14-ноябрда өткөн добуш берүүгө 141 депутат катышып, алардын 101и гана көпчүлүк коалициянын сунушун колдоду. Ал эми мыйзам долбоорун өткөрүш үчүн 113 депутаттын добушу зарыл эле. Көпчүлүк коалиция сунуш кылган долбоорду оппозициялык депутаттар колдошкону менен, ага «Грузин кыялы» партиясынын катарындагы мажоритардык же өз алдынча шайланып келген депутаттар каршы чыгышты. Алардын жүйөсүнө караганда, мамлекет азырынча толугу менен пропорционалдык системага, башкача айтканда жалаң партиялык тизме менен шайлоо өткөрүүгө даяр эмес.
Добуш берүүдөн кийин дароо сөз алган парламент спикери Арчил Талаквадзе кийинки жылы шайлоо аралаш система менен өтөрүн жарыялады. Көпчүлүк коалициянын лидери Гия Вольский бул үчүн оппозицияны күнөөлөдү:
- «Улуттук кыймыл» жана анын өнөктөштөрү депутаттарды мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө мажбурлаш үчүн колунан келгенинин баарын кылышты.
Бирок оппозиция муну «спектакль» деп атап, депутаттар өздөрүнүн партиясы сунуш кылган демилгеге каршы чыкканына ишене бербейт. Анын өкүлдөрүнүн пикиринде, бийлик 2020-жылы өтчү шайлоодо утулуп калуудан коркуп, ушундай кадамга барды. «Мекенчилдер альянсы» кыймылынын лидери Ирма Инашвилинин айтымында, бийлик бул аркылуу коомду алдап кетти.
- Мен бардык жоопкерчиликти Бидзина Иванишвилинин мойнуна жүктөйм, - деди ал. - Үч жылдан бери үн катпай келген депутаттар кокусунан эле ага каршы чыгышканына ишенбейм. Эгер андай болсо, ал колунан эч нерсе келбеген адам катары саясаттан кетиши керек.
Кырдаал боюнча өз пикирин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвили да билдирип, сунушунун өтпөй калганына өкүнөрүн айтты.
Шайлоону аралаш системадан пропорционалдык же жалаң партиялык тизме менен өткөрүү быйыл жайда өткөн массалык нааразылык акциясына чыккан миңдеген демонстранттардын талаптарынын бири эле.
Шайлоо мыйзамынын өтпөй калышына нааразылыгын билдиргендер парламент имаратынын алдына топтолуп, Тбилисинин башкы проспектилеринин бирин торошту.
Жарандык активисттер жана оппозициядагы партиялар алдыда массалык нааразылык акциялары өтөрүн эскертип жатышат.
Мыйзам долбоорун колдоп добуш берген 14 мыйзам чыгаруучу, алардын ичинде вице-спикер Тамара Хангошвили башкаруучу коалициядагы «Грузин кыялы» партиясынан чыкканын жарыялашты.
Учурда парламентте өз алдынча шайланып келген 72 депутат бар. Алардын көбү «Грузин кыялы» партиясынан көрсөтүлгөн. Буга чейин адатта көпчүлүккө каршы чыккан мажоритардык депутаттар партиянын катарында көпкө кармалышчу эмес.