Футбол: Кыргызстан Мьянманы 7-0 эсебинде утту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталды. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.