ЕБнын Венгрияны "жазалоо" аракети

Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентинин Венгрия тууралуу баяндамасын анын өлкөсүн "кемсинтүү" катары баалады.

11-12-сентябрда Европарламентте Венгрия тууралуу баяндама каралып, дисциплинардык чара көрүү сунушу талкууланды. Европарламенттин депутаттары Венгрияны жазалоону 12-сентябрдагы олтурумунда үчтөн эки добуш менен колдошту.

Мурдараак Евробиримдик Будапешти бийликти бөлүштүрүү принциптерин бузуп, саясий эркиндиктерди чектеп жатканы үчүн айыптаган.

Эми Европа Биримдигинин келишимине ылайык, Венгрияга карата айып процедурасын колдонуу-колдонбоо маселесин Европа кеңеши чечүүсү керек. Эгер ал эреже колдонулса, Венгрия добуш берүү укугунан ажыратылышы да мүмкүн.

Венгер тышкы иштер министри Питер Сжижарто алар Европарламент чечиминин мыйзамдуулугун талаша турганын белгиледи.

Расмий Будапешт өз тарабынан Европарламенттин чечимин саясатчылардын “майда өч алуусу” катары айыптады.

11-сентябрда Европарламентте талкууланган Венгрия тууралуу баяндамада бул өлкө Европа биримдигинин жалпы баалуулуктарын, айталы, конституциялык жана шайлоо системаларын урматтабайт, соттордун көз карандысыздыгын камсыздабайт, коррупцияга жол берет, диний ишенимди жана сөз эркиндигин чектейт, улуттук азчылыктардын жана мигранттардын укуктарын бузат деп белгиленген.

Анда сөз сүйлөгөн премьер-министр Виктор Орбан баяндама “Венгрияны кемсинтип, венгер элинин ар-намысына шек келтирүүдө” деди:

- Ачык айталы, эл Венгрия мигранттардын өлкөсү болбойт деп чечкени үчүн гана доого калып жатат. Сиздерди урматтап, ошол эле кезде Европа Биримдигиндеги миграциялык саясатты жактаган күчтөрдүн Венгрияны жана венгер элин жалган маалыматтар менен коркутуп, шантаж кылуусуна жол берилбей турганын чечкиндүү айтам. Венгрия өз чек арасын коргойт жана мыйзамсыз миграцияны токтотот. Венгрия өзүнүн укуктарын эгер ал сиздерге каршы болсо да коргойт.

Европарламент.

Венгрия уюмга 2004-жылдан бери мүчө. Виктор Орбан баяндамада 37 ката бар жана ал мурдагы келишимдерге карама-каршы келет деп да белгиледи. Анын айтымында, Венгриянын Европа тарыхында аймак үчүн “кошкон салымы зор, керек учурда оор эмгек кылып, канын да төккөн”.

Европарламенттин Эркиндик жана демократия тобунун тең төрагасы Найджл Фараж талкуу учурунда Орбандын сөзү менен иши дал келбей жатканына көңүл бурду:

- Орбан мырза, сиз Европа биримдигинин мүчөсү бойдон калаарыңызды айтып жатасыз. Бирок сиз бүгүн өз мамлекетиңизди гана эмес, бизди да шылдыңдадыңыз. Ырааттуу болуу мезгили келди. Брексит клубга барыңыз да, кошулуңуз. Бул сизге жагат.

Найджл Фараж ​Брексит клубу дегенде Европа биримдигинен чыгууга умтулгандарды ишара кылып жатат. Ал эми дагы бир депутат Гуи Верхофстадт “негизи Орбан мырза Европа Биримдигине мүчө болбошу керек эле, бул бүгүнкү күндүн чындыгы” деди парламенттеги талкууда.

Нидерландиялык саясатчы, Европа комиссиясынын президентинин орун басары Франс Тиммерманс Венгрия тууралуу баяндамада айтылган маалыматтарды эске салды:

Франс Тиммерманс

- Бул контексттен алганда, биздин мамлекеттердеги - Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү демократия мыйзам үстөмдүгүсүз жана негизги укуктарды урматтоосуз болушу мүмкүн эмес. Алар катарлаш жүрөт. Бул баалуулуктар: жеке эркиндик, плюрализм, дискриминацияга жол бербөө - жалпы коомду мүнөздөйт. Тилекке каршы, комиссия баяндамада айтылгандар боюнча камтамачылыгын билдирет. Өзгөчө, негизги укуктар, коррупция, соттордун көз карандысыздыгы жана азчылыктар тууралуу маалыматтар.

Венгрия бийлигинин Брюссел менен алакасы 2015-жылы балкан маршруту аркылуу Европага агылган мигранттар каптап келгенден тарта өзгөчө курчуган.

Премьер-министр Виктор Орбандын “Фидес” партиясы антимигранттык өнөктүктүн натыйжасында быйылкы шайлоодо парламенттеги орундардын үчтөн экисин утуп алган. Брюссел ошол эле кезде Венгриянын улутчул бийлиги демократиялык баалуулуктардан четтеп кетти деп да доомат коюп келе жатат.

2015-жылы Европа биримдигине агылган мигранттардын көбү биринчи Венгрияга келишкен.

Венгриядан тышкары, “Вышеград төрттүгүнө” кирген Польша, Словакия жана Чехия Евробиримдиктин батышындагы мүчөлөрдүн миграция саясатына каршы болуп келүүдө. Алар мигранттарды квотага ылайык бөлүүгө, алардын чыгымын “тең көтөрүүгө” макул эмес.

Согуш жана ачарчылыктан улам мекенинен бозгон африкалыктарды, Сирия, Ирак жана Ооганстан жарандарын негизинен Германия менен Франция батырып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.