Таштанды көйгөйү көкөйгө тийип бүттү...

Таштанды полигону, Бишкек

Бул ирет “Азаттыктын” кабарчылары өлкөдө дайыма көйгөй жаратып турган тиричилик таштандыларынын күңгөй-тескейин жер-жерлерден териштирип, аны чечүүнүн жолдорун сураштырып көрүштү.

Маселен, Жалал-Абад шаарынын четиндеги ай талаада тоодой үйүлүп жаткан таштандыдан нан таап жегендер да, таштанды бөлүп чыгарган уу заттардан жабыркап, ден соолугуна зак кетирип жаткандар да четтен чыгат. Теманы кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: таштандынын зыяны

Нарын шаарында малдын тарпын таштандыга ыргытуу жергиликтүүлөр үчүн көнүмүш адат. Ал эми ошол таштандыларды ташыган жумушчулардын саламаттыгына атайылап кам көрүү чаралары байкала элек. Нарындан кабарчыбыз Мирлан Кадыровдун баянын угалы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын: малдын тарпы да таштандыда

Саламаттык демекчи, эки миңден ашык мекемеси бар медицина тармагынан чыккан таштандылар кайда кетет, деген суроо да коомчулукта көп берилери белгилүү. Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов бул суроого жооп издеди:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оорукана таштандысы кайда жумшалат?

Акыркы жылдары баш калаа Бишкекти акыр-чикирден арылтуу коомчулуктун чоң талкуусуна түшүп отуруп, акыры былтыр “Тазалык” ишканасын нак акчага иштөө системасына киргизди. Ишкана кызматкерлерин нак акча менен иштөөгө өткөрүү тазалыкка да, эмгек акыга да пайдалуу боло баштаганын байкоочулар маал-маалы менен айтып жүрүшөт. Иш жүзүндө кандай? Кабарчыбыз Сабыр Абдымомунов сураштырды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңы ыкма таштандыдан арылтабы?

Көпчүлүк кыргызстандыктар өлкө ичиндеги тазалыктын абалына канааттанышпайт. Аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков өлкөдөгү таштанды көйгөйүн чечүү жолдорун карапайым элдин өзүнөн сурап көрдү. Жооптор ар түрдүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айлананы кантип тазартабыз?