Эркек балдар менен күрөшкөн Асема

Кыргыз балбан кыздарынын Олимпиада оюндарындагы жана Дүйнөлүк чемпионаттардагы ийгиликтеринен кийин Кыргызстандагы көптөгөн кыздар алардын жолун жолдоого умтула баштады. 14 жаштагы Асема Калыкова да Мээрим, Айсуулуу, Айперинин ийгиликтерине шыктанган айылдык жөнөкөй кыздардын бири.  

Асема үй-бүлөдөгү төрт кыздын улуусу. Атасы Талант Саданов эркин күрөштөн машыктыруучу.

Асема атасы менен машыгууга баратат.

Асеманын айылында жакында эле жаңы спорттук зал ачылган. Буга чейин Талант Саданов айылдагы балдарды тамеки кургатуу үчүн пайдаланган эски сарайда машыктырып, балдар күрөшкөндө жараат алып калбашы үчүн жерге чөп төшөп машыктырып жүргөнүн айтат. 

"Айылда кайдагы мат.  Маттын ордуна чөптү төшөп, үстүнө килем салып машыктырып жүрдүм. Азыр жаңы залда балдар жыргап машыгып жатат", - деди ал. 

Жаңы ачылган күрөш залдын сырткы көрүнүшү. Бул залды чет өлкөдө иштеп жүргөн айыл тургундары акча чогултуп курушкан. 

Күрөш залды туруктуу жана мыйзамдуу ишке киргизүүгө USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору көмөктөшкөн. Долбоор машыктыруучуну ачык конкурс аркылуу тандоого, ата-энелер менен келишимдерди иштеп чыгууга жана кызматтын тарифин бекитүүгө жардам берген.

Залда машыккан балдардын эң жашы алтыда болсо, улуусу 18-19 жашка чейинки балдар. 

Асема бул айылдагы күрөш менен машыккан жалгыз кыз. Андыктан ал өзү курактуу балдар менен күрөшүп машыгат.

Машыгуулар жумасына үч жолу өтөт. 

Мен Кыргызстандын чемпиондорунун жетишкендиктерин кайталап, дүйнөнүн, Азия чемпиону болгум келет”, -  дейт Асема.

Балдар сергек жашоо образын тандап, спорт залымда күрөш менен алектенип убакыт өткөрүп жатканы мени кубандырат. Бул балдардын ичинен кимдир бирөө спорт жолун тандап алып, медалга ээ болсо, төбөм көккө жетип бактылуу болом”, - деди  машыктыруучу Талант Саданов.  

Асеманын күрөш менен машыга баштаганына бир жылдан ашты. Ал жакында эле Ош шаарында өткөн мелдеште үчүнчү орунду ээлеген.

Асема Бишкектеги кыздардын күрөш мектебине барууну кыялданат.

Асема үйдүн тун кызы болгондуктан үйдө чөп чаап, мал карап, эркектин да жумушун кылат.

Асема чоң апасы менен. 

Асеманын апасы кызынын кызгуусун колдойт. 

Асема күрөштөн ийгилик жараткан айылдагы биринчи кыз. 

 

Кыргызстанда акыркы жылдары Айсулуу Тыныбекованын эл аралык аренада жараткан ийгилигинен кийин кыздарын күрөшкө берген ата-энелер көбөйгөн. 

Асеманын күрөшкө барганын чоң атасы, чоң апасы да колдошот. 

Кыш-Абад айылы. Бул айылда 2500 киши жашайт. 

Фотобаян USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жардамы менен ишке ашырылды.