Евробиримдик Орусияга жаңы санкция салган жок

Иллюстративдик сүрөт

Брюсселге чогулган Евробиримдик лидерлери Орусиянын Алеппо шаарына жасаган авиасоккуларын кескин айыптады. Бирок Кремлге жаңы санкцияларды киргизүү боюнча бир пикирге келе алган жок. Буга негизинен Италия таасир этти.

Евробиримдик лидерлери жолугардан мурда кабыл алынчу билдирүүнүн тексти жарыяланган. “Сириядагы режимди колдогон тараптар менен жеке адамдарга каршы бардык чараларды көрүү” каралган текстти Франция, Германия, Британия колдогон.

Учурда биримдикке төрагалык кылып жаткан Италия жогорудагы сөздөрдү алып салууга көндүрдү. Италиянын премьери Маттео Ренци кошумча санкциялар Сирияда тынчтык орнотууга өбөлгө болбойт деген ынанымды карманууда.

Ошентип Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизүү коркунучу кыйла азайды деп кабарлады Брюсселдеги жыйынга көз салып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы.

Ага карабастан, биримдиктин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Орусиянын жана ал колдогон Сирия режиминин Алепподогу карапайым элди кошо бомбалоосу кескин айыпталды.

Тынчтык келишимине жетишмейин кайра эле каршы чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин француз президенти Франсуа Олланд эскертүүдө. Ал эми немис канцлери Ангела Меркель:

- Бир жагынан алганда, биз Орусия менен жакшы мамиледе болгубуз келет. Байланышты үзбөй, пикир алмашууну ачык калтырышыбыз керек. Биз Орусиядагы түрдүү топтор менен байланышта калууну каалайбыз. Бирок экинчи жагынан, биз Сириядагы акыркы окуялар боюнча позициябызды ачык билдирип коюуну да каалайбыз. Бул боюнча жалпы тил табыштык.

Евробиримдик Орусиянын Алепподо үзүл-кесил тынчтык режимин жарыялоосу жетишсиз, ок атышууну биротоло токтотушу керек деп эсептейт.

БУУнун маалыматында Сириянын аталган ири шаарында "Жабхат ан-Нусра" террор тобунун 900 чамалуу согушкери туруктайт. Ошол эле кезде шаарда 270 миң карапайым адамдар бар. БУУ жана Евробиримдик согушкерлер элди тирүү калканч кылып алышканын билдирет. Орусия абадан колдогон Сирия армиясы элди кошо чабуулга алганын айыптап келатат.

Евробиримдиктин акыркы чечимине байланыштуу Орусия азырынча өз пикирин билдире элек. Бирок андан мурдараак президент Владимир Путин Сирия маселеси боюнча мындайча оюн айткан эле:

- Орусия жаңы конституцияны иштеп чыгып, кабыл алуу маселесин тездетүүнү сунуштоодо. Ошонун негизинде алдын ала шайлоо өткөрүп, бардык чатакташкан тараптардын орток позиция табышуусуна жетишүү керек.

Азырынча ок атышпоо келишимине жетише электе Сирияда саясий иш чаралар кандай шартта өтөрү белгисиз.

Брюсселдеги жолугушууда Сирия маселесинен тышкары Орусиянын Евробиримдикке карата мамилеси да сөз болду. Жер Ортолук деңизиндеги орустардын согуш кемелери Сириядагы жаңжалды күчөтөт деген НАТОнун эскертүүсү талкууланды.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск "Орусиянын стратегиясы Евробиримдикти алсыратуу" экени айдан ачык деп, учурдагы чаралар ошого да жооп экенин белгилейт:

- Максатыбыз Орусия менен мамилелердеги чыңалууну күчөтүү эмес. Болгону Орусиянын кадамдарына жооп кайтаруудабыз. Албетте, Евробиримдик диалогго дайым даяр. Бирок биз эч качан өз принциптерибизден жана баалуулуктарыбыздан тайбайбыз. Ошон үчүн лидерлер эң ириде Европа биримдигинин ынтымагын сактоо үчүн багытыбызды өзгөртпөөнү макулдаштык.

Ошондой эле бул жолугушууда Орусиянын Евробиримдиктин аба мейкиндигин бузуп жатканы, Москванын жалган маалымат таратуусу, киберчабуулдар, биримдиктин ички жана сырткы саясий иштерине кийлигишүүсү тууралуу сөз болду.