Эски-жаңы мэр Айбек Жунушалиев: Бишкектин чечилбеген көйгөйлөрү

Айбек Жунушалиев.

Айбек Жунушалиев экинчи жолу Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Ага чейинки калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде күтүүсүз кызматтан алынды. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жаңы мэр Жунушалиев деген ким, өзүн буга чейин реформатор катары көрсөтө алдыбы?

47 жаштагы Айбек Жунушалиев өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Ал 1999-жылы Улуттук университетти "юриспруденция" адистиги боюнча аяктагандан кийин эмгек жолун ушул окуу жайда баштаган. Студент кезинде эле университеттин слесарь-сантехниги болуп, колуна диплому тийгенден кийин, 2000-2004-жылдары окутуучу болгон.

Ошол эле маалда Чүй облустук администрациясында жаштар комитетин, жаштар уюмдарын жетектеген.

Айбек Жунушалиев 2006-2007-жылдары облустук администрациянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүн башкарган.

Андан кийин өкмөттүн аппаратына ишке кирип, алгач Социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынын референти болгон. Ал 2008-жылы президенттин аппаратына өтүп, бир жыл Каттарды жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүн башкарган.

Андан кийин, 2009-2010-жылдары президенттин администрациясында иштеген. 2010-жылы бийлик алмашканда кайра Чүй облустук администрациясына барган жана беш жылдай аппаратты башкарган.

Жунушалиев 2014-2015-жылдар өкмөттүн аппаратында Социалдык өнүктүрүү бөлүмүн башкарган. 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы кызматына дайындалган.

2021-жылы августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон. Андан кийин расмий шайланып, алты ай, 2022-жылдын февралына чейин калааны башкарган.

Дагы караңыз Депутаттар Бишкек мэрин сындап чыкты

Мэр кызматынан кийин Жунушалиев президенттик аппаратта мамлекет башчынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Жунушалиев ушул кызматта турганда былтыр сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга байланыштуу президенттин тапшырмасынын аткарылышын көзөмөлдөп, Баткенге такай барып турган.

Андан сырткары "Жер мунапысы" боюнча республикалык комиссиясынын төрагасы катары бул жааттагы иштерди караган.

Бишкектин жанындагы Ак-Ордо конушунун квартал башчысы Мирбек Осмоновдун пикиринде, Жунушалиев бул комиссиянын төрагасы катары иштерман экенин көрсөттү.

"Жунушалиев ошол комиссиянын төрагасы болуп дайындалган күндөн тартып такай иштештик. Жер чыры боюнча эң оору эле Ак-Ордо да. Бул жерде 15 миң түтүн жашайт. Башкача айтканда, Тоң районунун элинин санына жетип жатат. Ал башынан аягына чейин жүрдү, киришти. Бир күнү комиссиянын мүчөлөрүнүн баарын, прокурорду, министрди Ак-Ордого, Сокулукка алып барат. Бир күнү Аламүдүнгө алып барат. Аябай жакшы иштеди. Азыр эми оор маселенин баарын чечип, ашуудан ашып калдык. Азыр деле маселе оор, бирок аны чечүү жолу көрүнүп калды, жол таптык. Азыр биздин конуштагы эң оор маселе - бул сот аркылуу камакка алынган жерлер. Ар кандай себептер менен коюлуп калган, кээ бири банкка карыз, кээ бири соттолуп коюлуп калган. Ошондо жалпысынан 380 гектар жер сот менен камакта турган. Жунушалиев баштагандан бери ошонун 80 гектары гана калды. Бирок ошол 80 гектар деген деле оңой эмес, бир топ эле көйгөй".

Мирбек Осмонов учурда жаңы мэрге Ак-Ордо конушун Бишкек шаарына кошуу тууралуу сунуш камдалып жатканын айтып берди.

"Бизге борбордук канализация, газ такыр келе элек, бул боюнча жылыш жок. Ошол эле учурда мектеп дагы салынбай жатат. Азыр 18 гектар жер турат. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы ноябрда ошол жерди мыйзамдаштырып, өкмөткө өткөрүп, ошол жерге бала бакча, мектеп салабыз деген. Долбоору деле даяр, бирок эмнегедир башталбай турат. Ак-Ордо азыр Новопавловка айыл өкмөтүнө карайт да. Ошол айыл өкмөттү, анын ичинде биздин Ак-Ордону дагы Бишкек шаарына өткөрүү маселеси турат. Ошонун баарын Айбек Жунушалиев аткарып кетет деп ишеним артып турабыз".

Дагы караңыз Инвестиция: ишенимге доо кетирген ортомчулар


Сентябрь айында Айбек Жунушалиев инвесторлордон опузалап каражат талап кылган деген шек менен кармалган адамдардын ишине байланыштуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары көрсөтмө берген. Анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Ак үйдөгү айрым булактардын айтымында, Айбек Жунушалиев соңку учурда президент Садыр Жапаровго өтө эле жакындап кеткен. Аны мэр кызматына кетирүү мындай жакындашууну каалабаган кайсы бир таасирлүү топтун чечими болгон.

Жунушалиев мындай сөздөргө азырынча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбековдун ырасташынча, азыркы өзгөрүүлөрдүн айрымдары Жунушалиев буга чейин мэр болуп иштеген учурда башталган.

Мавлян Аскарбеков.

"Жунушалиев мырза буга чейин өтө кыска мөөнөт иштеген. Реформа жүргүзүп, кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болгон эмес. Мына азыр Бишкекте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн, реформанын көбү Жунушалиев мырзанын командасынын иштери. Ал иштерди Жунушалиев келгенде өзү алып келген кадрлар, кээ бир вице-мэрлер жүргүзүп жатат. Жунушалиевдин көптөн бери билген адам катары айта алам, ал кандайдыр бир кландарга, же саясий, олигархтардын топторуна аралашкан эмес. Акыркы үч жылда жогорку кызматтарды ээлеп турганы менен кандайдыр бир интригаларда, чуулгандуу маалыматтарда аты аталган эмес".

Жунушалиев жакында эле кызматка келгенден кийин вице-мэрликке экономика жана финансы министринин орун басары болуп узак жылдан бери иштеп келген Мирлан Байгончоковду алып келген. Мэрия ошол маалда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан алынган 33 млн. евро насыяга автобустарды сатып аларын маалымдаган. Байгончоков министрдин орун басары болуп турганда аталган келишимди ратификациядан өткөрүүгө катышкан.

Дагы караңыз "Акылдуу жол чырактар коюлат". Бишкектеги жол тыгыны

Ошол маалда мэрия шаардык кеңешке коомдук транспорттордун жол киресин жогорулатуу тууралуу шаардык кеңешке сунуш киргизип, ал колдоо тапкан.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов жаңы мэр менен алгоолошуп иштөөгө ниеттенип турганына токтолду.

Рысбай Аматов.

"Жунушалиев биринчи мэр болгондо таштанды полигону боюнча долбоор башталган. Ал этап-этабы менен аяктап жатат. Азыр эми ишке ашып жаткан долбоорлорду андан ары улантуу керек. Азыр депутаттардан сунуш-пикирлер көп. Аны ишке ашырууда өйдө-ылдый нерселер чыгып жатат. Эми анын программасын дагы угуп, сунуш-пикирлерди айтабыз. Чечүүчү маселе дагы деле көп. Таштанды заводун чечүү керек. Жылдан жылга оорлоп жаткан тыгын маселеси. Бишкек жылуулук борборду 100% газга өтөт дешкен, ал дагы бир жаңсыл чечиле элек. Конуштарга газ киргизилип жатат, бирок ал дагы биз ойлогондой болбой жатат. Андан сыртка суу маселеси бар. Быйыл жазында эмне болгонун көрдүңөр. Ошондой эле жашылдандыруу маселеси бар. Биз буга байланыштуу жумушчу топ дагы түзгөнбүз. Буюрса иштешебиз деп турабыз. Эми талаш-тартыш болот, сын-пикирлер сөзсүз айтылат. Талаштан тактык жаралат дегендей талашып-тартышып атып бир мунасага келебиз деп ойлойм".

Айбек Жунушулиев буга чейин мэр болуп турганда жоюп салган "Шаардагы парктар" муниципалдык ишканасынын жетектеп калган Калича Умуралиева Жунушалиевди сынга алып, аны реформатор деп эсептебей турганын айтты:

Калича Умралиева.

"Президенттин бул кадамы туура эмес. Айбек мырза буга чейин дагы мэр болуп иштеп, өзүнүн деңгээлин көрсөтүп кеткен. Ал бул кызматка татыктуу эмес. Себеби "ал кылды" деген тырмакчадагы реформалар реформа деле болгон жок. Ал келгенде мен жетектеп турган "Шаардагы парктар муниципалдык ишканасын жойду. Эгер ошол ишкананы өнүктүрүп, чоңойтсок өзүн өзү багууга жарамак, киреше түшмөк. Мен ага жойбош керек деп жазгам, айткам. Мен анда мени кетирем десеңиз кетейин, бирок бул ишкананы калтыруу керек деп айткам. Азыр эми шаардагы парктардын абалын көрүп жатасыңар, көп маселелер чыкканын билесиңер. Соңку жылдары канча мэр алмашты, кадрдык башаламандык болду. Көбүнүн эле программасы, шаарды өнүктүрүү тууралуу ой-пикири жок болду. Мэр деген саясий кызмат. Саясатчынын өзүнүн көз карашы болушу керек. Мэр болуп келгенде кандай өзгөртүү болот, проблемаларды кантип чечет, баарына пикири болушу керек да. Президенттин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөп жүрүп эле килтейген шаарга келип калды. Мэр чарбачыл болушу керек. Бир аз гана иштеп, псевдореформаларды кылган адам кайра эле келип атат".

Дагы караңыз Жаңы мыйзам: мэрлерди президент, айыл өкмөттү акимдер дайындайт


Деген менен Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо деген дагы маселе турат. Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Биринчи май округунан депутат Элвира Сурабалдиеванын пикиринде, толук көз карандысыз мэр түз шайлоодо гана тандалат.

Элвира Сурабалдиева.

"Жаңы-эски мэрибиздин маегин көрүп калдым, ал буга чейин башталган ишти уланта беребиз деп айтты. Ал таштанды полигонун аягына чейин чыгарып, таштандыны иргөө, кайра иштетүү маселелерин аягына чыгарат деп ишенгим келет. Эми 100% көз каранды эмес мэр келиши үчүн аны эл шайлашы керек. Бул эми жогору жактан дайындалган кадр катары өкмөт башчыдан, президенттен келген тапшырманы аткарат. Муну эми биз баарыбыз түшүнүп жатабыз. Буга чейин формалдуу түрдө шаардык кеңеш шайлады дегени менен бийлик кадрлары өтүп келген. Азыр болсо болгону болгондой болуп, расмийлешип калды. Шайлоочулар менен эсептеше турган мэрди алып келебиз десек анда системаны өзгөртүшүбүз керек, аны эл шайлашы керек. Азыр эми шаарда жолдор жасалышы керек, инфраструктуранын көп нерселери өзгөрүшү керек. Аны жасаш үчүн аябай деле чоң реформатор болуунун кажети жок".

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясы ушул жылы апрелде буга байланыштуу мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна койгон, бирок документ колдоо тапкан эмес.

Аталган фракциянын лидери Жанарбек Акаев жакында бул документти кайра алып чыгарын билдирди. Анын пикиринде дагы реформатор мэр түз шайлоодо гана тандалат.

Жанарбек Акаев.

"Тилекке каршы, соңку жылдары Бишкекте онго жакын мэр алмашты. Бирөөнүн дагы көзгө көрүнөрлүк иши болгон жок. Шаардагы машиналардын тыгыны, ыш маселеси, конуштар, шаардагы башаламан курулуштар өңдүү чоң маселелер Бишкекте жыйылып калган. Ошону мына бир дагы мэр чечкен жок. Мэрлердин кайра-кайра алмашып жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан Бишкекти өнүктүрүп, элди кыйнаган маселелерди чечүү үчүн күчтүү мэр келиши керек. Анын бир гана жолу бар - мэрди эл шайлашы керек. Биз ушундай мыйзам сунуштасак депутаттардын көбү, Министрлер кабинети, президенттин администрация тилекке каршы колдобой койду. Эгер ал колдоо тапканда Бишкекке мэр болом дегендер "эки эле кишиге жаксам мэр болот экем" дебей, жалпы шаардыктардын көңүлүн алып, ошолорго отчет берип, өзүнүн программасы менен чыгышы керек эле. Улам-улам алмашып келип жаткан мэрлердин бирөөнүн дагы программасы жок. Шаарды кантип өнүктүрөсүң деп сурасаң айта албайт. Жалпы шаардыктарга жагам десе атайын программа түзмөк. Бишкекти өнүктүрүү үчүн мэрди эл гана шайлашы керек. Биз ушуга барышыбыз керек. Биз түз шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун бир-эки айдын ичинде кайрадан алып чыгабыз. Ал өтмөйүнчө биз алып чыга беребиз. Ошондуктан мен азыр мэрлерден эч кандай реформаны, шаарды өнүктүрө турган кадамдарды күтпөйм. Анткени аны жасай албайт".

Дагы караңыз Мэр дайындоодогу жаңжал


Мурда шаар мэрлерин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.

Айбек Жунушаилев экинчи жолу мэр болуп келгенден кийинки программасын жарыялай элек. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде берген учкай комментарийинде буга чейин жасалап жаткан иштерди улантарын айтып, кескин реформалар болушу мүмкүндүгүн билдирди, бирок аны тактаган жок.