Азия кубогуна жолдомо үчүн Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы учурда Бишкекте даярдык көрүп жатат.
Алмазбеков: Улуттук курамада ойноо чоң сыймык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте 8-14-июнда футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтөт. Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы тууралуу жарым коргоочу Фархад Мусабеков, Түркиянын “Галатасарай” клубунда ойногон 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков менен маек курдук.