Согуш башталгандан бери Орусияда мигранттарга тиешелүү эрежелер катаалдашып, аларды армияга алуу аракеттери болуп жатат. Борбор Азиядагы миграция агымы соңку жылдары Европа, АКШ, Азиянын өнүккөн өлкөлөрүн көздөй бурулду. Британияда айыл чарба жумуштарында иштөөнүн оош-кыйышы тууралуу айрым мекендештер "Азаттыкка" айтып беришти.
Жоодар Шүкүралиев Британияда, Херефорд шаарынан алыс эмес жердеги фермада иштейт. Ферма негизинен кожогат, кулпунай, гилас жана төө буурчак өстүрөт. Жоодардын милдети - күнөсканалардын үстүн жаап, көчөттөрдү тазалап, жазга даярдык көрүү. Буга чейин бир топ жыл Москвада ар кайсыл тармакта иштеп жүргөнүн, Британиядагы азыркы жумушу тууралуу айтып берди:
"Бизге жумуш тууралуу башында эле түшүндүрүшкөн. Ошентсе да, ачыгын айтканда, башкача элестетип келгенбиз. Айлыгы жакшы болгону үчүн билинбейт экен. Бул жакта 8 саат эле иштейбиз, андан ашык иштетпейт. Мен буга чейин Москвада курулушта 12-15 саат иштесең дагы ошол эле акчаны берип коёт, баалабайт. Москвалыктар менен европалыктардын айырмасы чоң экен. Бир күн эс алабыз. Айлыгы кыргыз сомуна эсептегенде саатына 1100дөн айланат. Бир күндө 9 миң сомдой болуп калат. Азыр күздө калып кеткен кулпунай, кожогаттын кургагандарын кыркып, тазалап, күнөсканалардын үстүн жаап, жазга даярдап жатабыз. Майда бышат, ошондо сезон башталып, адам көбөйөт дейт. Анда саатына эмес, иштин көлөмүнө карай - канча жашик тергениңе жараша төлөй баштайт экен".
2023-жылдын июнь айындагы Британиянын статистикалык маалыматтарына карганда, 2019-жылга чейин бул рынокто ондогон жылдар бою Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн, Болгария, Румыния, Польшанын тургундары үстөмдүк кылып келген.
2022-жылдын февралында башталган согуш бул рынокту толугу менен өзгөртүп, сезондук жумуштарга өзгөчө Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандары бара баштады. Мамлекеттик мекемелер менен келишим түзүп, мигранттарды топ-тобу менен алып кеткен компаниялар пайда болду.
Өткөн аптада Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Британиядагы сезондук жумуштарга барып иштөө үчүн жети сааттын ичинде 26 миңден ашуун кыргызстандык арыз бергенин билдирди. Алар Британиянын айыл чарбасындагы жумуштарга орноштуруу программасынын алкагында Hops Labor Ltd оператору аркылуу арыз беришкен.
Арыз бергендердин бардыгы эле жумушка чакырылат же барат дегенди билдирбейт. Министрлик мунун ичинен миңге жетпеген адам тандап алынарын билдирүүдө. Ошентсе дагы бул көрүнүш сезондук жумуштарга, Европага барып иштеп келүүгө даяр адамдардын көптүгүн көрсөттү.
Мекеменин чет элдиктер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кудайбердиевдин айтымында, быйыл дагы 8-10 миңге чейин кыргызстандыкка иштеп келүү мүмкүнчүлүгү берилет.
"2023-жылы 8 миң квота берилген. Өз күчүбүз менен 5,2 миң адамды Британияга жөнөттүк. Быйыл канча бөлүнөрү айтыла элек. 8-10 миң орун берилет деп ойлоп жатабыз. Мындан сырткары Түштүк Кореяга да жумушчу жөнөтөбүз. Бирок ал жакка кетүү кыйыныраак, тил үйрөнүш керек. Ага караганда Британия бир аз жеңил болгондуктан, эки-үч айда кетип жатат. Ошондуктан Англияга талапкерлер көп болууда".
2019-жылы Британия Евробиримдиктен чыгып, ошол эле жылы өкмөт дүйнөнүн булуң-бурчунан эмгек мигранттарын чакыруу үчүн сезондук жумушчуларга виза квотасын киргизип жатканын жарыялаган. Буга фермерлердин түшүм жыйноого киши тартыш болуп калуу коркунучу да себеп болгон.
Англиянын жана Уэльстин Улуттук дыйкандар бирлигинин маалыматы боюнча, бул жерде жыл сайын 4 миллиард фунт стерлингден ашык жашылча-жемиш жана гүл өстүрүлөт (бул дээрлик 6 млрд долларга жакын). Бул өлкө керектөөсүнүн 15-50% түзөт. Жалпысынан айыл чарба тармагында 471 миңге жакын адам иштейт, бирок анын 58 миңи жыйым-терим учурунда гана керек болот.
Кыргызстандык Эрлан Искендер уулу Британияга эки жолу барып келген. Биринчи жолкусунда Лондондон алыс эмес Колчестер шаарында алты ай иштеген. Ал 2022-жылы AGRI HR компаниясынын Орусиядагы филиалы аркылуу айыл чарба тармагына мезгилдүү жумушка орноштуруу жөнүндөгү эки тараптуу макулдашуунун негизинде кеткен. Алар барган топ күзгү сезонго даярдык көрүшкөн. Экинчи жолкусунда өзү күткөндөй болбой калганын айтып берди:
"Экинчи жолу барганда Батыш Англияда болдум. Ал учурда саясий өзгөрүүлөр болуп, премьер-министр алмашып, фунттун курсу дагы түшүп кетти. Ошондуктан экинчи жолку барганда биринчидегидей иштей алган жокмун. Кыйынчылыктар көбүрөөк болуп калды. Таңгактоо жагында иштедик. Айтылган, келишимде көрсөтүлгөн шарттар сакталган жок, талап жогору болуп жатты. Кожоюндар жумуш болбосо деле жумушчуларды көбүрөөк алып, кааласа жарым, бир саат иштетип кетирген учурлар болду. Жашаган жерибиз дагы биринчиге салыштырмалуу кыйла начар болуп калды, шарты начар, суук. Ошондуктан азыр, кийин барам деп жаткандар "кызгылт көз айнектерин" чечип барышса деп айткым келет. Анткени жумуш бирде болсо, бирде болбой калат. Мен келишимдеги мөөнөттү күтпөй эле келе бердим", - деди Эрлан.
Анткен менен Эрлан эки жолу Британия барып иштеп келген акчасына Кыргызстанда өзүнүн чакан ишин баштаганын кошумчалады.
Азырынча кыргызстандыктар Британияга айыл чарба жумуштарына, жер-жемиш терүү иштерине тартылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Бакыт Кудайбердиев кыргызстандыктарды башка тармактарга тартууга кызыкдар компаниялар пайда болгонун белгиледи:
"Азыр айыл чарба жумуштарына деп программада так жазылган. Талаада, күнөсканада, жер-жемиш, кулпунай, кожогат, көк-сак терүүгө барышат. Башка тармактарга, мейманкана бизнесине өзүнчө виза менен - ТР2 менен кетишет. Ал үчүн адистик, тил билүү талап кылынат. Бирок ушул багытта дагы байланышка чыккандар болууда. Эгер бул багытта барса, узагыраак убакка, жакшы айлыкка барат. Бирок бир жагынан акылдуулардын баарын кетире берген бизге деле жакшы эмес. Ошентсе дагы байланышкан компанияларды келгиле, сүйлөшүп көрөлү, шарты жакшы болсо карайлы деп атабыз", - деди Кудайбердиев.
Британиянын "Агри-Эйчар" компаниясы кыргыз жаштарын сезондук айыл чарба жумуштарына алгачкылардан болуп тарткан компания. Ал 2022-жылдан бери компаниянын Кыргызстандагы филиалы катары иш жүргүзүп келсе, 2023-жылдан тарта Кыргызстандагы жумушка орноштуруучу жеке агенттик катары иштей баштады.
"2022-жылы жаштарыбыздан 1519 кишини жиберсек, 2023-жылы 2108 адамды жөнөттүк. Ал эми 2024-жылы орто эсеп менен 4 миң адамды жиберебиз деп пландап жатабыз. Бул көрсөткүч фермалардан түшкөн буюртмалардын санына жараша өзгөрүүсү мүмкүн. Азырынча айыл чарбасынан башка жумуштарга жиберүү планда жок. Балким, кийин болуп калаар. Бизден кийин "Про-Форс" оператору Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору менен кызматташуу жөнүндө кол коюшту. Буга "Агри-Эйчар" компаниясы аркылуу алгачкы барган кыргыз жаштарынын өздөрүн жакшы жагынан көрсөткөнү себеп болду деп эсептейм. Албетте, көпчүлүк болгондон кийин виза режимин сактабаган жаштарыбыз да кездешет, бирок алардын саны аз. Жаштарыбыздын басымдуу көпчүлүгү мыйзамдарды сактай билгендиги кубандырат", - деди компаниянын директору Айгүл Эшенкулова.
Буга чейин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер “Азаттыкка” курган маегинде 2023-жылы ал жакта 10 миң кыргызстандык иштегенин билдирген.
Дагы караңыз
Элчи: Британ фермерлери кыргыз жумушчуларына ыраазы
Былтыр ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушканда, сезондук жумушчулардын саны мындан ары да көбөйө турганы айтылган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 200дөй жеке агенттик бар. Алар жумушчуларды 20дай өлкөгө жөнөтөт.
2022-жыл башталганда бир катар өлкөлөр COVID-19 илдетине байланышкан чектөөлөрүн жеңилдетип, жумушчуларды кабыл ала баштады. Мындан сырткары Орусия Украинага согуш ачып, мобилизация жарыялагандан кийин дагы Борбор Азиядагы миграциянын агымын Европа, АКШ, Азиянын өнүккөн өлкөлөрүн көздөй бурууда.
Мындан улам чет өлкөгө жумушка барууну каалагандардын жана жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн ишканалардын саны да өскөн.
Ошол эле кезде чет өлкөдөн иш таап берүүнү убада кылган компанияларга алданып, нааразы болгондор да катталып келет.