Эски-жаңы Грузия

Батумиден Кара деңиздин кечки көрүнүшү. Деңиз бою таштак келсе дагы климаты жагымдуу болгондуктан, бул шаар орус падышасынын заманынан эле таанымал курорт болуп келген.

Батуминин Кара деңиз жээгиндеги сейил жолдун түнкү көрүнүшү. Батумиден он беш чакырым аралыктагы Түркияга визанын кереги жок, андыктан түрктөр да ээн-эркин келип кетишет.

Батуминин түнкү көрүнүшү. Батумиде эл аралык туризм жана соода дүркүрөп өсүп жаткан чак. Бишкектегидей шаардын бүтүндөй көркөм көрүнүшүн эске албастан, туш келди курулган имараттар шаардын эки жүз жылдык архитектуралык көркүн кетирип жатат.

Aли менен Нино - түрк жигит менен грузин кыздын махабаты. Батумиде деңиз боюндагы эстелик түнкүсүн жарыктандырылып, огунда айланып турат.

Эски Тбилисидеги галерея: жүн менен "тартылган" сүрөт. Грузиндер бүгүн эски менен жаңынын, автократия менен демократиянын, Чыгыш (Орусия деп койсо да болот) менен Батыштын ортосунда чайналып турган кези. Жазуулары грузинче болгону менен, автобуста орусча ыр угушат. Көпчүлүк орусча билет, бирок жаштар англисчеге басым жасашат.

Эски Тбилисидеги Иосиф Жугашвили (Сталин) окуган диний семинария. Сталинди айрым грузиндер бүгүн да аздектесе дагы Грузия демократиянын кайткыс жолуна түшкөнүнө он жылга чукулдап калды.

Батумидеги борбордук мечит. Ажарияда көз карандысыздыктын жылдарында мусулмандардын саны кескин азайган. Айрымдары кайра христиан динине өтсө, башкалары Түркияга кеткен.

Эски үйдүн балконундагы грузин желеги. Батуми Ажар автоном жумуриятынын борбору. Түштүк Осетия менен Абхазиядан айырмаланып, Ажарияда жикчилдик маанай жокко эсе. Тогуз жыл мурда орустардын таасириндеги жикчил жумурият башчы Абашидзе Москвага качып кеткенде, ажарлар сүйүнгөндөн тогуз токоч баабедин өткөрүшкөн дешет.

Тбилисинин борбордук Шота Руставелли көчөсүндөгү кафеден сүрөт. Туристтерге эсептелинген кафеде кофе менен круассандын баасы Парижден кем калышпайт.

Эски Батуминин көчөсүндөгү кафеде. Чыгыш архитектурасынын таасири терең из калтырган көркөм шаарда 2008-жылы Орусия менен согуштан кийин орустар көчө качып, туристтер дээрлик келбей калган. Илгери үмүт менен көп жаңы кафе-ресторандар ачылып, кардарларды чыдамсыздык менен күтүүдө