Еврокомиссия украин буудайына тыюу салган чечимди сындады

Польшалык дыйкандардын нааразылык акциясы. 3-апрель, 2023-жыл

Польша жана Венгрия украин буудайынын импортуна тыюу салгандан кийин Европа комиссиясы соодадагы бир тараптуу чаралар кабыл алынгыс экенин эскертти. Варшава менен Будапешт өздөрүнүн айыл чарба тармагынын кызыкчылыгын коргоп жатканын айтууда.

Кара деңиздеги порттору бөгөттөлгөндө Киев кээ бир кошуна өлкөлөрү аркылуу өтчү кошумча маршруттары тапкан. Бирок логистикалык маселелерден улам миллиондогон тонна буудай ошол жерлерде топтолуп калды.

Еврошаркеттин сыны

Европа комиссиясынын басма сөз катчысы 16-апрелде шаркеттин эки мүчөсү – Польша менен Венгриянын соңку чечимдерин “кабыл алынгыс” деп сындады.

“Соода саясатын Евробиримдик гана чечерин баса белгилөө зарыл. Андыктан бир тараптуу аракеттер кабыл алынгыс. Кыйын мезгилде бардык чечимдерди координациялап жана макулдашып туруу абдан маанилүү”, - деп айтылат Еврокомиссиянын жекшемби күнкү билдирүүсүндө.

Мунун алдында чыгыш европалык эки өлкө июндун этегине чейин Украинадан келген данга жана башка айыл чарба продукциясына убактылуу тыюу салганын билдирген.

Польшалык фермерлердин акциясы. 3-апрель, 2023-жыл

Чыгыш Европаны Украинанын арзан айыл чарба продукциясы каптады

Польшанын өнүгүү жана технологиялар министри Валдемар Буданын айтымында, 15-апрелдин кечинде киргизилген чара продукциянын транзитине да тиешелүү болот. Министр Варшава андан кийин товарлар Польшанын аймагынан өтүп, бирок жергиликтүү базарга чыкпайт деген кепилдик алуу үчүн украин тарап менен бирдиктүү система түзүү тууралуу сүйлөшүү жүрөрүн кошумчалады.

Маалыматка караганда, импорттоого тыюу салынган товарлардын тизмесине бир катар дан азыктары, кумшекер, мөмө жана жер-жемиштер, вино, уй эти, тоок, сүт азыктары, жумуртка жана бал кирген.

Кара деңиздеги порттору бөгөттөлгөндө Киев Еврошаркет колдогон “тилектештик жолдорунун” жардамы менен Польша, Венгрия жана Румыния аркылуу өтчү алтернативдүү маршруттарды тапкан.

Согушка байланыштуу Украинанын товарлары 2024-жылдын жайына чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулгандыктан, ал жактан чыккан айыл чарба продукциясы арзан болууда. Андан тышкары логистикалык маселелерден улам миллиондогон тонна буудай кошуна өлкөлөрдөгү кампаларда топтолуп калды. Натыйжада жергиликтүү дыйкандардын продукциясы мурдагыдай өтпөй калды.

Анын үстүнө Польшада шайлоо алдында башкаруудагы “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы үчүн оңой эмес саясий кырдаал түзүлдү. Рейтер агенттиги белгилгендей, адатта партияны колдогон элет жерлеринде да нааразылык күчөп баратат.

Ишембиде Украинанын Азык-түлүк жана айыл чарба министрлиги Польша салган тыюу экспорт жаатында эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирди жана маселени чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды.

Венгриянын өкмөтү Польшанын артынан ушундай эле чара көрөрүн маалымдап, бирок ал качан күчүнө кирерин тактаган жок.

Румыниялык фермерлердин акциясы. 7-апрель, 2023-жыл

Ушул айдын башында Румынияда фермерлер украиналык арзан буудай-арпанын каптаганына нааразылыгын билдирип, Еврокомиссияны кийлигишүүгө үндөгөн. 7-апрелде шаркеттин Бухаресттеги кеңсесинин алдына чогулган 200дөй киши “Биз Евробиримдиктин эрежелерин урматтайбыз, биримдик бизди көз жаздымда калтырды”, “Евробиримдик, чара көр” деген плакаттарды көтөрүп чыккан.

Украин буудайын чыгаруу келишими

Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Москва, Киев жана Анкарага жолдогон катында украин дан азыктарын экспорттоо келишимининин солгун аткарылып жатышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Украина дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Киев жана бир катар Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын портторун блокадага алуу менен дүйнөдө ачарчылыкка жол ачып, Москва муну курал катары колдонуп жатканын айтышкан. Кремл айыптоолорду чечтке кагып келди.

Бул маселени чечүү максатында былтыр июлда Орусия менен Украинанын ортосунда Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын ортомчулугу менен атайын келишим түзүлгөн. Бул келишим былтыр ноябрда, андан кийин мартта узартылган. Кара деңиздеги данды экспорттоочу коридорго Украина, Орусия жана Түркиянын өкүлдөрү кирген Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбор мониторинг кылат.

Москва келишимди узартуу үчүн өз айыл чара продукциясына байланышкан улам бир талапты коюуда. Өткөн бейшембиде орус Тышкы иштер министрлиги “системалүү маселелер” чечилмейинче 18-майдан кийин сөз болгон демилгенин узартылбасын эскертти.