Грузия: Аска-бактан бал чогулткандар

Батыш Грузиянын балчылары күн сайын өмүрүн тобокелге салып аска боорунан, бийик дарактардын башынан сары алтындай болуп мөлтүрөгөн бал чогултушат.

Бул - дүйнөдөгү эң таза жана табигый даамдардын бири саналган жара балы.

Жара балы - Грузиянын батыш тарабында, Түркия менен чектешкен Ажария тоолорунда гана өндүрүлөт.

Жыл сайын жаз жана күз айларында балчылар аскаларга же эң бийик дарактарга чыгып, байыркы ыкма менен бал чогултушат.

Бал топтоо аракети.

Балчылар жапайы аарылардан бал чогултуш үчүн липа дарагынын жыгачтарынын ичин оюп, атайын уюк жасашат. (Липа мелүүн климатта өсүүчү, жалбырактуу дарак. Ал ийилчээк жана жеңил болот).

Ичи оюлуп жасалган уюктар жапайы аарылар байыр алган токойлорго жана бийик аскалардын бооруна орнотулат.

Адатта, дүйнө жүзүндө балчылар аарылар үчүн даяр уячаларды колдонушат. Жара балын чогулткан Кавказ тоосунун аарылары болсо ичи көңдөй жыгачтын ичине өздөрүнүн мом уячаларын салышат.

Жара балын чыгарган боз аарылар суукка чыдамкай келет. Алар башка аарылар өткөрүп жиберген нектар калдыктарын чогулта алган узун тилдери менен өзгөчөлөнөт. Бул аарылар башкаларга салыштырмалуу жоош, бирок чагып алганда чыдаш кыйын.

Ажария тоолорунда аюу абдан көп. Мындан улам айрым балчылар балын аюулардан коргош үчүн аары уячаларын үйүнүн жанына эле орнотушат.

Бал челектерди аюу жете албаган бийик асканын бооруна же дарактардын башына койгондор да арбын.

Рамаз Думбадзе 16 метр бийиктикке орноткон аары уюгун текшерип жатат. Анын жара балын чогулткан 26 бал челеги бар. Рамаз бал челектерин үйүнүн жанындагы токойго орноткон.

"Менин оюмча, даракта илинип турган уюктун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Бул аарылар гана падышачылык кылган өзүнчө бир өлкөгө окшош", - дейт 44 жаштагы балчы. Ал балдан түшкөн кирешеге үй курган.

Ажариянын айрым тургундары жаңы чогултулган балдан ичкенде ичиңди өрттөп салчудай сезим калтырган, бирок даамы жумшак бал ичимдигин да жасашат.

Жыл сайын бул аймакта алты-жети тонна бал чогултулат. 2017-жылы бул көрсөткүч мындан эки-үч эсе аз болчу. Жара балына суроо талап көбөйгөн сайын балчылардын катары калыңдай баштаган. Азыр бул аймакта 200дөн ашык балчы эмгектенип жаткан чагы.

Тамаз Путкарадзе (сүрөттө) 20 жыл мурун асканын бооруна жыгачтан жара бал челектери үчүн жай курган. Жыгачтарды ал зым менен эле байлап койгон. Мындан улам жыгачтар түшүп кетчүдөй болуп кыймылдап турат.

69 жаштагы карыя балчылыкты атасынан үйрөнгөн. Азыр ал өнөрдүн сырларын баласына (сүрөттүн ылдый жагындагы ак футболка кийген киши) үйрөтүп жатат.

Тамаз Путкарадзенин бал чогулткан 20 челеги бар. Буга чейин ал ата-бабасынан калган бал чогултуу өнөрүн сактап калуу үчүн аракет кылып келсе, азыр жара балына суроо-талап көбөйгөндүктөн, чарбачылыгын дагы кеңейтүүнү пландап жатат.

Путкарадзе жыгачтын бетиндеги бал уячаларды ийри бычак (биринчи сүрөттө көрсөтүлгөн) менен кылдат кесет. Андан кийин сары алтындай болуп мөлтүрөгөн бал анын алаканына толо түшөт.

Путкарадзе асканын боорундагы бал челектерден жаңы гана чогулган түшүмдү баштыкка салып, ылдый жакта турган баласына жип менен түшүрүп жатат. Бал жылына бир жолу чогултулат.

Путкарадзе бал челектерин аюулардан сакташ үчүн өзүнүн аймагын атайын зымдар менен тоскон. Балды сүйгөн жаныбарды коркутуш үчүн ырымдап, аюунун сөөгүн (сүрөттө) илип койгон.

Путкарадзенин асканын боорунан чогулткан балы. Аны татып көргөндөр бал алтын сындуу жалтырап, абдан даамдуу экенин айтышат. Бал жеп, анын артынан булактын муздак суусун ичсең моокумуң канат эмеспи.

"Мен балчылык менен көп жылдан бери алектенем. Биздин кооз жаратылышыбызды сактоо үчүн аарылар абдан керек. Жара балын чогултуу менен бирге, мен аларды сактап калууга аз да болсо өз салымымды кошуп жатам", - деди Путкарадзе жара балына кызыккандардын катары калыңдаганына кубанып.