“Алга, республика” партиясы шайлоонун алгачкы айлампасында биринчиликке жетишти. Акыркы маалыматтар боюнча президенттин партиясы менен өнөктөш чыккан борборчул кыймылды добуш берүүчүлөрдүн 32 проценти колдоду.
Башкача айтканда 577 округдун 449унда алардын талапкерлери тизменин биринчи же экинчи сабына чыкты жана 18-июнда өтчү экинчи айлампада 513 округда күрөштү улантышмакчы.
Улуттук ассамблеяга шайлоо эки тур менен өтөт. Экинчиси талапкерлердин бири да добуштардын 50 процентинен көбүн ала албаган чөлкөмдөрдө болот.
“Алга, республика” партиясы мындан бир жыл мурун эле негизделип, адегенде “Алга” кыймылы деп аталып жүрдү. Түптөөчүсү жана буга чейинки жетекчиси Эммануэл Макрон президенттикке шайлангандан кийин лидерликтен кетип, партиянын аталышы өзгөртүлгөн.
Партия талапкерликке түрдүү тармактарда иштеген адамдарды, студент, пенсионерлерди алып чыккан. Көптөрү мурда саясатка аралашкан эмес. Аларды Макрондун жардамчылары электрондук почтадан жөнөтүлгөн резюмелердин негизинде тандап алышкан.
Премьер-министр Эдуард Филипп шайлоонун жыйынтыгын президент Макронго көргөзүлүп жаткан ишеним катары кубаттады:
- Бир айдан бери президент Макрон Франциянын өзүндө жана эл аралык сахнада ишеним, саясий эрк жана чечкиндүүлүктү көргөзүп келатат. Өкмөттүн курамында таптакыр жаңы саясатчылар, жаңы жүздөр пайда болду. Биз Францияга кызмат өтөп, француз элинин мүдөөсүн орундатууга дилгирбиз.
Экинчи болуп марага 21,2 процент менен республикачылар, үчүнчү – 13,9 процент менен ашынган оңчулдардын Улуттук фронт партиясы келди. Буга чейин башкарууда турган социалисттер мандаттардын көпчүлүгүнөн кол жууп калды. Биринчи турда аларга болгону 10 процент добуш беришти. Мурда мыйзам чыгаруу органында алардын 300 мандаты болсо, эми болжолу менен 20-30 өкүлү гана болуп калышы ыктымал.
Апрелде талапкери президенттик шайлоонун биринчи эле айлампасында утулуп, жарыштан четтеп калган партия үчүн бул чоң сокку болду. Бир топ мурдагы министрлер, атүгүл социалисттердин лидери өз чөлкөмдөрүндө жеңилип калышты.
- Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы бардык солчулдардын, өзгөчө Социалисттик партиянын мурда болуп көрбөгөндөй чегинүүсүнө алып келди, - деди партиянын баш катчысы Жан-Кристоф Камбаделис.
Мындай чоң утулушка партия 1993-жылы туш болуп, 57 депутаттык орун гана алган.
Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы элдин аз катышуусу менен да өзгөчөлөндү. Катталган шайлоочулардын 48,7 проценти гана өз эркин билдирген. Бул - Бешинчи республика тушундагы дагы бир терс рекорд.
Улуттук фронттун лидери Марин Ле Пендин пикиринде, мындай жагдай шайлоо системасына көп суроо жаратат:
- Шайлоочулардын аз катышуусу тынчсыздандырбай койбойт. Эммануэл Макрондун шайлануусуна удаа өткөн парламенттик добуш берүү француз калкы арасында көп энтузиазмды пайда кылбагандай. Бул - коомдук турмушка кайдыгер караган элдин саны көбөйдү дегенге жатат. Муну менен бирге биздин шайлоо системабыз канчалык туура деген суроо жаралат. Бул ыкма миллиондогон жарандарыбызды шайлоодон оолак жана натыйжада парламентте өкүлдөрүсүз калтырат.
Le Monde гезити айрым изилдөөлөргө таянып жазгандай, мажоритардык система президенттин партиясына экинчи айлампада жеңиш алып келмекчи. Болжолу менен парламенттеги 577 орундун 415-455и аларга тийиши мүмкүн. Ал эми пропорционалдык жол менен шайлана турган болсо, 186 гана депутаттык орунду ала алмак.