Цолманн кыргыз-казакты кымыз менен коноктоду

Ханц Цолманн учурашкандан кийин эле дароо кымыз куйду.

Германиядан кымыз ичебиз деп түк ойлогон эмеспиз. Бул өлкөнүн Хейделберг шаарынын жанындагы Мүлбенн айылында бээ байлашат экен дегенди укканда чынында таң калдык. Болгондо да кыргыз же казак эмес, чылгый немис үй-бүлөсү.

Алар жыл сайын май айында кымыз фестивалын өткөрүп турушат экен. Бул жолкусуна насип буйруп барып калдык.

Чарба ээси Ханц Цолманн мырза бизге адегенде эле кымыз куйду. Муну биз көчмөн элдин коноктун ал-жайын сурагандан мурда суусун сунган салты жуккан го деп жорудук.

Туткундун табылгасы

Бул ферма куралганына алтымыш жылга чукулдаптыр. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда немис жоокери Рудольф Шторк советтик аскерлердин туткунуна түшүп, Казакстандагы түрмөлөрдүн бирине камалат. Катуу ооруганда бошотулуп, өмүр-өлүм арасында калганда аны казак үй-бүлө кымыз менен айыктырат. Ошондо эле Шторк мырза Германияга кайтканда бээ байлайм деп сөз берип, ишти 1959-жылдан баштайт.

Рудольф Шторктун ишин азыр кызы Гудрун Цолманн күйөөсү Ханц жана балдары менен улантып келе жатат.

Алар алтымыш жылдык тарыхында кыйла эле кыйын жолду басып өткөн. Жылкынын этин жемек турсун сүтүн татпаган немис коомуна, демек, жылкыдан өндүрүлгөн азыктар менен немис базарына кирүү оор болгон. Чарбанын кожоюну, кичипейил, меймандос Ханц Цолманн кымыз тууралуу буларга токтолду:

- Урматтуу биздин коноктор! Кош келипсиздер! Келгениңиздерге абдан кубанычтамын. Биздин чарбабызда Орто Азия аймагында, тагыраагы Казакстан, Кыргызстанда, Түндүктөн Сибирде, Монголияда улуттук суусундук саналган кымыз ачытылат. Бул улуттук суусундукту өндүрүү ыкмасын Европага алып келип эле тим болбостон, ошол улуттардын каада-салтын жергиликтүү жашоочуларга айтып берүү да биз үчүн абдан маанилүү.

Бээ саан.

Үй-бүлөнүн жалпы жылкысы 400 чамалуу. Анын 200ү саан бээлер. Алар күнүнө үч ирет компьютерлештирилген машине менен саалат. Саанчы бирөө гана. Ал бардык процессти башкарат. Канчалык иш көптүгүнө карабай тазалыкты такай сактап турарына да күбө болдук.

Телеберүүбүздү толугу менен бул жерден көрүңүз:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кымыз уулап Германияга келгиле

Бээнин сүтү, кымыздан косметикалар

Цолманндардын Германияда бир нече дүкөндөрү бар. Анда бээнин сүтүнөн жана кымыздан косметикалык каражаттар: самын, шампунь, бет майдын түрлөрү жасалат.

Кымыздан жасалган бет май.

Албетте атайын сайты да бар. Ал жакта өндүрүлгөн азыктар эле эмес, жылкынын өзү да сатыкка коюлган. Маселен, андан кулун-тайлардын баасы 800-900 евродон башталарын көрүүгө болот. Мунун баары менен таанышып, Цолманндардын үй-бүлөсү алтымыш жылдык тарыхында бээнин сүтүнөн түрдүү азыктарды өндүрүүнү базар экономикасына дыкат шайкеш келтиргенин баамдадык.

Тарыхта айтылгандай, 5,5 миң жыл мурда же тээ байыртан бери кымыз жасап келаткан борборазиялыктар азыр өндүрүштү мына ушундай жолго койсо неге болбосун?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.