Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди

Алимардон Шүкүров чабуул учурунда. Алимардон ушу тапта Беларустун "Неман" клубунда ойнойт. 

Күйөрмандар. 

Кыргызстандын гимни жаңырып жаткан учур. 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын оюнчулары беттеш алдында Токио-2020 Олимпиадасынын байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарованын сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип чыгышты.

"Биз Олимпиада оюндарынын катышуучулары менен сыймыктанабыз жана аларга мекенибиз - Кыргызстанды эл аралык аренада бийик деңгээлде көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп жазылган Кыргызстандын футбол бирлиги уюму тараткан билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстан менен Палестина менен алты жолу ойногон. Ал оюндарда үч жолу тең чыгып, эки жолу Кыргызстан жеңишке жеткен. Акыркы жолу атаандаштар 2019-жылы Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүп, ал оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

​"Үч улуттун кубогу"  эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт.

Сарсанаа болуп жаткан күйөрман.

Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттештин жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй пикирин айтты:

"Кооптуу учурларды көп жараттык. Албетте, техникалык жактан жана чабуулду ишке ашырууда бир аз маселе бар. Бирок, жигиттер - азаматтар, алар оюнга коюлган пландарды аткарышты. Ага кошумча, бул оюн кээ бир оюнчулар үчүн дебюттук матч болду, аларды куттуктагым келет", - деди Крестинин. 

 

5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт. Оюндар саат 20:30да башталат. Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ Ютуб каналы, Elevensports.com жана КТРК Спорт каналдары түз эфирде көрсөтөт. 

Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.