Астанадагы саммит: Евробиримдик менен кызматташтык эмнени өзгөрөт?

Астанада Борбор Азия өлкөлөрү жана Европа Биримдигинин жолугушуусу өттү. Алгач жолу уюштурулган саммитке аймактагы беш өлкөнүн лидерлери жана Еврошаркеттин жетекчилиги катышты.

Казакстандын борбору Астанадагы саммитке региондогу беш өлкөнүн лидерлери жана Евробиримдиктин президенти Шарль Мишель катышты. Алгач ирет уюштурулган саммитте Европадагы 27 өлкөнүн башын кошкон уюм менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий, экономикалык кызматташтыгы талкууланды.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров жыйынга катышуу үчүн 27-октябрда Астанага барды. Ал бул күнү Евробиримдиктин президенти Шарль Мишель жана казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту жана саммитке катышты.

Жапаров Евробиримдикти санкциялар боюнча кеңешүүгө чакырды

Мишель менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сөз болгонун кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров экономикалык байланыштарды жандандыруу жана ВСП+ же Жалпы жеңилдиктер системасынын макамын узартууну сунуштаган.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Еврошаркет ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча кеңейтилген келишимге даярдык талкууланган. Буга чейинки макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Жаңыртылган макулдашуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматтар утур-утур жарыяланганы менен ал ишке аша элек.

Ал эми "Борбор Азия — Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусунда Жапаров алты тараптуу жаңы жолугушууну кубаттаган. Ал Евробиримдик менен Борбор Азиядагы кызматташтыктын потенциалы бар экенин белгилеген. Жапаров Кыргызстан жана Еврошаркеттин кызматташтыгы өнүгүп жатканын, буга чейинки долбоорлордун уланышына кызыкдарлыгын билдирген.

Дагы караңыз Бишкек-Брюссел: келишим кечеңдеди

"Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштарды изилдөөсүнүн жыйынтыгын оптимисттик маанай менен күтүп жатабыз. Санариптештирүү маселелеринде системалуу түрдө алдыга жылыштар бар. Бир нече жылдан бери Европа Биримдиги менен бул жааттагы долбоорлор натыйжалуу ишке ашырылып келет, аларды улантууга даярбыз", - деди Жапаров.

Өз сөзүндө кыргыз президенти Украинадагы кырдаалга камтамачылыгын билдирип, Кыргызстан бул кризис сүйлөшүү жолу менен гана жөнгө салынышы керек деген позицияны карманарын кошумчалады.

Ал Орусияга салынган санкциялар анын өнөктөштөрүнө сезилип жатканын, буга байланыштуу Европа Биримдигин санкцияларды киргизүүдө консультацияларды өткөрүүгө чакырды.

Садыр Жапаров аймактык индикативдик пландын алкагында 2027-жылга чейин адам укуктары, суу жана энергетика, жарандык коомду колдоо, санариптештирүү, ишкердикти өнүктүрүү жаатында Евробиримдиктен көмөк алып келгенин кошумчалады.

Басым күчөгөндөгү сапар

Соңку жолугушуу Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы активист, саясатчылар жапырт камалып, маалымат каражаттарына басым күчөгөн маалга туш келди.

23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген негизде 20дан ашык оппозициячыл маанайдагы саясатчы, активисттер камакка алынды.

26-октябрда Маданият жана маалымат министрлиги "Азаттык" радиосунун сайтын эки айга бөгөттөө чечимин жарыялады.

Дагы караңыз Медиакоомчулук "Азаттыкка" тилектештик акциясын баштады


Дал ушул окуялар Кыргызстан менен Евробиримдиктин жетекчилеринин жолугушуусунда көтөрүлгөнү боюнча маалыматты президенттик администрация өз маалыматында жарыялаган жок.

Жолугушуу жөнүндө Евробиримдик расмий маалымат тарата элек.

Эксперттер Кыргызстанды адам укуктарын сактоо, демократиялык өзгөрүүлөргө чакырып келген Еврошаркет соңку окуяларга көңүл бурат деген ишенимде.

Мындай пикирди кармагандардын бири саясат талдоочу Эмил Жороев:

"Албетте, европалык өнөктөштөр Кыргызстандагы соңку окуялардан кабардар. Өзгөчө укук коргоочулар, оппозиция мүчөлөрүнүн кармалганын укту керек деп ойлойм. Президент менен жолукканда бул маселе көтөрүлгөнүнөн күмөнүм жок. Албетте кандай нукта жана кандай деңгээлде көтөрүлөт, бул башка маселе. Бирок Борбор Азияда буга чейин салыштырмалуу демократиялуу деп келген өлкөдөгү акыркы окуяларга көңүл бурулат".

Азырынча соңку окуялар боюнча Европа Биримдиги эч кандай билдирүү тарата элек.

Бирок буга чейин аталган уюм өлкө жетекчилигин сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышына чакырып келген эле.

Евробиримдик Кыргызстанды "ВСП+" - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган тогуз өлкөнүн катарына киргизсе да Бишкек бул макамды толук колдоно албай жатканын айткандар бар.

Дагы караңыз ЕАЭБ соодада доллар менен еврону азайткысы келет


Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров ЕБ менен экономикалык байланыштарды күчөтүүгө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

"Экономикалык мамиледе соңку жылдары көп деле өзгөрүү жок. Сооданын деңгээли төмөндөн көтөрүлө албай койду. Анын да өз себептери бар. Бирок биз сооданын деңгээлин көтөрүүгө аракет кылуу менен бирге ал өлкөлөрдөн технологияны алууга маани бериш керек болуп турат".

5С+1: Кызматташтыкта эмне өзгөрдү?

Жогоруда белгиленгендей, Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити алгач жолу өтүүдө.

Дүйнөдөгү абал, орус-украин согушу, Батыш менен Орусиянын мамилеси болуп көрбөгөндөй чыңалып турганда мындай саммиттин өтүшүнүн маанисине эксперттер өзгөчө көңүл бурушууда. Анткени, Борбор Азиядагы өлкөлөр тышкы саясатта Орусиянын негизги стратегиялык өнөктөшү саналат жана көп маселелерде Москванын позициясы маанилүү.

Дал ушундай шартта расмий Брюссел Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкта демократиялык баалуулуктарды, парламентаризмди өнүктүрүүгө көңүл бурушу мүмкүн.

Жалпысынан Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыгы жалпы чөлкөмдүк масштабда эмес, ар бир өлкө менен эки тараптуу негизде жүрүп келген.

Бирок соңку жылдары дал ушул 5C+ EU деген форматты өнүктүрүүгө аракет кылып, бир нече иш-чараларды өткөрдү. 2019-жылы Евробиримдик Борбор Азия менен кызматташтыктын жаңы стратегиясын кабыл алган.