«Талибан» бизди тирүү койбойт". Германиядагы оогандар депортациядан коркушат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Август айында Германиянын Золинген шаарындагы кол салуудан кийин Берлин 2021-жылы «Талибан» кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу ооган жарандарын депортациялай турганын жарыялаган. Бул кадам немис жеринде жашаган оогандарды дүрбөлөңгө салды. Алардын көбү немис өкмөтү башпаанек берүү саясатын катаалдатып, иммиграцияга каршы болгон оңчул партиялардын таасири өсүп баратканына кооптонушат.