Кичин жана Нурсулуу жылдын мыкты футболчусу

Жылдын мыкты футболчу наамын алган Кичин иш-чарага катыша алган жок.

“Мен үчүн добуш берип, колдоо көрсөткөнүңүздөргө ыраазымын. Баарыңыздарга алкыш айтам. Бул наамды алганыма абдан сыймыктанып турам”, - деди ал видео кайрылууда. 

“Жылдын мыкты футбол калысы” наамын Рамина Цой жеңип алды. Ал бул наамга ээ болгон биринчи айым болуп калды.

Бул номинацияга Рамина Цойдон сырткары Дайырбек Абдылдаев менен Денис Шалаев да ат салышкан. Рамина Цой быйыл август айында Коста-Рикада өткөн кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча жаштардын Дүйнө чемпионатында (U-20) рефердин ассистенти катары үч оюнга чыкты. Андан тышкары бир катар эл аралык беттештерде калыстын жардамчысы болду. Ал ФИФА калысынын ассистенти катары 2018-жылдан бери иштеп келет.

 

Football Awards сыйлыгы Кыргызстандын Футбол уюуму тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

"Жылдын мыкты футболчу айымы" наамы Нурсулуу Мурзакуловага ыйгарылды.

Сыйлык ээлери. 

"Жылдын мыкты футболчу айымы" наамына ат салышып жаткан кыздар. 

Футболдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз спорт каналына “Жылдын мыкты уюму” наамы берилди.

 

Футзал боюнча “Мыкты машыктыруучу” наамы Марат Дубанаевге («Дордой-АйдАрсен») ыйгарылды.

Жылдын жаш оюнчусу деп 19 жаштагы Христинан Браузман ("Абдыш-Ата") табылды. Бул наамга Браузмандан сырткары менен катар футбол жылдызы Эрбол Атабаев «Динамо» (Махачкала, Орусия) менен Султан Чомоев («Дордой») да ат салышкан. 

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Жейлан Ариканга тапшырылды.  Ал машыктырган клуб быйыл өлкө чемпиондугун, Кыргызстандын кубогун утту. 

“Мыкты футзал оюнчусу” деп Кайрат Кубанычов.