Түркия менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык кайым айтышууга дагы бир маселе кошулду. Немис басылмалары Түркия Германиянын аймагындагы тыңчылык аракеттерин күчөткөнүн жазып чыгышты.
“Зюддойче цайтунг” (The Sueddeutsche Zeitung) жана дагы эки телеканал кабарлагандай, Түркиянын Улуттук чалгын агенттиги Гүлен кыймылынын Германияда жашаган кеминде үч жүз тарапкеринин жана 200дөй уюмдун тизмесин немис атайын кызматтарына тапшырган. “Рейтерс” агенттиги жазгандай, тизмедеги айрым адамдардын сүрөттөрү жашыруун тартылып алынган.
Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер 28-мартта Пассау шаарында бул кабарлар боюнча немис өкмөтүнүн позициясын журналисттерге айтты:
“Мындай ишмердүүлүк кабыл алынгыс экенин бир нече жолу Түркияга айтканбыз. Гүлен кыймылы жөнүндө эмне ойлосоңуз да бул жерде немис мыйзамдары иштейт жана анда жашаган атуулдар чет мамлекеттин тыңчылыгына туш болбошу керек”.
Министр түрк тарап берген тизме бирден текшерүүгө алынарын, ошентсе да тыңчылык аракет түрк-немис алакасына абийир алып келбестигин кошумчалады.
Өткөн аптада Швейцария да өз аймагындагы түрк атуулдар аңдууга туш болду деген маалыматтарды иликтей баштаган. Федералдык прокурорлор муну саясий тыңчылык деп атаганга негиз бардыгын айтып, бирок кайсы топ бутага алынганын ачык билдирген эмес.
Президент Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” кыймылын 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетин уюштурду деп айыптап келет. Андан бери түрк бийлиги кыймылга тиешеси бар деген жүйө менен 100 миңден ашык адамды кызматтан алды. Диниятчы Гүлен төңкөрүш аракетине өзүнүн жана өз тарапкерлеринин эч тиешеси жок экенин буга чейин бир нече ирет билдирген.
Февраль айында немис полициясы Гүлен кыймылынын тарапкерлерин аңдууга алды делген төрт түрк имамдын үйүндө тинтүү жүргүзгөн.
Түркия Германия жана Швейцариядагы соңку кабарлар боюнча үн катала элек. Бирок ага чейинки тыңчылык айыптар боюнча президент Эрдогандын басма сөз катчысы Ибрахим Калын 19-мартта CNN Turk каналына пикирин билдирген. Ал Гүлен кыймылынын көп тарапкерлери Германияга качканын айтып, немис бийлигин аларды калкалайт деп айыптаган:
“Немис чалгын кызматында бул адамдар ким экени, эмне иш кылып, кимдер менен жолукканы тууралуу маалымат жок болушу мүмкүнбү? Эмне үчүн аларды коргоп жатышат? Себеби бул - Германия үчүн Түркияга каршы колдонулуучу пайдалуу инструмент”.
Европа Биримдигинин кыймылдаткыч күчү саналган Германия менен Түркиянын ортосундагы бул сыяктуу кайым айтышуулар президент Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейте турган референдумдун алдында өзгөчө күч алды. 16-апрелдеги элдик добуш берүүдө жаңы конституциялык өзгөртүүлөр колдоо тапса Түркия парламенттик системадан баш тартып, толугу менен президенттик башкарууга өтөт.
Март айынын башында Түркиянын Германия жана Нидерланддардагы түрк жарандары үчүн үгүт жыйынын өткөрүү аракети ийгиликсиз аяктаган. Европадагы эки өлкө коопсуздук маселесин жүйө келтирип, түрк министрлеринин жыйын өткөрүшүнө уруксат бербей койгон. Мындай аракет Түркиянын кескин сынына кабылып, дипломатиялык кайым айтышууларга жол ачкан.
Нидерланддарда 400 миңдей түрк тектүү жаран жашаса, Германияда 1,4 миллиондой, Швейцарияда 70 миңдей түрк шайлоочусу бар.