Франция менен Греция үнөмдөгүсү келбейт

Франция кыскартууларга каршы талапкерди тандады.

Өткөн жекшембиде Франция менен Грецияда добуш берүүчүлөр азыркы катаал сарамжалдуулук саясатына канчалык нааразы экендиктерин көрсөтүштү. Францияда дефициттин жогору көрсөткүчүн көзөмөлдөш үчүн акчаны үнөмдөөнү күчөтпөй, анын ордуна экономикада өсүштү камсыз кылам деген социалист-талапкер Франсуа Олланд президент болуп шайланды. Еврозонадагы карыз кризиснен эң эле катуу жабыркаган Грецияда болсо коалициялык өкмөттү дал ошол чыгашаны кыскартуу программаларына каршы чыккан партиялар жеңип алышты. Андыктан Германиянын демилгеси менен ишке киргизилген кыскартуу саясатын мындан ары эмне күтөт деген суроо жаралууда.
Европадагы карыз кризисин өкмөттүн чыгымдарын кескин кыскартуу менен жөнгө салууну каалагандар үчүн 6-майдагы шайлоо жагымсыз жыйынтык менен аяктады – шайлоочулар бул ирет ага каршы болгондорду колдошту.

Францияда Франсуа Олланд ортомчул-оңчул президент Николя Саркозини утуп, соңку 20 жылдан ашуун мезгилден берки алгачкы социалист президент болуп калды.

Олланд азыркы мамлекет башчы Саркози менен немис канцлери Ангела Меркел колдогон чыгымдарды кыскартуу планын ачык эле сындап, Европаны рецессиядан кыскартуу эмес, өнүгүү гана сактап калат деп келди.

Ошол эле күнү парламентин тандаган Грецияда добуш берүүчүлөр соңку жылдары белди бекем бууп, сарамжалдуулукту күчөткөн өкмөтүн катуу жазалашты – алар добуштарынын дээрлик жарымын кыскартууга каршы чыккан партияларга беришти.

Эки жактагы шайлоонун жыйынтыгы евронун курсуна заматта таасир этти. Дүйшөмбүдө эрте менен евронун долларга карата курсу быйыл январдагы көрсөткүчтүн деңгээлине түшүп кетти.

BNP Paribas банкынын аналитиги Бертранд Ламиел мунун себебин түшүндүрөт.

"Бул - Грецияда кыскартууларга каршы болгон партиялардын шайлоонун натыйжасында күчтүү позиция менен келишине жооп десек болот. Греция боюнча камтамачылык кайрадан жогорулап жатат", - дейт аналитик.

Грециядагы шайлоонун жаңылыгы кыскартууларга каршы чыккандар коалициялык өкмөттү куру жалак калтырганы менен эле бүтпөйт, бул ирет соңку 40 жылдан бери алгачкы жолу оңчул топтор да парламенттен орундарды алууга жетишти.

Францияда Олланд буга чейин Саркози киргизген кыскартуу чараларын акырындап алып салам деп касам ичти. Анын үстүнө кыскартууларды киргизебиз деп еврозонанын 17 өлкөсү кабыл алган фискалдык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландап жатат. Салыкты Олланд байларга көбөйтүп, негизги көңүлдү өнүгүүгө бурам деди.

“Шайлоо алдында берилген бул убадалар кантип ишке киргизилээрин баалуу кагаздар биржалары кылдаттык менен байкап турушат”, - дейт BNP Paribas банкынын аналитиги Бертранд Ламиел.

"Жаңы президент Франсуа Олландда мүмкүнчүлүктөрү чынында көп эмес, - деди Ламиел. - Негизги максат аныкталган, бул – карыз кризисинен эптеп чыгыш үчүн дефицитти кыскартуу. Олланд буга жетишиш үчүн кандай мүмкүнчүлүктү тандап алаарын анын алгачкы саясий билдирүүлөрүнөн биле алабыз деп карап турабыз".

Европада жогоруда аталган стабилдүүлүк пактысы узакка созулган оор талкуулардан кийин араң кабыл алынган. Ошондуктан Олландга аны өзгөртүү татаал болоору турган иш.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Олландды Берлинге сүйлөшүүлөргө чакырган чакта немис тышкы иштер министри Гуидо Вестервелле “бул эки өлкө өнүгүү пактысынын үстүнөн биргеликте иштейт” деп билдирди. Немис өкмөтү өзүнүн чыгымдарды кыскартуу саясаты боюнча позициясын жумшартпай тургандыгын ачык эле билдиргендей болду.