Москва: тыңчылык үчүн норвегиялык соттолду

Норвегиянын жараны Фруд Берг Москвадагы сотто. 16-апрель, 2019-жыл.

Москва шаардык соту 16-апрелде Норвегиянын жараны Фруде Бергди Орусияга каршы тыңчылык кылган деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты.

Москвада 2017-жылдын соңунда кармалган Фруде Бергдин адвокаты Илья Новиков норвегиялык жаран соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга доо арыз жазбастыгын, бирок Орусиянын президенти Владимир Путинден ырайым сурап кайрылууну көздөп жатканын билдирди.

"Берг мырза күнөөлүү эмес. Сот прокуратуранын аны 14 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн канааттандырды. Берг мырза апелляцияга бербейт. Соттун өкүмү он күндөн кийин күчүнө кирет. Өкүм анын колуна тийгенде апрелдин соңунда, май айынын башында ал президентке ырайым сурап кайрыла алат".

9-апрелде Санкт-Петербургда өткөн Арктикалык форумдун алкагында Орусиянын президенти Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг менен жолукканда Бергдин иши боюнча кыскача эле «Соттун чечимин күтөлү, анан кийинки аракеттерибиз кандай болоорун чечебиз» деп жооп берген.

Орус тергөөчүлөрүнүн версиясына ылайык, Берг орус суу алдында жүрүүчү атомдук кемелер тууралуу маалымат чогултуп жүргөн. Ал эми маалыматты ага орус аскердик коргонуу ишканасынын кызматкери берип турган.

Айрым басылмалар ал 24 жаштагы Алексей Житнюк аттуу орус жараны экенин жазышкан. Житнюк да бир аз мурда мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен 13 жылга эркинен ажыратылган. Бирок бул маалыматтар расмий бышыкталган эмес.

Адвокат Илья Новиков.

Ошондой эле тергөөчүлөр Берг почта аркылуу Наталья аттуу аялга нак акча жана тыңчылык инструкциялары салынган бир нече конверт жөнөткөнүн айтышууда. Берг жана анын адвокаттары бул айыптардын баарын четке кагып, анын тыңчылыкка тиешеси жок экенин айтып жатышат. Ал эми Москвага акчаны норвегиялык таанышы берип жиберген. Адвокат Илья Новиков Бергди чыныгы тыңчылар курьер катары колдонуп жүрүшкөн болушу мүмкүндүгүн четке какпайт. Ал ошондой эле Берг Норвегияда камалган Федерация кеңешинин аппарат кызматкери Михаил Бочкаревго алмаштырылышы мүмкүн экенин айткан.

Орусиялык жаран 2018-жылы, 21-сентябрда Осло аэропортунда кармалган. Норвегия полициясы аны парламент имаратынын ичинде Интернет аркылуу маалымат чогулткан деген шек менен камаган.

Фруд Берг Москва сотунда. 16-апрель, 2019-жыл.

63 жаштагы Фруде Берг Мурманск менен чектешкен Норвегиянын Финнмарк аймагында чек ара инспектору болуп иштечү. Орус тергөөчүлөрү ал 2014-жылы пенсияга чыккандан кийин Норвегиянын Аскердик чалгын кызматынын суранычы менен Орусияга командировкага барып келип жүргөнүн ырастап жатышат.

"Washington Post" басылмасы Берг Орусияга чиркөө иштерине байланыштуу барып жүргөн жана ал ошондой эле орус-норвегия маданиятынын фестивалын уюштуруу менен алек болуп келгенин жазган.

Ал эми эки өлкөнүн чек аралаш аймагында жайгашкан Норвегиянын Сёр-Варангер аймагынын башчысы Руне Рафаэльсен Бергдин тыңчы эмес экенине кепилдик берерин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.