Газа: Израил аба соккуларын күчөтүп, танктар менен рейд жүргүздү

Газа тилкеси. 24-октябрь, 2023-жыл

Израиль Газага аба соккуларын күчөттү. Муну менен катар 26-октябрга караган түнү изралдик танктар тилкеде рейд жүргүзгөнү маалымдалды. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бомбалоолордон тилкеде каза тапкандар 6 жарым миңден ашты.

Бутага качкындар баш калкалаган жайлар да алынууда

Анклавдагы оор гуманитардык кырдаалга карабай, Израил аба соккуларын күчөттү. Шаршембиде Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАСтын Газадагы, анын ичинде качкындар лагериндеги буталарына чабуул койгонун билдирген. Палестин тарап Жабалия лагеринде 13 киши каза тапканын, кеминде 35и жараат алганын, 26-октябрга караган түнү Газанын борборунда израилдик согуш учактарынын бомбалоосунан бери дегенде беш киши мүрт кеткенин, ондогону жараат алганын маалымдады.

"Биз үйдө отурганбыз. Бир убакытта челектей болгон бомба тийди. Мындай ракетаны мурда көрүп же уккан эмеспиз. Бүт талкаланды, күнөөсүз кишилердин, аялдар менен балдардын өмүрү кыйылды. Израил жазыксыз аялдар менен балдарды өлтүрүүнү максат кылат", - деп айтып берди "Рейтерс" агенттигигин кабарчысына жергиликтүү жашоочу Хедр Абу Одех.

Рафахтагы морг. Газа тилкеси. 25-октябрь, 2023-жыл

БУУнун палестин качкындары менен иштеген агенттиги Рафах шаарында 4,5 миңден ашуун киши баш калкалап жаткан мектепке дүрмөт тийгенин кабарлаган.

Израил менен ХАМАСтын куралдуу жаңжалы башталгандан бери набыт болгондордун саны 6,5 миңден ашканын шаршембиде Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бир суткада эле 756 палестиналык каза тапты, анын жарымы балдар. Мекеме жоготуулар тууралуу расмий маалымат тараткан жападан-жалгыз булак.

Израилдин маалымат каражаттары кабарлагандай, Газадан бир нече ракета атылды, алардын бири Ришон-ле-Цион деген шаардагы имаратка тийип, бир нече тургун жарадар болду.

Израил тараптан 7-октябрдан бери 1400 киши курман болду. Ал күнү ХАМАСтын жоочулары Израилге кирип барып, туш келди ок атып, ондогон кишини барымтага алган.

Ошондон кийин ЦАХАЛ өч алуу операциясын баштап, Газаны тынымсыз аткылап келатат.

Эл аралык уюмдар блокадада калган Газанын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ок атышууну токтотууга чакырууда.

ЦАХАЛдын Газадагы түнкү рейди

Израилдин армиясы бейшембиге караган түнү аскерлери танктардын коштоосунда рейд жүргүзгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, алар "ХАМАС радикал тобунун жайларына, инфраструктурасына чабуул коюшту".

ЦАХАЛ тараткан билдирүүдө операция "согуштук аракеттердин кийинки баскычына даярдыктын алкагында" өткөрүлгөнү айтылат. Рейдден кийин аскерлер Израилдин аймагына кайтышты. ХАМАС бул рейд тууралуу билдирүү жасаган жок.

Израилдик танктардын рейди. Газа. 26-октябрь, 2023-жыл

25-октябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жерде операцияны баштоо датасын өкмөттүн атайын түзүмү аныктарын айтты:

“Жердеги операцияга кам көрүүдөбүз. Ал качан башталарын, канча аскер тартыларын айтпай турайын. Калган чоо-жайынан да коомчулуктун кабары жок. Бул туура. Аларды да сөз кылбайм”.

Бир нече күндөн бери Тел-Авив жерде операция баштай турганын айтып, Газанын жашоочуларына тилкенин түштүгүнө, Египет менен чек арага жакын жерлерге кетүүнү эскерткен.

БУУнун палестин аймактарындагы гуманитардык маселелерди тескеген координатору Линн Хастинг “барар жери жок же эки жакка жыла албаган адамдарга алдын ала эскертүүлөр маанисиз” деп билдирди.

Дипломаттын айтымында, “эвакуация жолдору бомбаланганда эл оор, мүмкүн эмес тандоого кептелди. Газада коопсуз жер жок”. Хастинг согуш жүргүзүүдө эл аралык укук нормалары сакталууга тийиш деп кошумчалады.

Эрдоган Израилге сөөмөй кезеди

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 25-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ХАМАС радикал тобун террордук уюм деп атаган өлкөлөрдү сынга алды. Эрдоган бул уюм "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшкөн боштондук тобу" деп айтты.

Израилдик аткаминерлер түрк президентинин мындай билдирүүсүн четке кагып, эки өлкөнүн ансыз да солгундап турган мамилесин кайра карап чыгууга мезгил келгенин жарыялашты.

"ХАМАС террордук уюм эмес, өз жерин жана жарандарын коргоо үчүн күрөшкөн боштондук тобу", - деген Эрдоган Израилге сапарын токтотуп койгонун билдирди.

Ал Анкара Тель-Авив менен алака-катышын биротоло жөнгө салууну ниеттенип жүргөнүн, бирок Израил "мындай жылуу мамиледен ашкере пайдаланып, өз кезегинде жооп катары тиешелүү кадамдарга барбаганын" белгиледи.

Андан сырткары Израил менен жаңжалда Түркия Палестина тараптын "гарант өлкөсү" болууга даяр экенин айтты.

Израил жана Батыш өлкөлөрү ХАМАСты "террордук кыймыл" деп тааныйт, Түркия аны террордук уюм катары тааныбайт.

Мамилелерге терс таасирин тийгизет

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лиор Хаиат Эрдогандын билдирүүсүн четке кагып, ХАМАС радикал тобун "жийиркеничтүү террордук уюм" деп сыпаттады.

"Президенттин террор уюмун коргоо аракети жана чагымчыл сөздөрү бүткүл дүйнө көрүп жаткан мыкаачылыкты жана чындыкты өзгөртө албайт", - деп жазды Хаиат X баракчасына.

Ал эми Израилдин Маданият жана спорт министри Мики Зохар да соцтармактагы баракчасында "Эрдоган терроризмди колдойт" деп жазып, Түркия менен карым-катышты кайра карап чыгууга мезгил келгенин айтты.

2009-жылы анда Түркиянын премьери болуп турган Режеп Тайып Эрдоган Израил президенти Шимон Переске каяша сөз айтканга мүмкүндүк бербей койду деп, экинчи Давос форумунан кетип калган. Эртеси аны Стамбулдун аэропортунда Түркиянын жана Палестинанын желектерин көтөргөн 5 миңдей адам тосуп алган.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Израилдин президенти Шимон Перес. Давос. 29-январь, 2009-жыл.

Эки өлкөнүн мамилеси 2010-жылы Израилдин атайын күчтөрү Түркиядан Газа тилкесине чыккан "Мави Мармара" кемесин кармагандан кийин кескин начарлап кеткен.

2018-жылдын май айында АКШнын элчилигинин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүлүшүнө байланыштуу Газа тилкесиндеги нааразылык акцияларынан кийин Анкара Израилдин Түркиядагы элчисине өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаган. Ал кагылышууларда 60ка жакын палестиналык набыт болгон.

Өткөн жылдын аягынан тартып Анкара менен Тель-Авив алака-катышын элчилердин деңгээлинде жанданткан. Анда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Анкара палестиналыктардын укугун коргоону улантарын эскертип келген.

Эрдоган митингге катышат

Газанын Аль-Ахли ооруканасындагы 17-октябрдын кечинде болгон кандуу калабадан кийин дүйнөнүн бир топ жеринде демонстрациялар өттү. 18-октябрда Стамбулда да миңдеген киши Израилдин консулдугунун жанындагы аянтка топтолуп, айрымдары имараттын ичине кирип барууга аракеттенген.

Израилдин Стамбулдагы консулдугунун алдында митинг. 17-октябрь.

Шаар бийлиги митингге катышкан бир киши каза болгонун, 63ү жараат алганын кабарлаган. Алардын дээрлик көбү полиция кызматкерлери экени айтылган.

Израилдин Анкарадагы элчиси Ирит Лилиан жөөттөрдүн дипломатиялык имараттарына каршы нааразылык акциялары күчөгөндөн кийин коопсуздукка байланыштуу Түркиядан чыгып кеткен. Ал эми Түркиянын Израилдеги элчиси Шакир Торунлар учурда кызмат ордунда.

7-октябрда Израил менен ХАМАСтын согушу башталгандан бери Түркиянын ири шаарларында утур-утуру Газанын тургундарын колдоо акциялары өтүүдө. Алардын эң ирисин бийликтеги АК партиясы (АКР) уюштуруп жатат жана ал 28-октябрда Стамбулда өтө турган болууда. Ага президент Эрдоган өзү катышары күтүлүп жатат.

Айрым түрк журналисттер жана оппозициячыл активисттер Түркиянын 100 жылдыгына бир күн калганда мындай акция орунсуз экенин, коопсуздук чаралары сакталбай жатканын билдиришүүдө.

29-октябрда Түркия жумуриятынын 100 жылдыгы белгиленет.

Анкара менен Тель-Авивдин ортосунда мезгил-мезгили менен саясий чыңалуулар болгону менен соңку 20 жыл ичинде эки өлкө ортосунда соода эселеп өскөн.

Түркиянын статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2002-жылдан 2022-жылга чейин соода көлөмү 532% өсүп, 8,91 миллиард долларга жетти.

Израил Түркиянын эң көп товар экспорттогон 10 өлкөнүн ичине кирет.