Футбол падышасы Пеле

Пеле топту башынан өйдө көтөрүп тээп жаткан учуру. 1968-жыл.

Пеле жубайы жана кызы менен. 1967-жыл. 

Пеле 1000-голун киргизүү алдыда. Рио-де-Жанейро. Ноябрь, 1969-жыл.

Пеле 1000-голун киргизген топту кубанып көтөрүп турган кези. 19-ноябрь, 1969-жыл.

Пеле жана Бразилия курама командасы Гвадалахарада өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттешинин алдында. Бул беттеште Бразилия курама командасы  Уругвайды 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан. 17-июнь,1970-жыл.

1970-жылы Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши. Бразилия менен Италия курама командалары беттешип жатат. Пеле чабуулга өтүп жаткан учуру. Бул оюнда Пеле 18-мүнөттө гол киргизет. Жыйынтыгында Бразилия курама командасы 4:1 эсебинде Италияны утуп, дүйнө чемпиону болгон. 

1970-жылы Мексикада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинен кийин күйөрмандар Пелени көтөрүп, жеңишти майрамдап жаткан учуру. Финалдык беттеште Бразилия Италияны 4:1 эсебинде жеңип, Пеле үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болгон учур. Арадан 52 жыл өтсө да Пеле сындуу бир да футболчу үч ирет чемпиондугун ута элек. 

Пеле Вашингтондогу оюн учурунда "Вашингтон дартс" командасынын оюнчусу Вилли Эвансты айланып өтүүдө. 18-сентябрь, 1970-жыл. 

"Нью-Йорк Космос" клубу Түндүк Америка кубогун утуп, Нью-Йоркко кайтып келген учуру. Кеннеди аэропорту. 29-декабрь, 1977-жыл.

Пеле жубайы Роземери, кызы жана жаңы төрөлгөн уулу Эдсон менен. Бразилия, 1976-жыл.

Пеле "Нью-Йорк Космос" клубунда акыркы оюнун өткөргөндөн кийин, күйөрмандар аны көтөрүп баратышат. Бул күнү Пеле футболдук карьерасын жыйынтыктаганын билдирип, күйөрмандар менен коштошуп жаткан учуру. Ал "Нью-Йорк Космос" клубун менен 1975-жылы келишим түзүп, 1977-жылга чейин ойногон. Бул аралыкта ал АКШнын чемпиондугун уткан. 1977-жылы футболдук карьерасын жыйынтыктаган. 

Рим папасы Иоанн Павел II Пеле менен кол алышып учурашып жаткан учуру. Ватикан. 18-март, 1987-жыл.

Аргентиналык футбол жылдызы Диего Армандо Марадона жана бразилиялык футбол жылдызы Пеле эс алуу учурунда. Рио-де-Жанейро (Бразилия) 13-май, 1995-жыл. Пеле, Бразилиянын футбол падышасы, үч жолу дүйнөлүк чемпионатты утуп алган жана өткөн кылымдын эң көрүнүктүү спорт ишмерлеринин бири болуп калды.

"Реал Мадрид" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду 2013-жылы "Алтын топ" сыйлыгын утуп алгандан кийин сыйлоо аземи учурунда ыйлап жатат. Роналдуга сыйлыкты бразилиялык футбол легендасы Пеле тапшырган. Цюрих, 13-январь, 2013-жыл.

Пеле француз футболчусу Килиан Мбаппе менен. Париж, Франция.2-апрель, 2019-жыл.

Бразилияда 82 жаш курагында легендарлуу футбол оюнчусу, үч жолку дүйнө чемпиону Пеле көз жумду. Ал ноябрдан бери Сан-Паулу шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.