Грузияда митингчилер тараган жок

Полиция демонстранттарга суу бүркүп жатат. Тбилиси. 18-ноябрь, 2019-жыл.

Грузия полициясы парламент имаратынын кире беришин тосуп алган демонстранттарды күч менен таркатты. Тартип коргоочулар нааразылык акциясына чыккандарга суу чачып, 18 адамды кармап кетти. Бирок жүздөгөн митингчилер кайра эле аянтка топтолду.

18-ноябрда парламент имаратынын алдына чогулган ондогон демонстранттар "Жашасын, Грузия" деген ураандарды чакырып жатты.

Полиция аларга каршы суу бүркүп, таркатууга аракет кылды. Күч түзүмдөрү каршылык көрсөттү деген 18 адамды кармады.

Ушундай эле жол менен полиция Руставели проспектисине чыккан митингчилерди да таркатууга далалат кылды. Ага да болбой бир нече убакыттан кийин жүздөгөн адамдар парламент имаратынын алдына кайра топтолуп алышты.

Полиция демонстранттарды таркатуу аракетин көрүп жатат. Тбилиси. 18-ноябрь, 2019-жыл.

Жекшемби күнү ушул эле аянтка өкмөттүн кызматтан кетишин жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган 20 миңдей адам чыгышкан.

Алар имараттын кире беришине чатырларды тигип алышып, талаптары аткарылмайынча, бийликтеги партиянын өкүлдөрүн парламентке киргизбесин айтышкан.

Демонстранттар ошондой эле имараттын дарбазасына чынжырчаларды илип, кулпулап салышкан. Митингге чыккандардын арасында Грузиянын мурдагы президенти Георгий Маргелашвили, оппозициячыл партиялардын лидерлери да бар. Алардын бири Бириккен Улуттук кыймылдын лидери Хатия Деканоидзе:

Бириккен Улуттук кыймылдын лидерлеринин бири Хатия Деканоидзе. Тбилиси. 16-декабрь, 2018-жыл.

- Артка жол жок. Биздин мамлекетте ар бир грузин жаранынын тагдырын чечкен олигархтарга, орусиячыл олигархтарга орун жок. Биздин талаптар бирдей эле - пропороционалдык система менен эркин шайлоо өткөрүү, Грузия өкмөтүнүн отставкасы, премьер-министр Гахариянын кызматтан кетиши жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңыланышы - деген талаптарын айтты.

Грузия баш калаасындагы каршылык акциялары 14-ноябрда, парламент өкүлдөрү 2020-жылдан тарта өлкөнү пропорционалдык шайлоо системасына өткөрүүнү караган мыйзам долбоорун колдобой койгон соң башталды. Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын көп мүчөлөрү да партия лидери Бидизна Иванишвили сунуштаган бул мыйзам долбооруна каршы добуш беришкен.

"Грузин кыялынын" баш катчысы Каха Каладзе партия азыркы шайлоо системасын өзгөртүүнү талкуулабай турганын билдирди.

- Шайлоо Конституцияда көрсөтүлгөн убакытта, демократиялык стандарттарга ылайык өтөт. Ошол себептен биз азыр атаандаштарыбызды шайлоого даярданууга чакырабыз, - деди ал.

Грузиядагы Евробиримдиктин делегациясы менен Кошмо Штаттардын элчилиги 17-ноябрда таркаткан билдирүүсүндө парламентте демилгеленген пропорционалдык шайлоо системасы колдоо таппай калганын сынга алышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.