Өрткө май чачкан курулуштагы коррупция

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйлөрдө өрт коопсуздугу эмнеге сакталбай жатат? Өрт өчүрүү үчүн кирип-чыгуучу жолдору жок үйлөр кайсы органдардын уруксаты менен курулууда? Бийик үйлөрдө заманбап өрт өчүрүүчү системалар каралганбы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын жетекчиси Азиз Бейшекеев, Бишкек шаар курулуш башкармалыгынын жетекчиси Замира Кангелдиева жана архитектура, шаар куруу боюнча эркин эксперт Кубат Каработоев келди.

"Азаттык": Замира айым, жакында эле Улан микрорайонунда курулуп жаткан жаңы үйлөр боюнча тургундардын нааразылыгына өзүбүз күбө болдук. Үйлөрдүн аралыгы 4-5 метрден, бири-бирине жабышып салынганын, машинелер кирип чыккан айланма жолдор болбогонун көрдүк. Тургундардын нааразылыгы жүйөлүүбү?

Замира Кангелдиева: Улан кичирайонундагы кырдаалдан биздин да кабарыбыз бар. Бул үйлөр 2013-жылга чейин иштеген долбоорлоо мыйзамдарына ылайык курулуп калган. 2013-жылы "Өрт коопсуздугу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Машине өтүүчү жолду 6 метрлик кылып калтыруу долбоордо каралганы менен курулуш учурунда негедир беш метр болуп калыптыр. Албетте, бул аябай курч маселе.

Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр биз Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы менен бирге кырдаалды териштирип жатабыз. "Долбоорго ылайык келдиби же эмнеге мыйзам бузуу менен курулду?" деген суроого биз да жооп издеп жатабыз. Негизи долбоор боюнча машинелер үчүн бардык эле курулуп жаткан жаңы үйлөрдө айланма жолдор каралат. Бирок курулушчулар кагаз түрүндө көрсөтүлгөн нормаларды, иш жүзүндө мыйзамды бузуп турак жай, имараттарды салып коюп жатышат. Маселе курулуш компанияларынын мыйзам бузуусунан улам келип чыгууда.

"Азаттык": Долбоорду бузуп салгандарга кандайдыр чара көрүлөбү?

Замира Кангелдиева: Курулуш иш бүткөндө аны кабыл алуу, бекитүү актысы бар эмеспи. Ошонун негизинде долбоорлоо учурунда эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы менен бирге Бишкек башкы курулуш башкармалыгы чогулуп, карап чыгып, анан жооптуу адамдар кол коёт. Буга карабай, долбоорлоо менен курулушу дал келбеген имараттарды кабыл алгандар мыйзам алдында жоопко тартылууга тийиш. Көбүнчө тургундар 18 кабаттан бийик мыйзамсыз курулуп калган үйлөр тууралуу арызданышат. Анан аларды же бузуп сала албай, арыз ишин кароо бир нече жылдап улана берет.

Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык": Азиз мырза, "Өрт өчүрүү кызматы азыр салынып жаткан жаңы үйлөрдөгү кырсыкты жоюуда туңгуюк жолдордун айынан кире албаган учурлар көп" деп тургундар айтышат. Көп кабаттуу үйлөрдөгү кырсыкты жоюуда кандай кыйынчылыктарга кабылып жатасыздар?

Азиз Бейшекеев: Албетте, акыркы мезгилде мындай учурлар күнүмдүк эле көрүнүш болуп калды. Шаардагы Өрт кызматынын башын ооруткан эң эле орчундуу мүшкүл. Бишкек шаарында азыр машинелер аябай көп. Дал ушул машинелерди токтотуучу атайын жайлар каралбагандыктан, бул да биздин ишке чоң тоскоол болууда.

Кырсык болгон жерге барарда жолду бууп калган машинелерди бошотуп жатып эле убакыттан уттуруп калабыз. Өрт өчүрчү машине кирчү жолдор тосулуп калгандыктан жөө чуркаган учурларыбыз да болот. Айлабыз кеткенде тоскоолдук кылган машинелердин ээлерин издеп жөнөйбүз. Тросс менен жеңил машинени жолдон ары сүйрөгөн да күндөрүбүз болот. Тилекке каршы, күн сайын эле ушинтип кыйналып жатабыз.

"Азаттык": Сиздерде ушундай учурлар улам эле кайталанып жатса, анда курулушка уруксат берген органдарга "бул маселени чечип бергиле" деп кайрыласыңарбы? Мекеме аралык кызматташтык жокпу?

Азиз Бейшекеев: Кайрылып, чогуу иш алып барып келебиз. Биздин кызмат да жаңы салынган имараттардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уруксат берет эмеспи. Ошондо биринчи кезекте айланма жолдорду, өрт өчүрчү машинелер кирип чыга турган жолдорду дыкат карайбыз. Бирок жогоруда айтылгандай курулушчулардын норма бузушу токтобой келатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Тилсиз жоо" менен күрөшкөндөрдүн абалы

"Азаттык": Кубат мырза, мыйзам бар деп айтып жатышат. Эмнеге сакталбай жатат?

Кубат Каработоев: Биринчи кезекте курулушчулар жана жарандар мыйзамды сактабай, бардык нормаларды бузуп жатканы өкүнүчтүү. Шаарды долбоорлогон орган мыйзам бузууга жол бергени үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Ошол эле архитекторлор, долбоорчулар курулушту пландаганда бардык коопсуздук нормаларына ылайык көрсөтмөлөр берилүүгө тийиш. Тилекке каршы азыр бул маселе таптакыр эле башаламан болуп, чечилбей калды. Мындай кырдаалга биринчи кезекте шаардагы жердин тартыштыгы, коррупция да себеп болуп жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өрткө май чачкан курулуштагы коррупция

"Азаттык": Азиз мырза, акыркы убакта шаарда 20 кабаттан ашкан жаңы үйлөр да курулуп жатат. Кокус кырсык болсо бийиктиктен өрт өчүрө алган техникалык мүмкүнчүлүк кандай?

Азиз Бейшекеев: Албетте, техника боюнча маселе өтө көп. Бишкек шаары боюнча бийиктикке чыгуучу 50 метрлик автошаты бирөө эле. Бир шаты менен өрт өчүрүү мүмкүн эмес да! Ар бир райондо жок дегенде мындай шатыдан бирден болушу керек. Ал шаты да 16-кабатка чейин эле көтөрүлө алат. Азыр эми 22-25 кабаттуу үйлөр курулуп жатпайбы. Аларда кокус өрт чыкса өчүрүү кыйын. Мыйзамдарда Бишкекте 25 кабатка чейин үй салууга уруксат берилген. Негедир ошол мыйзамдар өрт өчүрүүчү кызматтын техникалык мүмкүнчүлүгүн эске алган эмес.

"Азаттык+": Адал ишке аз айлык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттык+": Адал ишке аз айлык

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.