Орусия Украинадан жагылбаган отун үчүн акча сурады

Украинанын Боярка айылындагы газ бөлүштүргүч станциясы, 19-декабрь, 2012

"Нафтогаз” ишканасынан кабарлашкандай, Орусиянын “Газпром” компаниясы сүйлөшүлгөндөн аз газ сатып алганы үчүн Киевден 7 млрд. доллар төлөөнү талап кылып жатат.
Украинанын газ жана мунай боюнча мамлекеттик “Нафтогаз” ишканасынын расмий өкүлү Олена Юриева айтканына караганда, аларга “Газпромдон” чек келген. Ал чекте Украина Орусия менен келишиминде “сатып алам” деп көрсөткөн газдын баарын алган эмес жана ал үчүн да акы төлөсүн деп жатат.

“Газпром” бул ири суммадагы чек тууралуу азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Украиналык эксперт, энергетика маселелери боюнча аналитик Олександр Нарбут “Азаттыктын” украин редакциясына сүйлөп жатып, мынчалык акчаны “Нафтогаз” төлөгөнгө күчү жетпейт деди.

"Аны төлөш үчүн жетиштүү акча болушу керек да. Менин билишимче, “Нафтогазда” анчалык акчасы жок. Анын үстүнө, компаниянын финансылык абалы акыркы үч жылдан бери начарлап кетти", - дейт эксперт.

Орусия менен Украина ортосунда жаратылыш газы боюнча 10 жылдык келишим акыркы жолу 2009-жылы жетишилген. Ага ошол туштагы украин премьери Юлия Тимошенко менен орус өкмөтүнүн ошондогу башчысы Владимир Путин кол коюшкан эле.

Тимошенко болсо анда орус тарап менен газ боюнча келишимдерде өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл алган деп жети жылга камалды.

Ошондогу келишимге ылайык, Киев жылына Орусиядан 33,3 млрд. куб метр жаратылыш газын сатып алып турушу керек эле. Бирок былтыр Украина 25 млрд. куб метр гана газ сатып алды.

“Нафтогаздын” өкүлү Юриеванын айтымында, украин тарап Орусияга 2012-жыл ичи бир нече ирет “газды буга чейин убада кылынгандан аз сатып алаарын эскерткен”.

Украинадагы жетекчиликтин ичинде Орусиядан алынган ар бир миң куб метр газ үчүн 400 доллардан төлөгөн “мамлекет үчүн өтө эле көп” деп арыздангандар четтен табылат.

Азыр эми эмне үчүн Украина колдонбогон газ үчүн “Газпром” андан 7 млрд. доллар талап кылып жатканы кеңири түшүндүрүлө элек.

Украинанын энергетика министри Юрий Бойко өткөн ноябрдагы сөзүндө украин тараптын газ колдонуусунун көлөмү түшүп кеткени сот иши менен аякташы мүмкүн экенин, Орусия Украинаны эл аралык сотко бериши мүмкүндүгүн айткан.

Оксфорд университетинде энергетика маселелери боюнча эксперт Симон Пирани: “Орусия Украинанын колдонбогон газ үчүн карызын кечип коюшу мүмкүн, бирок “Газпром” анткенге милдеттүү эмес”, - деп билдирди.

"Эгерде сиз “Газпромдун” Европадагы өлкөлөр – Германия, Италия, Франция, керек болсо, Түркия менен – газ келишимдерине көз жүгүртсөңүз, 2009-жылдан берки экономикалык кризисте “Газпром” жетиштүү газ сатып албагандарды төлөткөн ушул өңдүү чыр-чатактар болгон. Бул айып пул эмес, контракт аркылуу бекитилген шарттардын бири. Жаратылыш газын сатып алып жаткан тарап, непада келишимде айтылган көлөмдөгү газды албаса, “айырмасын төлөп берем” деп милдет алат. Бул – газ келишимдериндеги кадыресе эле шарт", - дейт британиялык эксперт.

Financial Times гезитинде “Газпром” Украинадан 7 млрд. доллар төлөсүн деген талабы тууралуу кабар чыккандан бир нече сааттан кийин эле Украина Shell энергетикалык компаниясы менен украин жеринде газ иликтөө боюнча келишимге кол койгону малым болду.

Украинада 1,2 триллион куб метр жаратылыш газы бар деп айтылып жүрөт.