Футбол: Одилжандын жеңишке жеткирген голу

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы өз тарыхында Оман менен төрт ирет беттешип, акыркы оюнда жеңишке жетти. Буга чейинки үч беттеште жеңилген эле. 

Оман курама командасы менен Кыргызстан ушул жылдын июнь айында CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинде үчүнчү орун үчүн беттешип, 1:0 эсебинде жеңилип калган.  

Кыргызстан Оман курамаларын беттешин көрүү үчүн стадионго 10 миңден ашуун көрүүчү келди. 

Кыргызстан Оман беттешинин 49-мүнөттүндө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов (оңдон биринчи) гол киргизди. Ал бул голу менен беттештин мыкты оюнчусу аталды. 

Күйөрман кыздар. 

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен өз талаасында жана алардын мекенинде беттешет.

Учурда Кыргызстан тайпада үч упайы менен үчүнчү орунга жайгашты. Малайзия курамасы эки оюнда алты упай топтоп, жадыбалда биринчи орунга чыкты. Оман курамасы да үч упайы менен экинчи орунда турат. Кытай Тайбейи курамасы эки оюнда тен упай топтой алган жок. Бул тайпада 1-2-орунду ээлеген эки команда кийинки баскычка жолдомо алат. 

Гүлжигит Алыкулов гол киргизүү үчүн чуркап баратат. 

Оман курама командасы ФИФА рейтингинде учурда 73-орунда турат. 

Кыргызстан курама командасы ФИФА рейтингинде 96-орунда келе жатат. 

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Кураманын капитаны Тамирлан Козубаев. 

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат.

Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.