"76:1 эсебинде жеңилдик". Гандболго көңүл бурдурган ыза

Кыргызстандын гандбол боюнча кыздар курамасы. Беларустагы мелдеш. 5-август, 2023-жыл.

Ушул тапта Беларуста КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүүдө. Ондон ашуун мамлекет катышкан бул мелдеште Кыргызстандын гандбол боюнча кыздар курамасы Орусия менен беттешип, 76:1 эсебинде жеңилип калганы коомдук талкууга жем таштап, өлкөдөгү спорттун абалына байланыштуу маселени козгоду.

Айрым спорт адистери муну өлкөдө командалык спорт түрлөрү өнүкпөй, артта калганынын бир мисалы катары көрсөтүүдө. Убагында спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын мектеби мыкты деп саналып келген.

“Ар-намыска тийген окуя болду”

Ушул күндөрү Беларустун 11 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Эл аралык мелдешке КМШ мамлекеттеринен тышкары Египет, Иран, Кытай, Малайзия, Куба, Венесуэла сыяктуу мамлекеттер да катышууда. 4-августта башталып, 14-августта жыйынтыктала турган мелдеште спорттун 20 түрүнөн оюндар өтөт.

Аталган мелдешке Кыргызстандын гандбол боюнча кыздар курамасы да катышып, 5-августтагы алгачкы оюнда Орусиянын командасы менен кез келип, натыйжада 76:1 бир эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Ал эми 6-августта Беларус курамасы менен ойноп, 50:6 эсеби менен, 8-августта Өзбекстан курамасынан 58:16 эсеби менен жеңилди. 9-августта да Өзбекстан менен беттешип, 69:15 эсеби менен утулду.

Кураманын ири эсеп менен жеңилиши коомчулуктун талкуусуна себеп болду. Социалдык тармактын колдонуучулары “өлкөдө спорттун бул түрүнө такыр көңүл бурулбай калганын” белгилеп, пикирлерин жазууда.

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков Фейсбук баракчасына “гандболду мындай деңгээлге кантип жеткирип алганыбызды түшүнбөй жатам” деп жазды.

“Азаттыкка” курган маегинде Салымбеков муну гандболго болгон кайдыгер мамиленин жыйынтыгы катары мүнөздөдү.

“Бул ар-намыска тийген, Кыргызстандын аброюна шек келтирген окуя болду. Андай команданы алып барбай эле койбойбу? Барып, өлкөнү уят кылышты. Ушундай мамиле кантип болсун? Машыктыруучулар деле эсепте 30-40 упай айырма болгондо, оюнду токтотуш керек болчу. Совет мезгилинде бул спорт менен биз үлгү болгонбуз. Кыргызстандан чыккан дүйнөнүн эң мыкты гандболчусу Талант Дүйшөбаевдин жердештери катары да аброюн түшүрдүк. Эл аралык аренага чыгып аткандан кийин мындай нерсеге дыкат мамиле жасаш керек да”.

Дагы караңыз Гандбол жылдызы Талант Дүйшөбаев

“Бул окуя чоң коңгуроо, чоң сабак...”

Дене тарбия жана спорт департаменти Беларуста өтүп жаткан эл аралык мелдешке алгач волейбол боюнча кураманы жиберүүнү көздөгөн. Бирок оюнчулардын жаш курагы мелдештин шартына туура келбегендиктен, гандбол боюнча кыздар курамасы катышмай болгон.

Мекеменин билдиришинче, быйылдан тарта спорттун футбол, баскетбол, гандбол сыяктуу түрлөрүнө мамлекеттен каражат бөлүнүп, сапатын жакшыртуу иштери жүргүзүлө баштаган. Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчисинин орун басары Самат Токтоналиев Кыргызстанда гандбол боюнча үч эле команда бар экенин, аталган мелдешке алардын ичинен тандап алынган оюнчулар жиберилгенин кошумчалады.

“Гандбол боюнча бизде үч эле курама командабыз бар. Федерация өз күчү менен алардан команда курап жөнөткөн. Албетте, биз барып утабыз деп үмүт арткан эмеспиз. Биз гандболдун мурдагы деңгээлин кайтарышыбыз керек болуп турат. Ал үчүн ушундай сапарлар зарыл. Себеби мындай мелдештерге катышпаса, команда өзүнүн деңгээлин көрбөйт жана тажрыйбасы өспөйт. Бул утулганыбыз - спорттун бул түрүнө көңүл бурбай, таштап салганыбыздын натыйжасы”.

Беларустагы мелдешке чейин аталган курама команда Пакистанда өткөн гандбол оюндарына катышып, жакшы натыйжа менен кайтышкан болчу. Кыргызстандын курамасы КМШ өлкөлөрүнүн II оюнуна катышкан эң жаш команда болду. Кыргызстанда спорттун бул түрүнө такыр көңүл бурулбай калганын белгилеген Токтоналиев эл аралык беттештеги бул жыйынтыктар чоң тажрыйба болот деп ишенет.

“Бул биз үчүн чоң сабак жана чоң коңгуроо. Азыр эми бул спортко ого бетер көңүл буруп баштоо керек. 30 жылдан бери мамлекет тарабынан бул спортту өнүктүрөлү деген аракет болгон эмес. Медаль бере турган багыттарга көңүл буруп, башка спорт түрлөрүн өлтүрүп жатабыз”.

Дагы караңыз Кыргыз спорту эгемен жылдары телчиге алдыбы?

“Баары каражат маселесине байланышкан”

Өткөн кылымдын этегинде Кыргызстан гандбол боюнча алдыңкы саптан түшчү эмес. Дүйнөнүн эки жолку мыкты гандболчусу, Испания, Венгрия, Польша сыяктуу Европанын түрдүү командаларын машыктырган кыргызстандык Талант Дүйшөбаевдин таржымалы Кыргызстандагы гандболдун тарыхы менен тыгыз байланышта.

Ал эми 1980-жылдардын соңунда Кыргызстандын гандбол боюнча курамасында ойногон Наталья Грошева ал мезгилди мындайча эскерет:

“Мен курамада ойногон жылдарда биз Советтер Союзунда 3-орундан түшчү эмеспиз. Бизди “кичинекей кыргыздар” деп коюшчу. Бул биз үчүн сыймык болчу. Ал убакта бизге Москваны жана Киевди жеңүүгө тыюу салып коюшкан эле. Калган республикалардын курамаларын биз оңой эле жеңчүбүз”.

Наталья Грошева эгемендик мезгилинде спорттун бул түрүнө тиешелүү көңүл бурулбай, каржылоо кыскарып отуруп, натыйжада баштапкы жетишкендиктерин сактай албай калганын айтууда.

Ал соңку 8 жылдан бери гандбол машыктыруучусу. Учурда Бишкектеги Спорттук оюндар мектебинде иштейт. Элүүнүн тегерегиндеги окуучусу бар. Машыгуу залдары жетишсиз болгондуктан, ал окуучулары менен ар кайсы окуу жайлардын, мектептердин залдарын колдонууга аргасыз. Машыктыруучу спорттун бул түрүнө көңүл буруп, даңазалуу тарыхын кайра кайталоого жол ачса болот деп ишенет.

Дагы караңыз Кыргыз спорту багындырган бийиктик

“Абал өтө кейиштүү. Машыктыруучулар, машыгуу залдары жетишсиз. Мелдештерге катышып, башка командалар менен ойноого мүмкүнчүлүк түзүш керек. Оюнчулар башка командаларга, башка залдарга, шаарларга, өлкөлөргө ыңгайлаша алгыдай шарт керек. Албетте, мунун баары каражат маселесине келип такалат. Бирок спорттун бул түрүн "көмүп" салганга шашпайлы. А бирок аны сактап, жандантып калууга аракет кылышыбыз зарыл”.

Ал эми спорт баяндамачы Кубан Атабеков спорттун гандбол сыяктуу эрежелүү түрлөрү мамлекеттин эсебинен каржылангандан тышкары, өзүн-өзү каржылаган деңгээлге жетип алса, азыркыдай кырдаалдан чыгууга жол ачылмак дейт:

Кубан Атабеков

“Кайсы бир жерде гандбол боюнча ийрим бар экендигин уга элекмин. Ушундай эрежелүү оюндарга көңүл буруп, аны жөн гана мамлекеттик дотациянын, элдин эсебинен каржылабай, өзүн-өзү уюштуруп кете тургандай уюштура алсак, өзүбүз уялбай тургандай, артынан барып ошол оюнду көрө тургандай абалга жеткирмекпиз”.

Кол тобу же гандбол 19-кылымда даниялык футболчулар тарабынан кышкы мезгилде ойноо үчүн ойлоп табылган. 1936-жылы алгачкы жолу Берлинде болгон Олимпиада оюндарында олимпиадалык программага киргизилген. 1946-жылы Эл аралык Гандбол федерациясы түзүлгөнү бул спорттун дүйнө жүзүнө кеңири кулач жайылышына себепчи болгон.

КМШ өлкөлөрүнүн оюндары аталган кызматташтыктагы мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы байланыштарын бекемдөө максатында 2019-жылы негизделген. Алгачкы оюндар 2021-жылы Казан шаарында өткөн.
Эскерте кетсек, Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Эл аралык Олимпиада комитети баш болгон бир катар спорттук бирикмелер Орусия менен Беларуска санкцияларды киргизген. Алардын спортчулары эл аралык мелдештерге бейтарап желек менен катыша алышат. Айрым спорттук иш-чараларга катышууга тыюу салынган.