Грузияда кайрадан саясий кризис

Ираклий Аласания

Акыркы эки күндө Грузияда үч министр алмашты. Коргоо министри Ираклий Аласания министрликтеги жемкорлукту тергөөгө бут тосконго аракет кылды деп кызматтан бошотулду.

Тышкы иштер министри Майя Панжикидзе менен Европа жана евроинтеграция иштеринин министри Алекси Петриашвили өкмөттүн тышкы саясий багытына ынанбай кызматтан кетишти. Үч министр алмашкандан кийин башкаруучу “Грузин кыялы” коалициясы парламентте көпчүлүктү түзбөй калды. Бул окуя өлкө ичинде жана сыртында саясий кризис деп мүнөздөлүүдө.

5-ноябрда Грузиянын Тышкы иштер министрлиги “жетекчисиз калды”. Министр Майя Панджикидзе төрт орун басары менен чогуу кызматтан кетип жатканын Тбилисиде маалымат жыйынында жарыялады:

- Мен жана менин командам: Давид Залкалиани мырза, Тамара Беручашвили айым, жанымда турган Леван Гургенидзе мырза, азыр Кубада расмий сапарда жүргөн Давид Жалагания кызматыбыздан кетүүнү чечтик.

Майя Панджикидзе

Майя Панжикидзе өлкөнү 2012-жылдан бери башкарып жаткан “Грузия кыялы” коалициясынан чыкканын билдирди. Коалицияны мурдагы премьер-министр Бидзина Иванишвили негиздеген. Ал премьерликти былтыр ноябрда Ираклий Гарибашвилиге өткөрүп берген.

Панжикидзе айымдын айтымында, өзү жана санаалаштарынын кызматын таштоосуна Грузиянын калкы тандаган европалык жана евроатлантикалык багытты өкмөттүн карманбаганы түрткү берген:

– Бул үчүн 2012-жылкы шайлоодо эл добуш берген. Менин командам бул максаттарга жеткире алат эле жана андай милдет алган. Биз грузин элинин тандоосуна чыккынчылык кыла албайбыз жана бул кадамыбыз менен Грузиянын алдындагы коркунучка көңүл бургубуз келет.

Грузин парламенти

Бир күн илгери коргоо министри Ираклий Аласания кызматтан алынган. Өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили мындай чечимге баруусуна Аласаниянын министрликтеги коррупцияга байланыштуу иликтөөгө көмөктөшүүнүн ордуна бир нече кызматкердин үстүнөн башталган тергөөнү Коргоо министрлигине жана Грузиянын евроатлантикалык багытына чабуул деп мүнөздөөсү негиз болгонун билдирди.

Өткөн аптада Коргоо министрлигинин беш учурдагы жана мурдагы даражалуу кызматкери оптикалык кабелдерди жана жабдууларды сатып алууда көз боёмочулук жасап, казынага 2-3 млн. доллардан көп чыгым келтирген деп шектелип камакка алынган жана үч аскерий дарыгер былтыр жүздөгөн жоокерлердин тамактан уулануусу үчүн жооптуу деп айыпталган.

Аласания иштен алынгандан кийин Европа жана евроинтеграция иштери боюнча министр Алекси Петриашвили да кызматын калтырды. Ал Аласания башындагы “Биздин Грузия-Эркин демократтар” партиясынын мүчөсү.

Шайлоодон бир көрүнүш, 27-октябрь, 2013-жыл

Премьер-министр Гарибашвили кызматтан кеткен министрлерди жеке кызыкчыктарын мамлекеттин жана өлкөнүн кызыкчылыгынан өйдө коюшту деп, Ираклий Аласания жана Майя Панжикидзеге ишара кылды. Панжикидзе да Аласаниянын партиясынан жана Аласания Панжикидзенин бир тууганына үйлөнгөн.

“Биздин Грузия-Эркин демократтар” партиясы башкаруучу коалициядан чыккандан кийин “Грузин кыялы” парламентте 10 мандатын жоготуп, 73 депутаты менен калды. Мыйзамдарды өткөрүү үчүн өкмөткө кеминде 75 добуш керек. Натыйжада башкаруучу коалицияда 5 партия калды.

“Грузин кыялы” коалициясы кризиске түштү деп сүрөттөдү Австрияда расмий сапарда жүргөн президент Георгий Маргвелашвили.

Грузиядагы кырдаал тыш өлкөлөрдө саясий кризис деп сыпаттала баштады. “Грузияда олуттуу саясый кризис... Өлкөнүн багыты коркунучта” деп жазды Твиттерде Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт.

АКШ элчиси Ричард Норлэнд Грузиянын бардык партияларын туруктуулук, биримдик, мыйзамдын үстөмдүгү, коомчулуктун демократияга ишенимин сактоо жана болочокто өлкө Евроатлантикалык уюмдарга кошулуусу үчүн өз ара иштешүүгө чакырды. Норленд сот түзүмдөрү “саясий мүдөөгө” кызматка коюлганына “мыйзамдуу тынчсызданганын” да билдирди.