Футбол: Кыргызстан дүйнө чемпионатына чыга алабы?

Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Жоел Кожо беттеште үч гол киргизди. 

Кытай Тайбэйи менен болгон жооптук оюнга башкы машыктыруучу Штефан Таркович башкы курамада Валерий Кичин, Бекназ Алмазбеков, Эрбол Атабаев, Гүлжигит Алыкулов, Кожо Жоел баштаган кыргыз футбол жылдыздарын чыгарды. 

Кытай Тайбейи курамасы.

Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болду. Буга чейин бул командалар 21-мартта Кытай Тайбэйинин Гаосюн шаарынын Наньцзы стадионунда беттешип, Кыргызстандын курама командасы 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Кожо Жоел үч голду биринчи таймда киргизди. 

Жарым коргоочу Кими Мерк оюндун аягында гол киргизип, эсеп 5:1ге жетти. 

Кыргызстан буга чейин 2023-жылдын 16-ноябрында Куала-Лумпурда Малайзияга 3:4 эсебинде жеңилсе, 21-ноябрда Бишкекте Оман командасын 1:0 эсебинде жеңген. Төрт оюндан кийин Кыргызстан 9 упай менен D тайпасында алдыда келе жатат. 2-орунда Оман (9 упай), 3-орунда Малайзия (6 упай) жайгашса, бир дагы жеңишке жете элек Кытай Тайбэйи 4-орунда келе жатат.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат.

2026-жылы дүйнө чемпионатына тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Кыргызстан Кытай Тайпейи курамаларын көрүү үчүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионуна 13 миңден ашык көрүүчү келди. 

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына азиядан сегиз команда жолдомо алат.

Кыргызстан курамсы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын кийинки баскычына чыгуу үчүн тайпада биринчи же экинчи орунду ээлеши керек. 

Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Чабуулчу Кожо Жоел кыргыз футбол тарыхындагы бир оюнда үч гол киргизген төртүнчү оюнчу. Буга чейин Виталий Люкс (2019-жылы өткөн Азия Кубогунда Филиппин курамасынын дарбазасына), Эдгерд Берхард (2019-жылы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Мьянма курамасынын дарбазасына) жана Мирлан Мурзаев (2021-жылы дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Мьянма курамасынын дарбазасына) киргизген. 

Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасы январда Катарда өткөн Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизген. Бул жыйынтыктан кийин ошол кездеги уюмдун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеткен. 

Кыргыз футбол союзунун президенти болуп 19-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шайланган.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу. 

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 26-мартта өттү. Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоел Кожо (үч гол), Християн Браузман, Кими Мерк жана Кытай Тайбэйи тараптан У Ен-Шу киргизди.