылыткыч, ал түгүл сауна менен камсыз кылышса, “глэмпинг” шарттарын сунуштаган айрым өргүү жайларынын ээлери объективдүү шарттардын айынан өз кардарларына вай-фай сунуштай албай калган учурлар дагы бар.

Бул – эң бийик тоолуу өрөөндөрүнүн бир катар аймактарына интернет байланышы жеткириле электигинен улам болууда.

Маселен, Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Кочкор районуна караштуу аймакта “Эделвейс Журт Кэмп” (Edelweiss Yurt Camp) өргүү жайы жайгашкан. Анын боз үйлөрү жакшы жылытылат. Атайын бир боз үй ашкана катары бөлүнгөн жана ал мыкты жасалгаланган.

Бул жайкы турист жайынын ээлери – Мурат Касымбек уулу Жунушов жана анын жубайы Анара айым. Алар туристтер үчүн зарыл айрым товарларды сунуштаган дүкөнчө да ачып алышкан.

Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы “Эделвейс Журт Кэмп” (Edelweiss Yurt Camp) өргүү жайынын ээлери – Мурат Касымбек уулу Жунушов жана анын жубайы Анара. 06.7.2024.

“Эделвейс Журт Кэмп” (“Edelweiss Yurt Camp”) өргүү жайынын бир гана өксүгү – бул аймакта (жана жалпы эле Соң-Көлдүн жээкке жакын бөлүгүндө) уюкфон жана интернет байланышынын жоктугу.

Кайсы бир алысыраак, бийигирээк дөңсөөгө чыгып гана маал-маалы менен уюкфондон байланышууга болот дешти.

Бул өксүктү Кыргызстандын байланыш жана туризм жаатындагы мекемелери гана чече алышы мүмкүн. Ал эми Соң-Көлгө жана башка бийик тоолуу жайлоолорго самсыган жайкы туристтерди татыктуу тосуп алуу үчүн оор шартта да мээнет кылып жаткан мекендештерибизге алкыш гана айта алабыз.

Чынында да жасалма жандоочу (сателлит) аркылуу интернетке байланышуу мүмкүнчүлүгү жайлоолордогу туристтерди тейлөөчүлөр үчүн азырынча кымбатка турат. Илон Маск сыяктуу байлар кылым башында сунуштаган жалпы дүйнөлүк арзан интернет байланышы жаатындагы технологияларды колдонуу бийик жайлоолордогу калайык үчүн азырынча фантастикадай сезилет.

Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы “Эделвейс Журт Кэмп” өргүү жайы – Кыргызстандагы глэмпинг турист жайларынын бири. 07.7.2024.

Ошого карабастан, Ала-Тоодогу “глэмпинг” ыкмасындагы өргүү жайларынын инфратүзүмү мүмкүн болушунча кеңейтилип келет.

Быйыл, башканы айтпаганда, тоолуу Нарын облусундагы өзүбүз күбө болгон туристтик өргүү жайларын мисал кылып, жайкы туризм шарттары 1990-жылдардагыдан асман менен жердей айырмалуу тездеп өнүгүп жатканын байкадык.

Туристтерди тейлөөчүлөр күн нурунун кубатын топтоп, өргүү жайын түнү менен жарыктандыруу мүмкүнчүлүгүн колдонуп жаткандыгына кубандык. Албетте, газ колдонуу да арбыган экен. Мурдагыдай тезек же көмүр жагып убара болууга караганда, газ колдонгон ашпоздордун иши алда канча жеңилдептир.

(Туристтерди тейлөөчүлөр кээде тоо өрөөнүнөн жакага түшүп барып, газ челегин таба албай кайткан учурлар дагы болуп жаткандыгын айтып, нааразыланышты. Чүйдөгү газ жабдуучулар Орусиядан пропан газ келбей, эми күнүмдүк турмуш үчүн керектүү газ челектери Өзбекстандан маалкатуу менен ташылып келип жаткандыгын бизге айтышты).

Албетте, болочокто тоо өзөнүндө кичи ГЭСтерди куруу жана колдонуу жааты өнүксө, анда туристтерди тейлөөчүлөр үчүн кошумча жагымдуу шарттар түзүлүшү ыктымал.

Биз күбө болгон туристтик жайлардын бири – Таш-Рабат кербен сарайынан түндүгүрөөктө бир чакырымдай узактыкта жайгашкан “Журт кэмп” (“Yurt Camp”) аттуу глэмпинг туристтик өргүү жайы. Анын аймагында туристтерге сауна да сунушталат экен.

Сабырбек Айылчиев мырза өзү ээлик кылган “Журт кэмп” (“Yurt Camp”) аттуу глэмпинг туристтик өргүү жайында. Ал Таш-Рабат кербен сарайынын түндүк тарабында жайгашкан. 07.7.2024.

Биздин көз алдыбызда эле жапондук бир турист айым бул өргүү жайынын ээси Сабырбек Айылчиев мырзадан саунага кирүү шарттары жөнүндө англис тилинде билги (маалымат) алды. 1957-жылы туулган жана мурда Ат-Башы районунун Кара-Суу кыштагында 40 жылдай математика мугалими болгон Сабырбек мырза эми туристтерди дурус кабыл алуу үчүн француз жана испан тилдерин да үйрөнүүгө белсенгендигин айтты.

Мен Түркияда жана Италияда курорт жайларда эс алуу үйлөрүнүн элпек кожоюндары бир учурда бир нече тилде сүйлөгөн кезеңдерди эстедим.

Демек, биздин туристтерди тейлөөчүлөрүбүз да “текебердик аттан жерге түшүп” келип, базар экономикасынын шартында туристтерге астейдил тейлөө кызматын сунуштоо үчүн полиглот болууга ыктыярдуу умтула башташкан экен.

Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (“As a Nomad”) өргүү жайы Нарын районунун “Эмгекчил” айылынын аймагында жайгашкан. Бул өргүү жайдын жетекчиси – Рамис Байсейитов мырза.

Жакында биз курсташтарыбыз болуп бул жайда ыракаттанып түнөдүк. Андагы боз үйлөрдө ысык суусу бар чайканма бөлмө, вай-фай, үй жылыткыч, электр жарыгы, электр чайнеги сыяктуу шарттар туристтерди күтүп турат. Албетте, чоң топ болуп баргандыгыбыз үчүн Рамис мырза коно турган жайларыбызды бизге саал арзаныраак сунуштады.

Болбосо ал өргүү жайы киши башына 2 миң сомдон жогору чыгышы мүмкүн. Бул акча айрымдарга кымбат көрүнүшү мүмкүн, бирок Европадагы эс алуу жайларындагыга салыштырмалуу өтө арзан.

Нарын шаарынын түндүк-батыш кире беришиндеги “Көчмөн сыяктуу” (As a Nomad) өргүү жайынын ашканасы. 08.07.2024.

Тоолуктарды ардактоо тууралуу учкай кеп

Бийик тоолуу шартта ысык-суукка кайыл болуп эмгектенип жаткан башка да элеттиктер бар.

Сапардаштарым азыркы тапта тоо туризми улам өнүгүп жаткан кырдаалда бир жагдайды эске салышты.

Бардык эле малчылар тоо туризмине ыңгайлаша элек. Алардын башкы милдети – малчылык. Туристтерди ургаалдуу тоскон өргүү жайларынын ээлери кайсы бир деңгээлде өз укуктарын жана милдеттерин жана базар экономикасынын талаптарын билишет. Алар үчүн кээде семинарлар да өтүп турат.

Ал эми айрым чет элдик туристтерди жолдоочулар (гиддер) Соң-Көлдө (жана башка жайлоолордо деле) мындай атайын өргүү жайларын кыйгап өтүп, карапайым меймандос малчылардыкына баш баккан учурлар арбын болот экен.

Дагы караңыз Солтон-Сары – жалпы адамзаттын да көйгөйү

Ошондой окуялардын айрымдарын бизге айтып беришти.

Бир жолдоочу жигит капыстан жааган нөшөр маалында жоон топ чет элдик конокторду бир малчынын боз үйүнө алып келген экен.

Үйдөгү келин бул чакырылбаган конокторду сүттүү чай, май, кыям, нан, таттуу-паттуу, мөмө-жемиш жайнатып тосуп алат. Анан дасторкондо каалашынча майкандаган соң, кетип бара жаткан коноктордун бири берешендик кылып боз үйдөгү тестиер балага эки даана банан сунуштаптыр. Жолдоочу (гид) да билмексен болуп кете бериптир.

Эми элеттеги базардан алда канча алыс турган малчы кыргыздын меймандостугун көрсөткөндүгү үчүн чечекейибиз чеч боло сүйүнүшүбүз мүмкүн. Бирок капысынан келип, дасторконду майкандап, анан эч нерсе төлөбөй узап кеткендик – дүйнөлүк туристтик адеп-ахлакка деле сыйбаса керек.

Батыш Европада кээде эч нерсе албай, чай ичсең, бери дегенде 3–5 эвро акча төлөйсүз. Малчылар капысынан келген коноктордон асмандын башындагы акча талап кылышпаса дагы өз азык-түлүгүнүн жана тейлөөсүнүн наркына ылайык төлөм суроого үйрөнүшү керек. Ал эми жергиликтүү жолдоочулар өз коногунун укуктарын гана эмес, милдеттерин да эске алышы абзел.

Албетте, мындай жосунсуз жоруктар аз учурашы мүмкүн, бирок алигиче учурап жатат.

Соң-Көлдүн түндүк-чыгышындагы “Эделвейс Журт Кэмп” өргүү жайы. Анын ээлери – Мурат Касымбек уулу Жунушов жана анын жубайы Анара. 06.7.2024.

Тоо туризми – келечектүү ишкердик түрү

Жалпысынан, тоо туризмин өнүктүрүүнүн келечеги бар экендигине ынандык.

Анын көйгөйлөрүн жалаң гана электр, уюкфон байланышы, электр кубаты менен чектеп кароого болбойт.

Дагы караңыз Ценгел жана Тамга-Таш: сүрөт баян

Баткен шаарынын батыш тарабындагы Кара-Тоодо Тамга-Таш деген жердеги аска сүрөттөрүн, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Тамга-Таш жергесиндеги бутпарастык таш жазма эстелигин, Чүйдөгү мурдагы Суйаб шаарынын орду болгон Ак-Бешим шаар чалдыбарын, Кочкордогу орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарынын чыгышыраагындагы жер астындагы кара кытайлык көрүстөндүн калдыгын, Соң-Көлдөгү “Манастын таш тулгасы” деп аталган жайды, Ак-Талаадагы Атантай менен Тайдактын күмбөзү турган жайды, Өзгөндөгү Шоро-Башат шаар чалдыбарын, Аксыдагы Боспиек (Бозбу-Бийик) айкелин жана Сузакка жакын Сампадагы эстеликти жана башка таберик жайларды кыдырган чагымда, алардын жанында эч кандай заманбап ажаткана, туристтик тейлөө орду жоктугуна күбө болдум.

Дагы караңыз Rest Point: ажатканага байланган туризм жана ага корогон акча

Ал эми Ак-Талаадан Орто-Сырт жайлоосу аркылуу Таш-Рабатка өткөндө жол азабын кыйла тарттык. Бир аз өткүн өтсө эле, автоунаалар тыгылып калат экен.

Кочкордон Соң-Көлгө жана Бишкек-Торугарт кан жолунан Таш-Рабатка карай кетчү автоунаа жолдорун асфальттап коюшса, туристтерге эле эмес, жергиликтүү калайыкка да зор утуш болмок.

Дагы караңыз Баба мурасын жана экологияны сактоо үчүн эрк менен дил... эч импорттолбойт

Балким, бийликтерде бул жаатта атайын долбоорлор деле бардыр. Биз бул көйгөйлөрдү карапайым жолоочунун көзү менен баянлап жатабыз.

Кинорежиссёр Руслан Акундун соңку тасмаларынын биринин ("Бейиш эненин таманында" тасмасынын) соңунда жазылгандай, Атажуртубуз – “Бейиштей болгон Кыргызстан”. Аны тоо туризми аркылуу да өнүктүрүүгө болот. Бул жаатта “глэмпинг” ыкмасындагы заманбап өргүү жайлары да өз салымдарын кошуп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.