1989: Берлин дубалы Улуу Кытай дубалынан алда канча тез кулады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Берлин дубалы 1989-жылы кулаган.

“Кансыз согуш” маалындагы Берлин дубалынын (1961-1989) кулашынын 30 жылдыгына карата тарыхчынын блогу.

Адамзат тарыхында обочолонуунун өрнөгү катары эки дубал эсте калды. Бири – Евразиянын чыгышындагы көөнө Улуу Кытай дубалы. Экинчиси – Евразиянын батышындагы соңку жаңы доордогу Берлин дубалы.

Улуу Кытай дубалынын изи азыр да сакталган

Чыгыштагы дыйканчылык цивилизациясынын алгачкы очогу болгон Кытай мамлекети б.з.ч. III кылымда, айтылуу император Цин Шихуандинин тушунда, түндүктөгү көчмөндөр цивилизациясынын (байыркы кытайлыктар үчүн “варварлардын”) өкүлдөрү болгон хундардын мамлекетинин аскердик жортуулдарынан туруктуу коргонуу максатында Иньшань тоолорун бойлой Улуу Кытай дубалын (чыгыштан батышка дээрлик 21,2 миң чакырымга созулган сепилди) четинен курдура баштаган.

Улуу Кытай дубалынын Бээжинге жакын бөлүгү. 18.11.2009.

Учурунда аскердик мааниси чоң болгон бул дубал бир эле учурда тынч жол менен өнүккөн чарбалык, соода, дипломатиялык, чек аралаш карым-катнаштык мамилелерди, - акыры, Улуу Жибек жолунун чыгыш бутактарын дагы, - өрчүтүү үчүн атайын дарбазаларга да ээ болгонун баса белгилөө абзел.

Түндүктөгү далай ханзу эмес этностордун өкүлдөрү Кытайды басып алып, бирок ак сөөктөрү бара-бара кытайлашып кеткен кезеңдерди нечен ирет баштан кечирген бул Улуу Кытай дубалы 2200 жылдан ашуун тарыхында ири мамлекеттин ичкерисиндеги урандыларга айланды. Байыркы Хан сулалесинин тушунда негизинен курулуп бүткөн, айрым бөлүктөрү Мин сулалесинин (1368—1644) доорунда толукталган бул дубалдын калдыктары азыркы тапта жалпы адамзат тарыхы үчүн гана эмес, эл аралык жана ички туризм үчүн дагы өтө баалуу болгон көөнөргүс маданий-архитектуралык эстеликтердин бири.

Европанын чордонундагы “Шерменделик дубалы”

Соңку жаңы тарыхта “Берлин дубалы” (Berliner Mauer) деп аталып калган коргонуу маанисиндеги курулуш Берлин шаарын 1961-жылдын 13-августунан 1989-жылдын 9-ноябрына чейин бөлүп турган.

Берлин дубалынын картасы.

Бул коргонуу дубалы социалисттик ГДРдин байтактысы катары кызмат кылган шаардын чыгыш бөлүгүн көп партиялуулук, базар экономикасы, либерал турмуш өкүм сүргөн Батыш Берлинден гана жиктебестен, бир эле учурда Батыш Берлинди ГДРдин жалпы аймагынан да обочо бөлүп салган.

Анын жалпы узундугу 155 чакырымды түзгөн (Берлиндин ичинде болсо анын узундугу 43,1 чакырымдай болгон).

Албетте, “Кансыз согуштун” Чыгыш Германиядагы баррикадасындагы коммунисттер үчүн бул инженердик коргонуу курулушу “антифашисттик коргонуу дубалы” деген сыймыктуу идеологиялык аталышка ээ болгонунун себеби түшүнүктүү.

Берлин дубалынын түзүлүш чиймеси.

Бир чети, ГДР бийлиги Батыш Берлиндеги жана ФРГдагы системаны “буржуазиялык” деп жектеп, экинчи чети, “Батыш Германияны кубалап жетүү жана ашып өтүү” сыяктуу колу жетпеген ураандарды чакырып жатты.

Ал эми ГДРдеги режимдин Батыштагы атаандаштары болсо бир элди идеологиялык жактан жана чек ара катары экиге бөлүп салган Берлиндеги бул курулушту “Шерменделик дубалы” (Schandmauer) деп жектешкен.

Бул дубалдын тарыхында Батыш Берлинден Чыгышка качкандар эмес, Чыгыш Берлинден Батышка качкандар абсолюттук басымдуу көпчүлүктү түзгөн. Ошондуктан курулуштун өзү чыгыш жактан батышка өткүсү келгендерге тоскоолдук кылуу максатында түзүлгөн деп түшүнсөк чындыкка ылайык.

Айрым чек арачылар Батышка качкысы келгендер менен тымызын келишип албасын үчүн, чек арачыларга кайсы жакка ким менен чогуу күзөткө тураары эң соңку маалда гана айтылган. Чыгыш германдык коопсуздук кызматынын (“Штази”) кызматкерлери чек арачыларды кылдат көзөмөлдөп турушкан.

Жалпысынан, 125 киши дубалдан Батышка өтүү далаалаты маалында өлтүрүлгөн. Мындай качуулар 5075 жолу ийгиликтүү жүзөгө ашкан. Анын ичинде 574 киши дезертирлик кылган. Мурдагы “Штазинин” архивинен XXI кылымдын башында табылган 1973-жылдын 1-октябрындагы буйрукта батышка качууга аракеттенгендерди кары-жашына карабай атып салуу тууралуу пункт да болгону маалымдалды.

Петер Фехтер дубалынан мыйзамсыз өтөөрдө ок жеп, ГДРдин ооруканасында көз жумган. 17.8.1962.

Ошентип, бул “Шерменделик дубалы” тоталитардык Чыгыш Германиянын атуулдарынын эркин Батыш Германияга өтүүсүнө бөгөт аргасы катары кызмат кылганы айгинеленет.

Берлин дубалы кулаар алдындагы Евразиядагы кырдаал

1989-жылы Советтер Биримдигинде “Кайра куруулар” доорунун соңку баскычы жүрүп жатты. Орусия коому кыйла либералдаша баштады.

Мурда “белгисиз жумурият” деп келекеге айланып келген советтик Кыргызстандын коомчулугу да баш көтөрүп, тээ 1930-жылдардагы сталиндик режимден запкы чеккен чыгаан кыргыз атуулдарынын айрымдары дал ошол 1989-жылдын башынан тартып четинен актала баштады. “Ашар” кыймылы жана башка коммунисттик эмес эркин уюмдар түзүлүп, авторитардык режимди сындай башташты; ал эми ошол жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мурда кулак уккус окуя болду: кыргыз тили бул жумуриятта жападан-жалгыз мамлекеттик тил деп жарыяланды (орус тилине этностор аралык баарлашуу тили деген көмөкчү ролду гана беришти).

СССРге 1940-жылы каратылган Балтия өлкөлөрүнүн калктары да 1988-89-жылдары бууракандап толкундап жатышты: алар СССРден чыгууну талап кылган ураандар чакырган кубаттуу коомдук-саясий бирикмелерди, элдик майдандарды түзүштү жана Молотов-Риббентроп пактынын жашыруун протоколун жарыялоону СССР өкмөтүнөн талап кылышты.

Тадеуш Мазовецкий (солдо боз костюмчан) "Солидарност" кыймылынын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен. Варшава. 17.4.1989.

Ушундай эле талап менен чыккан Польшада эл 1989-жылы июндагы парламенттик шайлоодо антикоммунисттик “Солидарност” кыймылынын өкүлдөрүн басымдуу көпчүлүктү түзгөндөй катышта шайлады (алар Сенатта дээрлик 99 пайыз, Сеймде 35 пайыз орунга ээ болушту), ал эми 24-августта “Солидарност” кыймылынын жетекчилигинин өкүлү Тадеуш Мазовецкий (Tadeusz Mazowiecki) мыйзамдуу түрдө Польша Элдик Республикасынын алгачкы коммунист эмес өкмөт башчысы болуп калды.

Эгерде мындай окуялар Леонид Брежневдин тушунда болгон болсо, анда, балким, ал “Варшава келишимине” кирген жандоочу өлкөлөрдүн аскерин киргиздик деп шылтоолоп, Советтик армиянын ат тизгинин Варшавага карай бурмак (Чехословакиядагы реформачы коммунисттер 1968-жылы августта советтик аскердик баскынчылык аркылуу жазаланган эмеспи).

Бирок СССРдин реформачы лидери, КПСС Борбордук Комитетинин Башкы катчысы Михаил Горбачев 1985-жылы бийликке келип жатып берген убадасына бекем турду. Ал жылы Горбачев үзөңгүлөш өлкөлөрдүн ички иштерине эч кийлигишпей тургандыгын айткан болчу. Ошентип, жаңы кырдаалда, 1989-жылы, Польша коммунисттик Кремлдин аскердик кысымынан аман калды.

Тээ 1956-жылы Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн, өзгөчө СССРдин танктары басып кирген Венгрия да 1989-жылы терең өзгөрүүлөрдү баштан кечирди. Бул жылы 2-майда Венгрия капиталисттик Австрия тарабындагы чек ара курулуштарын бир тараптуу бузуп кирди. 27-июнда болсо Австриянын тышкы иштер министри Алоиз Мок менен венгр (мажар) тышкы иштер министри Дйула Хорн эски Братислава кан жолундагы Санкт-Маргаретен жана Шопронкёхида кыштактарынын аралыгындагы австриялык-венгр чек арасында жолугуп, символдук түрдө чек ара тосмосун кесип, эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый достукту жана ынтымакты баса белгилешкен.

Дал ушул чек ара бекетинде ошол 1989-жылы 19-августта чоң окуя болду. Тарыхта “жалпы европалык пикник” (немисче Paneuropäisches Picknick, мажарча Páneurópai piknik) атка конгон бул иш-чара маалында австриялык жана мажардык тургундар тынч достук жыйын өткөрүштү жана эки өлкөнүн бийликтери чек араны 3 сааттай убакытка ачып салышты. Бул удулдан пайдаланып, Мажарстанга келген ГДРдин 600дөй тургуну Австрияга ээн-эркин өтүп, андан ары ФРГнын аймагына качып өтүшкөн.

Чехословакиянын борбору Прага шаарындагы ФРГнын элчилигине жабылып келген жана Батышка виза алууга талаптанган ГДРдин бир катар атуулдары поюздун жабык вагондоруна салынып, кайра ГДРге алынып келген учурлар да катталды.

Ал эми 1989-жылы 9-октябрда ГДРдин Лейпциг шаарында бийликтеги Германия Социалисттик Бирдиктүү партиясынын (ГСБП) режимине каршы 70 миңдей киши катышкан тынч нааразылык демонстрациясы өттү. Бийликтер мурдагысындай аёосуз жазалоо усулун колдонууга даашпады.

Бул окуяга шерденген чыгыш германдык атуулдар башка аймактарда да нааразылык жыйындарды башташты. Акыры 18-октябрда ГСБПнын Башкы катчысы, оорукчан Эрих Хонеккер (ал ГДРдин бийликтеги партиясын 1971-жылдан бери жетектеп келген жанга Л.Брежневдин учурунда, 1982-жылы, Советтер Союзунун Баатыры наамын алган) өз кызматынан чегинүүгө аргасыз болду.

4-ноябрда Чыгыш Берлинде адам укуктарын, сөз жана басма сөз эркиндигин талап кылган массалык жыйындар өттү, аларды өткөрүүгө бийлик уруксат берди.

Булардын бардыгы 9-ноябрдагы окуялардын алдындагы социалисттик лагердеги жана ГДРдеги саясий турмуштагы олуттуу өзгөрүүлөр эле.

Берлин дубалын эл өзү жыкты

Ошол күн да келип жетти. Берлин дубалынын кулашынын күнү, 9-ноябр күнү...

Далай кишинин өмүрү кыйылган бул “Кансыз согуштун” дубалы ошол күнү кечте бир заматта быт-чыт болду.

Берлин дубалынын Бранденбург дарбазасынын жанындагы бөлүгү. 1989-ж.

Ошол күнү кечинде саат 19:34тө сыналгы аркылуу уюштурулган маалымат жыйыны маалында ГДР өкмөтүнүн өкүлү Гүнтер Шабовски өлкөдөгү чет жакка чыгуу жол-жоболору өзгөрүп жаткандыгын маалымдады. Жаңы чечимге ылайык, ГДРдин атуулдары эми Батыш Берлин менен ФРГнын аймагына визаны эч маалкатпастан дароо алуу үчүн тийешелүү мекемелерге кайрыла алышмак.

Бул кабарды угаар замат, алиги мекемелердин кийинки күнү ачылышын күтүп отурбастан, ГДРдин жүз миңдеген тургундары жабалактап Берлиндеги чек ара бекеттерине агылышты. Аларды токтотууга курулай далбастаган чек арачыларды сүрүп салып, бул тургундар Батыш Берлинге карай өтүп кетишти.

Кийинки 3 күндүн ичинде Батыш Берлинге 3 миллиондой чыгыш германдык тургундар тоскоолсуз кирип келишкен. Батыштагы немистер да эч тоскоолсуз Чыгыш Берлинге өтүп, саякат кылышты.

Берлин дубалы, ошентип, идеологиялык, моралдык-саясий жактан жана коопсуздук сепили катары бөгөт болуудан калды.

"Кош бол, Ленин!" тасмасынын көрнөгү.

Режиссёр Волфганг Беккердин 2003-жылы чыккан “Кош бол, Ленин!” («Гуд бай, Ленин!»; Good Bye, Lenin!) аттуу трагикомедиялык тасмасы дал ошол бурулуш доорду көркөм чагылдырат.

Кийинки, 1990-жылы октябрда ГДР менен ФРГ ыктыярдуу түрдө кайра биригишти да, бир нече айдын ичинде ордо шаардагы жана өлкөнүн башка жактарынан келген калайык Берлин дубалын ойрон кылды (анын анча-мынча бөлүгү гана тарыхый эстелик катары сакталып калды).

(Көп узабай, 1989-жылы Чехословакияда жалпы элдик нааразылык жыйындары бул өлкөдөгү коммунисттик режимди ойрон кылган. Улуу толкун улам башка европалык социалисттик жумурияттардагы режимдерди жыга баштаган).

Берлин дубалынын изи – тарыхый эстутумда

Быйыл, дал ушул тарыхый күндөн, 9-ноябрдан тартып, Берлиндин Александер-плац аянтында, Бранденбург дарбазасынын жанында жана башка жерлерде бир нече күн бою шаан-шөкөттөр өткөрүлүүдө.

Немистер жана борбордук европалыктар Берлин дубалынын тынч жол менен кулашынын 30 жылдык мааракесин шаңдуу белгилеп жатышат. Бул – коммунисттик режимдердин Европада чет-четинен кулашынын мааракеси катары да каралса болот.

Герман президенти Франк-Валтер Штайнмайер, венгр президенти Йанош Адер, поляк президенти Андржей Дуда, словак президенти Зузана Капутова жана чех президенти Милош Земан Берлин дубалынын ойрон болушунун 30 жылдыгын белгилешти. Бернауэр-штрассе көчөсү, Берлин. 09.11.2019.

Улуу Кытай дубалы сыяктуу эле, Берлин дубалы да тарых чаңдарында калды. Эки дубал тең адамзатка ар кандай бөгөттөрдөн алыс болуунун, жалпы адамзаттык орток баалуулуктар үчүн биригүүнүн зарылдыгын эскертип турат.

Бүгүнкү Кытай “Бир алкак жана бир жол” (带一路) доктринасы аркылуу Улуу Жибек жолунун жана Улуу деңиз жолунун гумандуу өзгөчөлүктөрүн жаңы шартта калыбына келтирүүгө чакырууда. Эми, ушул чакырыкка ылайык, КЭРдин ШУАР аймагында да 2017-жылдан тартып саал токтоп калган демократиялаштыруу жүрүмү кайрадан уланат ко, мындагы абактарда кармалган жергиликтүү айдыңдар тез арада боштондукка чыгарылат ко деген үмүттөбүз.

Ал эми азыркы Германия Европа Биримдигин түптөөдөгү негизги шериктердин бири катары Батыш жана Борбордук Европада демократиялуу, либерал, базар экономикасына негизденген мамлекеттер ынтымагын жаңыча ширетүүгө үлгүрдү.

Кытайлык жаш айымдар Леонид Брежнев менен Эрих Хонеккердин өбүшкөн сүрөтүн азил катары тууроодо. Берлин дубалынын калдыгынын жаны. Берлин. 03.10.2012.

Евразиядагы бул жаңы илгерилөө да байыркы Улуу Кытай дубалынын жана соңку жаңы доордогу Берлин дубалынын кулашынын тарыхый сабактарына жатат деп эсептейбиз.

(Айрымдар Евразиянын батыш чегин саясий жактан КМШ өлкөлөрү менен, чыгышында Кытай менен чектегиси келет, бирок биздин түшүнүгүбүздө цивилизация очоктору өз ара тогошкон Евразияга Батыш Европа менен Жапония да кирүүгө тийиш).

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Европаны бириктирген күн

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.