Кришито жана Ляйчич Евро-2012де футбол ойнобойт

Hyundai Rotem компаниясында жасалып, капталына Евро-2012нин эмблемасы тартылган поезд Киевдин темир жол вокзалында. 28-май 2012

Европанын футбол чемпионаты алдында Италиянын жана Сербиянын улуттук командаларынан бирден футболист четтетилди.
8-июнда Европанын футбол чемпионаты Польшада жана Украинада башталат. Анын алдында Италия жана Сербиянын курама командаларынан бирден оюнчу четтетилди.

“Азурри” командасынын коргоочусу Доменик Кришито оюнду сүйлөшүп бүткөрүүгө байланыштуу чатакка аралашкандан улам, Еврочемпионатка катышпайт. Бул жөнүндө Италиянын футбол федерациясынын вице-президенти Дмитрио Албертини: "Кырдаалды иликтеп көрүп, Евро-2012ге Италиянын командасында Кришито катышпайт. Ал чемпионатта болбойт. Бул өтө өкүнүчтүү,"- деп билдирди дүйшөмбү күнү.

Сүйлөшүп ойноонун курмандыгы “Лацио” командасынын капитаны Стефано Маури да болду. Полиция аны камакка алганы, курама команда машыкчу база текшерилгени, өлкө чемпиону “Ювентустун” менеджери Антонио Конте суракка алынганы кабарланды.

Сербиянын курамасынын жаңы устазы Синиша Михайлович жарым коргоочу Адем Ляйчичти улуттук тандалма командадан кетирди. Себеби ал ишемби күнкү Сербия жана Испаниянын жолдоштук беттешүүсү алдында өлкөнүн гимнин ырдоодон баш тарткан эле. Беттешүүнү испан футболистери 2:0 эсебинде жеңген.

20 жаштагы Ляйчич Сербиялык мусулмандардан. учурда Италиянын “Фиорентина” командасында ойнойт. Ляйчич Сербиянын гимнин болочокто ырдабасын айтып, бирок анын жүйөөсүн айтып түшүндүргөн эмес. Баса, Синиша Михайлович былтырга чейин “Фиорентинаны” машыктырган.

Өткөн аптада Сербиянын улуттук командасынын машыктыруучусу болуп, эки жылга жалданган Михайлович футболисттерди курама командадагы жүрүм-турумдун кодексине кол койдурган эле. “Абийир кодексине” ылайык, футболисттер улуттук гимнди билип, ырдоого тийиш.

16 мамлекеттин курамалары катышкан мелдеш Украинанын Киев, Львов, Донецк, Харьков, ошондой эле Польшанын Варшава, Гданск, Врослав жана Познань шаарларында өтөт. Европанын тарыхында футбол мелдеши үчүнчү жолу эки өлкөдө өткөрүлүүдө. Биринчи ирет 2000-жылы Бельгия менен Нидерландияда, экинчи жолу 2008-жылы Австрия жана Швейцарияда өткөн. Бул ирет биринчи оюн 8-июнда Варшавада башталып, финалдык таймаш 1-июлда Киевде болот. Украина еврочемпионатты өткөрүү үчүн мейманканалар жана инфраструктураны жакшыртууга 5 миллиард доллар инвестиция салган. Вице-премьер Борис Колесниковдун 29-майда билдиришинче, чемпионаттан Украин өкмөтү өлкө 1,5 миллиард долларга чейин киреше табат деген үмүттө.