Франциядагы шайлоо: Франсуа Олланд алдыда

Франсуа Олланд шайлоонун алдын ала жыйнтыктары белгилүү болгондон кийин тарапкерлерине кайрылды, 22-апрель, 2012-жыл

Алдын ала санактарга караганда, Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасын социалист Франсуа Олланд жеңди. 6-майда өтө турган экинчи турда ал азыркы мамлекет башчы Николя Саркози менен беттешмекчи. 3-орунду ашынган улутчулдардын лидери Марин Ле Пен ээледи.
Ошентип, буга чейинки сурамжылоолор чын болуп чыкты. Экинчи айлампага күтүлгөндөй эле социалисттик партиянын талапкери Франсуа Олланд менен азыркы президент Николя Саркози чыкты. Расмий таратылган маалыматка ылайык, Олланд 28,8 процент, Саркози – 26,10 процент добуш алды. Ошентип республиканын тарыхында, башкача айтканда 1958-жылдан бери алгачкы жолу бийликтеги президент биринчи айлампада утулуп калды.

Олланд алгачкы санактар маалым болгондо колдоочуларына ыраазылыгын айтты:

- Силердин аракетиңер менен бүгүн өзгөрүүлөр башталды. Бул процессти эч нерсе, кайталаймын, эч нерсе токтото албайт. Эми ал Франция элинин чечимине көз каранды болмокчу. Эки жол бар: азыркы президенттин бөлүп-жарууга ыктаган, жемиш алып келбеген саясатын улантуу же республиканы бириктире турган президент менен бирге өлкөнү адилеттүүлүк менен кайра куруу.

Мамлекет башчынын штабындагы маанай социалисттердикинен кыйла айрмаланып турду. Саркози атаандашын экинчи айлампага чейин 3 дебат өткөрүүгө чакырды.

Эми калган талапкерлердин добуштары чечүүчү роль ойномокчу.

Ашынган оңчулдардын Улуттук майданын жетектеген Марин Ле Пен добуштардын 18 жарым процентин алып, партия буга чейин болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Учурдагы лидердин атасы Жан-Мари Ле Пен 2002-жылы 16,86 процент менен социалисттерден озуп чыгып, шайлоонун экинчи айлампасында Жак Ширак менен беттешкен.

Ультра оңчулдардын лидери өз тарапкерлерин 6-майда тигил же бул талапкерге добуш бергиле деп азырынча ачык үгүттөй элек. Бирок Марин Ле Пендин электораты Саркозинин потенциалдуу колдоочулары экени белгилүү.

- Франциянын күрөшү эми гана башталууда. Урматтуу достор, Франция эли, бардыгы мурункудай болбойт. Себеби бүтүндөй системага, калпка, калпыс сурамжылоолорго карабай, биз эки партиянын, банктар менен финансы дүйнөсүнүн монополиясын дүрбөттүк, - деди Ле Пен.

Ал эми добуштардын 11,7 процентин алган ашынган солчулдардын көсөмү Жан-Люк Меланшон Олландга ачык колдоосун билдирбегени менен санаалаштарын экинчи айлампада Саркозини жеңүүгө үндөдү.

Чордончул партиянын лидери Франсуа Байру 2007-жылдан айырмаланып, бул ирет ийгиликке жетише алган жок. Ага болгону добуштардын 8 пайыздайы тийди. Байру 6-майга чейин эки талапкердин долбоорлорун угуп, жакшылап таразалап, андан кийин гана “жоопкерчиликтүү чечим” кабыл алаарын билдирди.

Мамлекет башчылыкка бардыгы болуп 10 талапкер ат салышкан.

Француздар президенттик орунду талашып жаткандар жумушсуздук өңдүү көйгөйлүү маселелерге кайрылышпайт деп шайлоого апатиясын билдирип келишкени менен элдин катышуусу бул жолу жогору болду.

Маалыматтарга караганда, шайлоо укугуна ээ француздардын 80 проценти добуш берди. Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзүп келгендей, экинчи айлампада шайлоочулардын 54 проценти Олландга, 46 проценти Саркозиге добуш берүү ниетин билдиришүүдө.

Айрым булактардын ырастоосунда, Саркози шайлоодо жыдып калса, саясаттан кетээрин айтууда. Баса, 2007-жылы Саркозиге атаандаш болуп Олланддын мурдагы жубайы Сеголен Ройял чыгып, экинчи айлампада утулуп калган.

Франциянын маалымат каражаттары болсо Франсуа Олланд буга чеийн бир да жолу мамлекеттик жогорку кызматты ээлебегинин, тажрыйбасы, харизмасы жоктугун белгилешет.

Аналитиктердин бири айткандай, “Олланддын эң негизги артыкчылыгы – ал Саркози эмес”.