Футбол: "Дордой" дагы чемпион

Бүгүн "Дордой" топ лиганын алкагында "Абдыш-Ата" клубу менен акыркы беттешин өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калды. 

Оюндун биринчи таймында "Абдыш-Ата" оюнчусу Веньямин Шумейко бишкектиктердин дарбазасына оюндагы жалгыз голду киргизүүгө жетишти. Бирок бул беттештин жыйынтыгы "Абдыш-Атанын" чемпион болушуна көмөкчү боло алган жок. Анткени "Дордой" буга чейинки мелдештерде 48 упай топтоп, сегиз упай менен топ лигада көч башын жетектеп, алтын байгени мөөнөтүнөн мурда жеңүүгө мүмкүнчүлүк алган.

"Дордой" клубунун быйылкы жылдын чемпиону болгондугу тууралуу маалымат ушул жылдын 1-ноябрында эле белгилүү болгон. Бул күнү сары-көк түстүүлөр Ош шаарында "Алай" клубун 1:0 эсебинде утса, Кант шаарында "Абдыш-Ата" бишкектик "Алга" клубуна 4:1 эсебинде жеңилип, башкы олжого негизги талапкер боло албай калган. 

Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу быйыл 23-жолу өткөрүлдү.

Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунун жыйынтыгында "Дордой" клубунун оюнчулары 48 упай топтоп чемпион катары кубок менен сыйланышты. Канттын "Абдыш-Ата" клубу 40 упай менен күмүш байгеге татыды. Бишкектик "Алга" 35 упай менен үчүнчү орунду алды. Былтыркы чемпион Оштун “Алай” клубу бул сапар 32 упай менен төртүнчү катардан орун алды. "Алдиер" (Куршаб) бешинчи, "Ала-Тоо" (Нарын) алтынчы, "Нефтчи" (Кочкор-Ата) жетинчи ал эми "Манас" (Бишкек) клубу сегизинчи катарга жайгашты. Кыргызстандын чемпиондугунда алтын жана күмүш байгелерди алган клубдар 2015-жылы Азиялык Футбол Конфедерациясынын кубогу үчүн мелдештерге катышат. "Абдыш-Ата" квалификациялык мелдештерден, ал эми "Дордой"  тайпалык тандоо оюндарынан мөрөй талашууга чыгат. 

Быйылкы жыл «Дордой» үчүн олжолуу болду. "Дордойчулар" чемпион болуудан сырткары Кыргызстандагы эң нигизги байгелер болгон «Супер кубокту» жана «Кыргызстан кубогун» ута алышты. Сүрөттө: "Дордой" клубунун капитаны Талант Самсалиев жана Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев.

 "Дордой" быйылкыны кошкондо тогузунчу жолу чемпиондук наамды алды. "Дордойчулар" 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009, 2011, 2012 жана 2014-жылдары чемпион болушту.  Буга чейин мындай жетишкендикке эч бир клуб ээ болгон эмес. Үч жолу СКА-ПВО Бишкек,  ал эми “ЦАГ ДИНАМО МВД” Бишкек жана “Кант Ойл” Кант клубдары эки жолудан чемпион боло алышкан. “Алга” (Бишкек), “Алга РИИФ” Бишкек, “Алай” Ош, “Металлург” Кадамжай, “Жаштык- Ак- Алтын” Кара-Суу, “Динамо” Бишкек , “Нефтчи” Кочкор-Ата клубдары бир жолудан өлкө биринчилигин жеңишкен. Канттын “Абдыш Ата” клубу быйыл бешинчи жолу күмүш байгени тагынды.