АКШны толкуткан Флойд жерге берилди

Флойддун сөөгүн көтөрүп баратышат. 9-июнь, 2020-жыл.

АКШда полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун сөөгү 9-июнда Хьюстон шаарында жерге берилди.

“Мен дем алып жатам. Менин дем алып жатканым адилеттүүлүк бар экенин айгинелейт”, - деген Флойддун жээни Брук Уильямс таякесинин акыркы сөздөрүн эске салды.

Полиция кызматкери Жорж Флойдду жерге көмкөрөсүнөн жаткырып, тизеси менен моюнунан басып, муунткан. Полициячы Флойддун “демим кыстыгып жатат” деп айтканына кулак салган эмес. Афроамерикалык жаран ооруканага жетпей көз жумган.

Төрт саатка созулган коштошуу зыйнатына Флойддун үй-бүлө мүчөлөрү, диний аалымдар, саясатчылар, ырчылар катышты. Алар Флойдду жылуу сөздөр менен эскеришип, диний ырларды аткарышты.

Флойддун туугандары. 9-июнь, 2020-жыл. Хьюстон.

3-ноябрда өтчү президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан катышууга ниеттенип жаткан мурдагы вице-президент Жо Байден “Өтө көп ындыкара америкалыктар күндө эртең менен жөн гана жашаганы үчүн өз өмүрүнөн айрылып каларын билип ойгонушат”,-деди видео аркылуу жасаган кайрылуусунда.

Флойддун сөөгү Техас шаарынын жака белиндеги көрүстөнгө, энесинин жанына коюлду.

Афроамерикалыктын өлүмү Кошмо Штаттарда эки аптадан бери токтобой жаткан толкундоолорго түрткү болду. Америкалык ырчы Эл Грин Флойд бүтүндөй дүйнөнү өзгөрткөнүн айтты.

"Ал бир гана бул өлкөнү, Кошмо Штаттарды гана эмес, ал бүтүндөй дүйнөнү өзгөрттү. Жорж Флойд дүйнөнү өзгөрттү".

Флойддун өлүмүнө катыштыгы бар төрт офицер тең камакка алынды. Ал эми тизеси менен муунткан 44 жаштагы Дерек Шовен адам өлтүрүүнүн экинчи даражасы боюнча айыпталып, камалды.

Дүйнө демекчи, Флойддун сөөгү жерге берилип жаткан маалда бир катар мамлекеттерде расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна каршы акциялар өттү.

Париждеги Республика аянтына чогулган миңдеген адамдар 8 мүнөт 46 секунд тизелеп туруп, Флойдду эскеришти. Прокуратура билдиргендей, дал ушунча убакыт полиция Флойдду тизеси менен муунтуп турган.

Женевадагы каршылык акциясына чыккандар. 9-июнь, 2020-жыл.

Швейцариянын Женева шаарына акцияга чыккандар “Расизм да пандемия” деген ураанды чакырып турушту.

Ал эми Белгияда акцияга чыккандар падыша Леопольд IIнин эстеликтерине боёк чачып салышты. Брюсселдеги эстеликти бийлик ордунан алып койду. Леопольд IIнин бир кездеги колониалдык саясаты көптөн бери ар кандай талаш-тартыштарды жаратып келет.

Бишкекте полициянын зомбулугуна каршы акцияга бир адам катышты. Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, 10-июнда өзүн Денис Реут деп тааныштырган адам колуна “Бийликтин зомбулугунун чеги жок” деген жазууну кармап чыкты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал өзү да Бишкекте күч органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан учурлар болгонун, милиция мыйзам чегинен чыкпай иштеши керектигин айтты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​