Германия: Меркелдин партиясы биринчи келди

Ангела Меркелдин шайлоонун алдын ала жыйынтыктарынан кийинки тарапкерлерине кайрылуусу, 24-сентябрь.

Германиядагы парламенттик шайлоодо канцлер Ангела Меркел жетектеген саясий биримдик биринчи орунга чыкты. Ашкере-оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясы биринчи жолу Бундестагга кирди.

Германияны 12 жылдан бери башкарып келе жаткан Ангела Меркелдин саясий биримдиги бул ирет да биринчиликти камсыз кылды. Канцлердин Христиан-демократтар партиясы шайлоого Бавариянын Христиан-социалдык партиясы менен чогуу катышып, добуштардын 33 пайыздайын алды.

Меркелдин бул шайлоодогу негизги атаандашы Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы добуштардын 20-21 пайызына ээ болду.

Исламга, миграцияга, Евробиримдикке каршы кескин чакырыктары менен белгилүү "Германия үчүн альтернатива" партиясы 13,5 пайыздык добуш топтоп, парламенттеги үчүнчү ири партияга айланды. Ошондой эле соңку 60 жылда Бундестагга кирген алгачкы ашкере-оңчул партия болуп калды.

Ангела Меркел Берлинде тарапкерлерине кайрылуусунда мындай жакшыраак жыйынтык күткөнүн жашырган жок. Ошентсе ал шайлоонун жыйынтыгын кубаттап, ашкере улутчулдардын маселесине да токтолду:

- Биз эң күчтүү партиябыз. Бизде өкмөттү түзүүгө мандат бар. Бизге каршы эч бир топ жок. Албетте, чоң сыноого туш болдук. "Германия үчүн альтернатива" партиясы парламентке кирди. Биз терең анализ жүргүзөбүз. Себеби биз маселелерди чечүү, шайлоочулардын тынчсызданууларына, коркууларына кулак салуу, эң башкысы жакшы саясат жүргүзүү менен аталган партиянын добуштарын кайра утуп алууну каалайбыз.

"Германия үчүн альтернатива" партиясы Европага, анын ичинде Германияга качкындар менен мигранттардын агымы күчөгөн маалда эл арасында колдоого ээ боло баштаган. Парламенттик шайлоо өнөктүгүндө христиан-демократтар да, социал-демократтар да бул партияга каршы ураан чакырышкан.

Немис тышкы иштер министри Зигмар Габриэл Дүйнөлүк экинчи согуштан бери биринчи жолу "нацисттер" парламентке келгенин айтты.

Деген менен улутчул саясат Германияга пайда алып келерине ишенген бул партиянын негизги талапкери Алис Вейдел убадаларды аткарууга мезгил келгенин билдирди:

- Германия үчүн альтернатива" партиясы шайлоо программасынын, позициясынын жана бизге ишенген адамдардын жардамы менен шайланып келди. Биздин кыла турган биринчи иш - бул биздин биринчи убадабызды аткаруу. Биз Ангела Меркелди иликтөө комитетин түзүү демилгесин көтөрөбүз.

Шайлоо жыйынтыгы чыгаар алдында Берлинде "Германия үчүн альтернатива" партиясына каршы нааразылык акциясы өттү.

Экзитполдун жыйынтыгы боюнча, дагы үч партия - Эркин демократиялык партия 10,5%, Жашылдар партиясы 9,5%, Солчулдар партиясы 9% добуш топтошуп, 5 пайыздык босого чектен өтүштү.

Эми төртүнчү канцлердик мөөнөткө кирише турган Ангела Меркелдин алдында жаңы коалиция түзүп, өкмөттү куроо милдети бар. Эксперттер коалиция куроо оңой болбостугун айтып жатышат.

Себеби 2013-жылдагы шайлоодон кийин парламенттик коалицияга кошулган Социал-демократтар партиясы оппозицияга кетерин жарыялады. Бул тууралуу партиянын лидери Мартин Шульц шайлоо жыйынтыктарынан кийин тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып билдирди. Ал ошондой эле ашкере-оңчулдардын ийгилигине тынчсызданаарын айтты:

- "Германия үчүн альтернативанын" күчү баарыбызды түйшөлттү. Немис парламентине биринчи жолу ашкере-оңчул партия күчтүү позицияда келип жатат. Бул - бурулуш учур, аны эч бир демократ кабыл ала албайт. Миллион качкынды кабыл алуу биздин өлкөбүздү бөлүп-жарууну улантууда.

Германиядагы парламенттик шайлоо Европа Биримдигинин келечеги үчүн да маанилүү шайлоо деп каралган. Британия уюмдан чыгууну чечкенден кийин евроинтеграцияга каршы пикирлер чөлкөмдө талкуу жаратып жаткан эле. Бирок Францияда Евробиримдикти жактаган Эммануэл Макрондун президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Германияда уюмдун кыймылдаткыч күчү саналган Ангела Меркел да бийлигин сактап калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.