“Эркиндик, теңдик, тилектештик”. Бишкектеги жүрүштүн урааны

Бишкекте 8-мартта өтүп жаткан кыз-келиндердин укуктарынын сакталышына арналган тилектештик жүрүшүн “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму уюштурду. 

Маршка болжол менен беш жүздөй адам катышты. Жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышты.

 
 

Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өттү. Акция Спорт ордосунан башталган. 

Жүрүштүн катышуучулары зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын түзүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартуу, ар бир райондо мамлекеттен каржылануучу кризистик борбор ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу, балдарды багуу үчүн алимент өндүрүп алуунун иштеген механизмин киргизүү, аялдардын саясий укуктарынын, сот адилеттигинин сакталышын камсыз кылуу, сөз эркиндигине, чогулуштарга жана уюмдарга кол салууларды токтотуу жана ошондой эле татыктуу медициналык камсыздоо, билим алууга шарт түзүү деген сыяктуу он талапты коюшту.

Жол боюнда жүрүшкө көз салып турган айдоочу. 

8-мартта кыз-келиндердин шериктештик маршын өткөрүү соңку жылдары салтка айланууда. 

Акциянын айрым катышуучулары ала качуунун курмандыгы болгон Айзада менен Бурулайдын да сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. 

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталып келет. 

Сүрөтчү Татьяна Зеленская бул ирет да өзү тарткан сүрөтүн көтөрүп жүрүшкө чыкты. 

Акциянын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп басты.