Банктагы эсепти текшерүүнүн оош-кыйышы

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызмат коммерциялык банктарга жиберген катын террордук аракеттерди каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы эл аралык келишимдерди аткаруу милдети менен байланыштырды.

Аталган кызмат банктардан бардык кардарлардын эсептери жана банк уячалары тууралуу маалымат сураган каты апта башында ачыкка чыгып, ал өз кезегинде адам укуктарына жана купуялык мыйзамына каршы аракет катары кескин сынга кабылган.

Финансылык чалгын кызматы кат коомчулукка кандайча тарап кеткенин иликтеп берүүнү сурап Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылды.

Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызмат 21-декабрда басма сөз жыйынын уюштуруп, Интернетке тарап кеткен катка түшүндүрмө берди.

Мекеменин статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев коммерциялык банктардагы бардык кардарлардын эсептери жана банк уячаларынын маалыматын топтоону “бирдиктүү реестр түзүү аракети” деп билдирди:

Чыңгыз Кененбаев.

- Кыргыз Республикасы 2012-жылдан бери Евразиялык топтун мүчөсү болуп эсептелет. Ошого байланыштуу Кыргызстан террористтик иштерди каржылоого, кылмыштуу кирешени адалдоого каршы туруу боюнча эл аралык стандарттарды сактоо тууралуу милдеттенмелерди алган. Андагы 31-сунуштамага ылайык өлкөдөгү коммерциялык бантардагы банк эсептерин, банк уячаларын тез табыш үчүн атайын механизмдер болушу керек. Кылмыш иштерин тергеп жатканда биз ыкчам маалымат алышыбыз керек. Биз азыр банктарга кат жөнөтүп, алардан кайра жооп келип, маалымат чогулткуча көп убакыт кетет. Ал арада кайсы бир тараптар акчаны башка мамлекетке чыгарып кетиши да мүмкүн. Ал эми Финансылык чалгын кызматынын негизги милдети - финансылык коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуу кирешеге же терроризмди каржылоого тиешеси бар иштерди убагында токтотуу.

Финчалгын кызматы кабарлагандай, Кыргызстан эл аралык универсалдык стандарттарга ылайык, террористтик ишти каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы 40 бөлүмдөн турган талапты аткарышы керек. Соңку баалоодо өлкө талаптардын 13ү боюнча төмөн баа алган. Эгер келерки жылдын май айына чейин кемчиликтер жоюлбаса, Кыргызстан ар кандай санкцияларга кабылышы мүмкүн.

Бирок Кыргызстандагы Коммерциялык банктар бирикмесинин жетекчиси Анвар Абдраев Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын банк эсептери менен уячаларынын маалыматын топтоо мыйзамга каршы келерин айтты:

Финансылык чалгын кызматынын каты Конституцияга да, мыйзамдарга да каршы келет.

- Ал сунуш эле да. Ал эми мыйзам деген башка. Кыргызстанда Конституция - эң негизги мыйзам. Финансылык чалгын кызматынын каты Конституцияга да, мыйзамдарга да каршы келет. Кайра-кайра эле ар кандай актануу сөздөрүн айта берген туура эмес. Кандай гана эл аралык уюм бизге сунуш бербесин, ал сунуш катары кабыл алынышы зарыл. Эгер аны аткарыш керек болсо, анда биздин мыйзамдарды өзгөртүш керек.

Финчалгын кызматынын ишине Улуттук банк да тынчсызданып, банктардын бардык кардарлары боюнча толук маалымат берүү "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмерлик жөнүндө" мыйзамга каршы келерин билдирген.

Башкы банк эгер эсептер менен уячалардын ээлери боюнча реестр түзүлсө, ал финансылык чөйрөгө сокку урушу мүмкүн экенин эскерткен.

Экономист Искендер Шаршеев бул иштин кесепети кандай болорун түшүндүрдү:

- Банктардагы бардык уячалардын маалыматы ачыкка чыкса, анда Кыргызстандын банктарынан капитал качат. Бул коррупциялык гана акча эмес, жөн гана ишкерлердин деле каражаты болушу мүмкүн. Алар коопсуздук үчүн деле акчасын чыгарып кетиши мүмкүн. Мунун айынан банктардын депозиттери азайып, иш начарлайт. Өлкөдө каражаттын айланышы солгундайт. Инвестициянын көлөмү кемийт.

Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Абдраев банк кардарларынын эсептери менен уячалары боюнча маселе банктардын жетекчилери менен эки-үч ирет талкууланып, алар бир пикирге келишкенин айтып жатат. Ал банк эсептери менен уячаларынын купуялыгына да кепилдик берди:

Гуламжан Абдраев.

- Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызмат банктык эсептер менен уячалардын купуялыгына жооп берет. Биз банк уячаларынын ичинде эмне бар экенин сураган жокпуз. Биз кимдин атында кандай уяча бар экенин гана сурап жатабыз. Ал эми уячанын ичинде акча барбы же башка нерсе барбы - ал купуя. Аны банктын жетекчиси да билбейт. Бул жерде туура түшүнүш керек. Биз банк уячасынын ичиндеги нерсени сураган жокпуз.

Абдраев бул маалыматтарды чогултууга мыйзамсыз иш алып барган адамдар каршы болуп жатат эсептейт. Анткени офшордук өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосунда айланган акчанын суммасы жыл сайын көбөйүп жаткан экен.

Дагы караңыз «Панама документиндеги» кыргызстандыктар

Маселен, 2016-жылы Кыргызстанга ушундай жол менен 7 млн. 490 миң доллар келген болсо, өлкөдөн кайра 10 млн. 937 миң доллар чыгарылып кеткен. 2017-жылы офшордук өлкөлөрдөн 9 млн. 379 миң доллар түшүп, кайра 14 млн. доллар, 2018-жылдын 11 айында 7 млн. доллар кирип, Кыргызстандан кайра 11 млн. доллар чыгарылып кеткен.

Финчалгын кызматынын банктарга жиберген каты боюнча Жогорку Кеңеште да маселе көтөрүлүп, депутат Иса Өмүркулов бул ишти “чыккынчылыкка” теңеген:

Иса Өмүркулов.

- Финансылык чалгын кызматы банктардын баарына тең кат жазып жөнөтүптүр. Ушинтип жатса бизге инвестор келеби? Ошондой адистин мамлекетке кереги барбы? Ал чыккынчы да. Бул мыйзамды, бүгүнкү шартты билбегендиги. Ар бир адисиңер эле өз билгенин кыла бере турган болсо, өкмөт, кандай командасыңар? Бул деген сабак болот. Мунун жүрүшүн көзөмөлгө алабыз.

Басма сөз жыйынында Гуламжан Абдраев коюлган дооматтарга жооп кайтарды.

- Кээ бир аткаминерлер “Кыргызстандан инвесторлор кетип калат” деп айтып жатышат. Мен билгенден бир да инвестор каражатын банк уячасына сактабайт. Мен муну өз иш тажрыйбамдан улам айтып атам. Биз тескерисинче баары ачык-айкын болсун деп жатабыз. Инвесторлор таза, адал акчаны алып келип Кыргызстандын экономикасына сарптай турган болсо, алар үчүн бүт шарттар түзүлгөн. Эгер мыйзамсыз жолдор менен табылган акча болсо, ага бөгөт коюунун жолдору каралган. Биздин банктарга болгон мыйзамдуу талабыбыздан улам инвесторлор качып кетет деген коркунуч жок. Ошол эле учурда инвесторлор да таза акча менен иштейт деп ойлойм.

Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Гуламжан Абдраевдин "өтө маанилүү" деген белгиси коюлган, 10-декабрда жазылып, коммерциялык банктарга жиберилген каты 18-декабрда Интернетке тарап кеткен.

Документте коммерциялык банктарга "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.