Футбол: Кыргызстан Ооганстанды жеңди

Кыргызстан курама командасы. 

CAFA NATIONS CUP-2023 - Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футболдук мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Ал быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Беттештер тайпада бир айлампада өтөт. Эки группанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат. Финалдык беттеш Ташкент шаарында болот.

Бул Кыргызстандын курама командасынын башына словакиялык машыктыруучу  Штефан Таркович келгенден бери алгачкы оюн болуп калды. 

Оюндун жүрүшү.

Оюндун соңку мүнөттөрүндө чабуулчу Эрнис Батырканов оогандыктардын дарбазасына гол киргизди.

Ошол учурда кызык окуя болду. Гол киргенден кийин ооган оюнчулары финалдык ышкырыкты күтпөстөн талааны таштап чыгып кетишти (аларды машыктыруучусу алып кетти).