Ле Пен Украинанын ачуусуна тийди

Марин Ле Пен тарапкерлеринин алдында, 2014-жыл.

Украинанын коопсуздук кызматы Франциянын ашынган оңчул саясатчысы Марин Ле Пенди өлкөгө киргизбөө демилгесин көтөрүп чыкты. Буга Ле Пендин Орусиянын Крымды аннексиялаганы мыйзамдуу болгонун айтканы себеп болду.

Мусулмандар, мигранттар жана Евробиримдик тууралуу кескин ойлору менен Францияда гана эмес, бүтүндөй Европада талкуу жараткан Марин Ле Пен эми украин бийлигинин ачуусун келтирди. Анын Крымдын аннексиясынын мыйзамдуу экенин ишара кылган сөзүнөн кийин Украинанын коопсуздук кызматы француз саясатчысын өлкөгө киргизбөө демилгеси менен чыкты. Аталган мекеме мындай билдирүү Украинанын мамлекеттик кызыкчылыгына каршы келет деген жүйө менен Тышкы иштер министрлигине кайрылды:

- Украинанын коопсуздук кызматы Тышкы иштер министрлигине 3-январда кат жолдоду. Ле Пен айымдын биздин өлкөгө киришине тыюу салуу тууралуу демилгебиз жакын арада колдоо таап, оң жооп алабыз деп ойлойм,- деди Коопсуздук кызматынын аппарат жетекчиси Александр Ткачук.

Франциядагы ашынган оңчул “Улуттук фронт” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Марин Ле Пен шейшемби күнү Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялашы “мыйзамсыз болбогонун” айткан. Ал BFM TV аттуу француз телеканалына курган маегинде Орусия менен Батыштын мамилесинин солгундашына алып келген бул талашта Кремлди жактарын билдирген.

- Мен бул мыйзамсыз аннексия болду дегенге такыр кошулбайм. Референдум болду жана Крымдын тургундары Орусияга кошулууну чечти, - дейт Ле Пен.

Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча референдумга каршылык билдирүү акциясы, Симферополь, 9-март, 2014-жыл.

Бул кабар тарагандан көп өтпөй Украинанын тышкы иштер министрлиги билдирүү менен чыгып, француз саясатчысынын сөздөрүн айыптады. Министрлик Ле Пенди Кремлдин пропагандасын кайталайт деп сындап, анын сөзү Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирерин билдирди.

Ошондой эле Крымдын аннексиясын эл аралык коомчулуктун тааныбаганын, Франция баштаган Евробиримдиктин мүчөлөрү Орусияга санкция киргизгенин эске салды.

Эми француз саясатчысына Украинага кирүүгө тыюу салуу демилгесин айрымдар колдосо, кайсы бири анчейин кошулбай турушат. Жогорку Раданын депутаты Андрей Артеменко андан көрө Ле Пенге Украинадагы абалды көрсөтүү зарылдыгын “112” агенттигине билдирди:

- Башты кумга каткандын ордуна демилге менен чыгуу керек. Ле Пенди Украинага чакырып, кандай фактылары, сын-пикир же жоромолдору бар экенин суроо керек. Эмне үчүн ал Орусиянын Крымды аннексиялаганын мыйзамдуу деп эсептерин билүү керек.

Ашынган оңчул "Улуттук фронт" партиясынын жыйыны.

Украинада 2013-жылдын аягы жана 2014-жылдын башындагы “Евромайдан” окуяларынан кийин президент Виктор Янукович өлкөдөн качкан. Көп өтпөй Орусия референдум өткөнүн жүйө кылып, Крымды аннексиялап алган. 2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгыш облустарында Орусия колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда жаңжал тутанып, аягы урушка айланып, андан бери баш-аягы он миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.

2017-жылдын апрелиндеги президенттик шайлоого катышканы жаткан Марин Ле Пен Крымдын аннексиясына Евробиримдиктин катасы себеп болгонун да айтканы бар. Бирок аны орус банкынан кредит алганы үчүн Орусиянын саясатын сүйлөйт деп күнөөлөгөндөр болгон.

Марин Ле Пен 2010-жылы мечиттер толуп калганын улам көчөдө намаз окуганга аргасыз болгондорду нацисттердин оккупациясына салыштырган сөзүнөн кийин сот алдында сурак берген. Европада миграция кризиси күч алганда качкындарды кабыл алууга каршы болуп, Франциянын Европа Биримдигинен чыгышын да жактаган.

Байкоочулар АКШда кескин билдирүүлөрү менен таанымал Дональд Трамптын ноябрдагы шайлоону жеңип чыгышы дүйнөнүн булуң-бурчуңдагы ашынган-оңчул кыймылдардын, анын ичинде Марин Ле Пендин шайлоодогу көрсөткүчүнө түрткү берет дешет. Азырынча Франциядагы сурамжылоолор бул саясатчы президенттик шайлоонун экинчи туруна чыгарын көрсөтүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.