Freedom House (FH) эл аралык уюмунун 11-апрелде жарыяланган "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" аталышындагы баяндамасында былтыр 10 өлкөнүн демократиялык көрсөткүчү төмөндөгөнү айтылат.
Ал эми беш өлкөдө мурдагы жылга салыштырмалуу демократиянын абалы жакшыра баштаганы байкалган.
Баяндамада Борбордук Европада жана Борбор Азияда демократиялык көрсөткүчтөр соңку 20 жыл бою начарлап жатканы жазылган. 29 өлкөнүн ичинен эң төмөн "демократия упайлары" бар деп Түркмөнстан (1,00), Тажикстан (1,04), Азербайжан (1,07) жана Орусия (1,07) көрсөтүлдү.
Баяндамада Кыргызстан 2005-жылдан бери жалпы демократиянын рейтинги төмөндөгөн 10 өлкөнүн бири аталып, Орусия, Тажикстан жана Азербайжан менен бир сапты ээледи.
Өзбекстан дагы деле автократия тамырлаган мамлекет деп табылып, баяндамада азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин бийликте калышын 2040-жылга чейин шарттаган мыйзамды кабыл алышы белгиленет.
Freedom House жарыялаган баяндамада соңку жылы Кыргызстанда жана анын коңшусу Казакстанда түзүлгөн саясий режим жарандык коомду аксатууга аракет кылганы жазылган.
"Казакстан менен Кыргызстан азыр авторитардык режимге ыктаганы байкалат. Бул эки өлкөнүн саясий режимдери жергиликтүү автономияны жана жарандык коомдун активдүүлүгүн өчүрүүгө аракет кылып, коомдук пикир келишпестиктерди жаратып жатышат", - деп айтылат баяндамада.
Дагы караңыз "Чет элдик өкүл": Президенттин убадасы, бейөкмөт уюмдардын санаасыКазакстандагы абал
Казакстан Freedom House уюмунун жаңы баяндамасында мүмкүн болгон жети баллдан 1,29 балл алган. Өткөн жылы Казакстандагы демократиянын абалына 1,32 балл берилген.
Астана көз карашы үчүн жарандарды куугунтукка аларын моюнга албай келет. 2019-жылы президенттик кызматка киришкенден кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан Казакстанда демократия “активдүү калыптануу баскычында” экенин айткан. Ал “демократиялык” деп атаган, 2020-жылы кабыл алынган "Тынч жыйындар жөнүндөгү" мыйзамды укук коргоочулар эл аралык стандарттарга жооп бербейт деп сындаган.
2023-жылы Астанада парламентте казак президенти бийликти сындоо “конструктивдүү” болушу керектигин айткан. "Демократия бул биринчи кезекте сөзүң жана иш-аракеттериң үчүн жоопкерчилик алуу", - деген ал.
Орусия менен Азербайжандын рейтингин түшүргөн согуштар
Докладда эл аралык уюм Орусия менен Азербайжанды "баскынчылык согуштары" үчүн "адам укуктары жана плюралисттик коомдорго болгон жек көрүүчүлүктүн мисалы" деп атаган.
Дагы караңыз "Алиев өзү менен өзү атаандашат". Авторитардык династиянын үстөмдүгү"Авторитардык режимдер өз чабуулун күчөтүп, бүткүл аймактагы демократиялык башкарууга доо кетирүүдө", - деп билдирди Freedom House уюмунун президенти Майкл Абрамович.
Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага толук масштабдуу чабуулун баштаган, ал эми Азербайжандын 2023-жылдын сентябрь айындагы чабуулунан кийин Баку отуз жылдан бери этникалык армяндардын көзөмөлүндө болгон Тоолуу Карабак аймагын кайрадан кайтарып алган.
"Украинада жана Тоолуу Карабакта биз авторитардык бийликтин кесепеттерин көрдүк жана бул нерселер ушуну менен токтойт деп ишенүүгө эч кандай негиз жок. Демократтар өз кызыкчылыктарын жана баалуулуктарын сактоо үчүн шашылыш жана ырааттуу иш-аракет кылбаса, диктатура жана репрессиялар көбүрөөк аймактарды каптайт", - деп кошумчалады Абрамович.
Freedom House уюму өз изилдөөсүнө өлкөлөрдөгү өкмөттүн сот жана антикоррупциялык институттарды куруудагы жетишкендиктери жана паракорчулукту, анын ичинен аскерий чөйрөнү активдүү иликтөөсү себеп болгонун билдирди. Бул жолку докладда Украинанын көрсөткүчү 3,36дан 3,43кө көтөрүлгөн. Отчетто эң көп “демократиялык упай" алган өлкөлөр Эстония (6,00), Латвия (5,79) жана Словения (5,79) болгон.
“Европалык демократиянын тагдыры азыр демократиялык мамлекеттердин Украинаны колдоо аркылуу аймактагы коопсуздукка мамилени кабыл алууга даярдыгынан көз каранды”, - дейт докладдын авторлорунун бири Майк Смельтцер.
Дагы караңыз Кыргызстан "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарында калдыБуга чейин Freedom House (FH) эл аралык уюмунун 29-февралда жарыяланган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик абалы начарлап баратканы айтылган. Кыргызстан бул баяндама да төртүнчү жыл катары менен "эркин эмес" мамлекет аталган. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. Кыргызстан 2009-жылдан бери Борбор Азиядагы жападан жалгыз “жарым-жартылай эркин өлкө” деген макамын сактап келип, 2021-жылы “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулган. Андан бери бул тизмеден чыга элек.