Николас Боулер элчи кызматына быйыл мартта дайындалып, июндан тарта Кыргызстанда ишин баштаган.
- Николас мырза, сиздин Кыргызстанга келип иштеп жатканыңызга жарым жылдан ашып калды. Сиз бүгүн кыргыз - британ алакаларынын деңгээлин кандай баалайсыз? Эки тараптуу мамилеге канааттанып турасызбы?
- Жалпысынан эки тараптуу алака абдан туура нукта баратат. Акыркы жылда эки тараптан тең жогорку деңгээлдеги адамдардын маанилүү сапарлары уюштурулду. Булардын ичинен эң орчундуусу ноябрда кыргыз премьер-министринин чоң делегация менен Лондонго барганы болду. Бирок ага чейин да башка ийгиликтүү жолугушуулар болуп өткөн.
Июнда мен Кыргызстанга келгенге чейин Британиянын мамлекеттик министри Лео Докети бул жакка келип кеткен. Ошондой эле британ парламентинин төмөнкү палатасынын эл аралык мамилелер комитетинин төрайымы Алисия Көрнс жетектеген топ да Улуу Британиянын Борбор Азиядагы ишмердиги тууралуу баяндамасынын алкагында бул жакка келип кетти.
Мен бул жакта мурда кызмат өтөп жаткан учурда башталган бир нече программа, макулдашуулар да эки тараптуу мамилени күчөтөт деген ойдобуз.
Ошондой эле сезондук жумуштарга Кыргызстандагы жумушчуларды алуу да жакшы жүрүп жатат. 2023-жылы 10 миң адам Британияда иштеп келди.
Мындан тышкары Кыргызстандын соодада артыкчылык бериле турган өлкөлөрдүн тизмесине кошулганын белгилегим келет. Бул иш жүзүндө Кыргызстандын дээрлик бардык товарын Британияга эч кандай кошумча салыгы жок экспорттосо болот дегенди билдирет.
Мен ушул жерден көбүнчө көз жаздымда калган бир жагдайды айта кетким келет. Бул кыргыз эли менен британ элинин ортосунда байланыш түзүү аракеттери. Бул эки тараптуу мамиледе башка долбоорлордой эле өтө чоң мааниге ээ. Ошондой эле соңку алты айда Уэльстин регби командасы келип, бул жакта машыгуу өткөрүп кетти. Ошондой кыргыз музыканттары, креативдүү сектордун өкүлдөрү биз Көлфест менен чогуу уюштурган британ-кыргыз маданиятынын жана искусствосунун фестивалына катышты. Жалпысынан эки тараптуу мамиленин нугу бизди кубандырып жатат.
Акылбек Жапаровдун Лондон сапары, кен байлыктар
- Сиз белгилегендей, бир ай мурда Кыргызстандын премьер- министри Акылбек Жапаров Британияга барып, бир катар расмий жана бизнес коомчулук менен жолугушууларды өткөрдү. Ал жакта беш күндөй жүрүп келди. Бул жогорку кызмат адамы үчүн көп жана маанилүү убакыт. Элчи катары сиздин баамыңызда бул жолугушуулар канчалык натыйжалуу болду?
- Туура. Премьер-министрдин биздин өлкөдө өткөргөн убактысына жана аны коштогон делегациянын салмагы менен сапатына ыраазыбыз. Жалпысынан муну биз ийгиликтүү бир сапар болду деп эсептейбиз. Так жыйынтыктар тууралуу сөз кылсак болот. Бул сапар болочоктогу дагы жемиштүү жана жакын экономикалык карым-катнаштын пайдубалын түптөдү деп айта алабыз.
Конкреттүү жыйынтыктар тууралуу айта турган болсок, мисалы, ал жерде олуттуу, эл аралык, дүйнөлүк финансы мекемелери менен мамилелер түзүлдү. Бул бир гана Улуу Британия бере алган нерселер. Буга Лондон шаарынын өзү менен болгон мамиле, Лондон фондулук биржасы менен болгон мамилени мисал келтирсек болот.
Мындай институттар менен жакындан кызматташуу өлкө экономикасынын өнүгүшүнө дем берет. Мунун артынан өлкөгө көптөгөн инвестицияларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Тиешелүү соода макулдашууларына кол коюлганын дагы бир конкреттүү жыйынтык деп атасак болот. Алардын бири Британияда өндүрүлгөн жогорку инновация технологияларын, анын ичинде бетондун ордуна колдонулуучу синтетикалык бышык материалды экспорттоого байланыштуу.
Премьер-министр бул заводго барганда анын абдан пайдалуу экенин дароо сезди. Бул материал сугат каналдарын калыбына келтирүүдө көп колдонулат.
Бул мисалдар эки тараптуу мамиле канчалык стратегиялык жана позитивдүү натыйжаларга жол ачарын күбөлөп турат. Биз бул жакка технологияларды жана көбүрөөк инвестиция сала турган институттарды тартып келе алабыз.
Ошондой эле бул визит эки өлкө ортосунда тереңирээк экономикалык кызматташтыктын түзүлүшүнө жакшы бир фундамент болуп берди.
Ал жерде өкмөт башчы тышкы иштер министри баштаган бир катар кызмат адамдары менен жолукту. Бизнес өкүлдөрү жана башка уюмдар менен да кездешти. Маңыздуу макулдашууларга кол коюлду.
Үч макулдашуунун маанисин баса белгилегим келет. Алардын бири - Британиянын соода министри Нусрат Гани менен кол коюлган келишим. Алар биринчи Кыргыз-британ ишкерлер кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Алар кеңештин биринчи жыйынына теңтөрагалык кылышты. Бул жыйын абдан жемиштүү болду.
Экинчиси - Британиянын геологиялык коомчулугу менен кол коюлган меморандум. Бул документ минералдык кен байлыктардын картасын түзүү үчүн техникалык жардам көрсөтүүгө жана инвесторлорду керектүү маалыматтар менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Үчүнчүсү - Лондондун лорд-мэри Майкл Майнелли менен сүйлөшүүлөрдөн кийин жаралды. Бул Англиянын мыйзамдарын же укук системасын Кыргызстанга алып келүү жөнүндө макулдашуу. Англиянын укугун Кыргызстандын ички мыйзам чыгаруу системасына алып келүү чыны менен эле инвестициялык климатты жакшыртууга жол ачат.
Ошентип бул визиттин алкагында конкретүү жыйынтыктар да болду жана болочоктогу кызматташтын жол картасын түздүк.
Премьер-министр менен биздин тышкы иштер министрдин жолугушуусунун өзү эле маанилүү болду. Балким бул акыркы кездеги эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу болду окшойт. Бул сапар башка да жолугушуулар менен коштолду. Жолугушууларда британ тарапта эки министр болду. Алар соода министри Нусрат Гани жана Уэльс боюнча министр Фей Жонс. Ошондой эле биз сөз кылган лорд-мэр менен да жолугушуу болду.
Албетте кыргыз тараптан да көптөгөн министрлер барган. Бул эки тараптын тең чогуу иштешүүгө даяр экендигинин көрсөткүчү.
Британияда кыргызстандыктар кайсы жумушта иштей алат?
- Экономикалык кызматташтыкка байланышкан дагы бир суроо бергим келип турат. Кыргызстан менен Улуу Британиянын соода жүгүртүүсү өтө жакшы деп айтууга болбойт, быйыл 70 млн доллардын тегерегинде болуп жатыптыр. Албетте бул былтыркыга салыштырмалуу көп экен. Кыргыз өкмөтү 400 пайыздан көп өсүш болду деп жатат. Ошол эле кезде Кыргызстандын Германия менен соода жүгүртүүсү 300 млн доллардан ашат, Швейцария менен 500 млн доллардан ашты. Мен эми салыштыруу үчүн Европадагы мамлекеттерди айтып жатам. Британия менен Кыргызстандын экономикалык кызматташтыгын жакшыртуу, соода жүгүртүүнү өстүрүү үчүн дагы кандай иштер жасалышы керек? Сиздердин күтүүңүздөр кандай?
- Биринчиден айтарым, сооданын көлөмү ийгиликтүү кызматташтыктын жападан жалгыз көрсөткүчү эмес. Албетте, бул маанилүү. Бирок соңку визит көрсөткөндөй, Британия Кыргызстанга стратегиялык жактан маанилүү, конкреттүү пайданы алып келе алат. Кыргызстан да ушуну сунуш кыла алат.
Британия жагынан карап көрө турган болсок, бул - жогорку технологиялар, финансылык институттар жана Британиянын геология коомчулугу сыяктуу эксперттер менен байланыштар болушу мүмкүн.
Кыргызстан жагынан карап көрө турган болсок, кайра калыбына келүүчү энергия иштеп чыгууда зарыл болгон минералдык ресурстар бар. Менин оюмча, барган сайын кыргызстандык чакан ишканалар технология тармагында жана креативдүү өндүрүштө ийгилик жаратууда. Биз ушул нерселерге көңүл бурабыз. Эгер ишти туура алып барсак, убакыттын өтүшү менен сооданын көлөмү өзүнөн өзү эле өсөт.
- Британия азыр Кыргызстандан бир нече миң кишини айыл чарба иштерине алып барып иштетип жатат. Мындан башка да тармактарга адистерди тартуу, билим берүү жагынан жардамды кеңейтүү пландары барбы?
- Сезондук жумушчулар схемасы тууралуу сураганыңызга абдан кубанычтамын. Себеби, бул биздин алакабыздын абдан маанилүү бир бөлүгү.
Схемага ылайык, жыл сайын британ өкмөтү Британияда айыл чарба тармагында иштеп кете турган адамдар үчүн 40 миң виза бөлөт. Биздин маалыматыбызга ылайык, быйыл мынча визанын 10 миңи кыргызстандыктарга берилет.
Бул былтыркыга салыштырмалуу чоң өсүү. Мен июнь айында Кент аймагындагы кыргыз жумушчулары жана британ фермерлери менен жолуккам. Анда кыргызстандыктар так, ишенимдүү иштейт деген маалымат алдым. Алар кыргыз жумушчуларына ыраазы экен.
Бул сандар кийинки жылы дагы өсөт деген ойдомун. Албетте, визаларды кайсы өлкөлөргө бөлүштүрүүнү британ өкмөтү чечпейт. Иш берүүчүлөр жана бул кызматты көрсөткөн фирмалар кайсы жерден жумушчу алууну өздөрү аныкташат.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир жагдайды баса белгилеп койгум келет. Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору бар. Ушул мекеме гана расмий жибере алат. Муну Британияга барып иштеп келем дегендер билиши керек.
Себеби, тилекке каршы, программа кеңейип, дагы ийгиликтүү болгон сайын ниети жаман адамдар аны кыянат пайдаланууга жана “визаны башка жолдор менен деле алса болот” деп элди көндүргөнгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок виза алуунун башка жолу жок.
Азырынча жакынкы келечекте мындай долбоор айыл чарбадан башка секторлордо ишке ашчудай эмес. Бул схема Британиянын эмгек рыногундагы муктаждыкка жараша түзүлгөн.
Башка кесиптин ээлери же Британияда окуйм деген студенттер өлкөгө кирүүнүн башка иммиграциялык жолдорун карап көрсө болот.
Сиз билим берүү жөнүндө да сурап калдыңыз. Chevening программасы уланып жатканына кубанычтамын. Азыр бул программа менен төрт адам Британияда билим алып жатат. Ал эми 30 жыл аралыгында бул программанын алкагында жүздөй кыргызстандык билим алып келди. Быйыл “Жон Смит Траст” программасын баштадык.
Биз бул программаларды кеңейтүү үстүндө иштейбиз деп үмүттөнөм. Ошондой эле биз англис тилин үйрөтүү жолдорун жана англис билим берүү системасын өлкөгө алып келүү багытында дайыма ишибизди уланта беребиз.
"Британия сөз эркиндигине көңүл бурат"
- Соңку жылдары Кыргызстанда адам укуктарынын жана медиа эркиндигинин абалы начарлаганын эл аралык укук коргоо уюмдарынын көрсөткүчтөрү күбөлөп турат. Расмий Лондондун Кыргызстан менен кызматташтыгында адам укуктары менен сөз эркиндиги кандай орунду ээлейт?
- Биз өлкөдөгү адам укуктарынын жана медиа эркиндигинин абалы сыяктуу маселелерге дайыма көз салып келебиз. Анын негизинде биз жеринде кырдаалды жакшыртуу үчүн иш жүзүндө кыла турчу аракеттерге көңүл бурабыз.
Жарандык коом менен иштешкен программабыз уланып жатат. Аялдарга карата зордук-зомбулкту токтотуу боюнча программабызды мисал келтирсем болот.
Колубуздан келишинче башка инструменттерди колдонууга аракет кылабыз. Мисалы биз мыйзамдар болобу же кайсы бир системаны ишке ашыруу маселеси болобу, тажрыйбабызды бөлүшкөнгө даярбыз.
Дүйнө өзгөргөн сайын адам укуктарын жана медиа эркиндигин коргоонун жолдору да жаңыланып турушу керек. Борбор Азияда Кыргызстан мурдатан эле эркин өлкө болуп саналчу. Биз ошол нерсе мындан кийин да уланат деп абдан үмүттөнөбүз.
Орусияга салынган санкциялардын Бишкекке таасири
- Орусиянын Украинага агрессиясынан кийин АКШ жана Батыш мамлекеттери Москвага олчойгон санкцияларды салган. Анын алкагында санкциялык шарттарды аткарган жок деп, АКШ жана Батыш мамлекеттери кыргыз компанияларына да санкция салууда. Сиздердин көз карашта Кыргызстандын санкциялык товарларды өткөрбөө үчүн көрүп жаткан аракеттери жетиштүүбү?
- Бул маселе боюнча биринчи айтарым, биз кыргыз өкмөтү менен ар кыл деңгээлде бул маселе боюнча диалог жүргүзүп келе жатабыз. Британиянын Тышкы иштер министрлигиндеги санкциялар боюнча бөлүмдүн башчысы жыл башында Кыргызстанга келип кеткен.
Жаңы жылдын башында бул жакка атайын техникалык эксперттердин да келиши күтүлүүдө. Кыргыз бийлигинин кызматташуу аракетине жана буга чейин жасалган кадамдарга ыраазычылык билдиребиз. Анын жыйынтыгынан кийин да кандайдыр бир реалдуу жыйынтыктар болот деген күтөбүз.
Анан кайсы жерге жардам керек болсо, биз техникалык жардам берүүгө даярбыз. Бул маселеде Британия Кыргызстанды Орусия менен экономикалык алакасын токтотууга шыктандырууну көздөбөй турганын баса белгилегим келет.
Биз болгону согуш үчүн колдонулушу мүмкүн болгон товарлардын Украинадагы майдан тилкесине чейин жетишин алдын алууну максат кылабыз. Ошондуктан биз аскердик максатта колдонуу тобокелдиги жогору делген 45 товарга көңүл буруп жатабыз. Анын тизмеси интернетте бар.
Лондон Максим Бакиевдин мүлкүн текшереби?
- 2010-жылдан кийин Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосунда бир маселе утур-утур күн тартибинде чыгып турду. Ал Британиядан түнөк тапкан мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевдин маселеси. Кыргызстанда сыртынан өмүр бою абакка кесилген Максим Бакиев боюнча расмий Лондондун позициясы кандай? Бакиев азыр Британияда кандай статуста жашап жатат?
- Бул маселе жана Максим Бакиевдин абалы кыргызстандыктар үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп турам. Албетте, бул өтө сезимтал маселе. Бирок Британиянын өкмөтү катары жеке адамдардын маселесин же жеке иштерди комментарийлей албайбыз. Бул маселе биз үчүн, Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз.
- Британия дүйнөнүн булуң-бурчундагы күмөндүү акча агылган өлкөлөрдүн бирине айланганын британ саясатчылары деле өздөрү моюнуна алып жатат. Ага каршы жаңы мыйзамдар да кабыл алынып, күчүнө кирүүдө. Жаңы ишке кирип жаткан мыйзамдардын алкагында Максим Бакиевдин Британиядагы мүлкү текшерилиши керекпи?
- Сиз билгендей, Британияда арам акчага жана күмөндүү каражаттарды адалдоо маселесине байланыштуу мыйзамдарды жакшыртуу багытында маанилүү кадамдарды таштады. Албетте, ал мыйзамдарды ишке ашыруу – бул Британиядагы укук коргоо органдарынын милдети. Бул алардын компетенциясындагы иш болуп эсептелет. Андыктан мен алар эмне кылып же кылбашы керек экендигин айта албайм.
- Маек бергениңиз үчүн чоң рахат. Жаңы жылыңыз менен куттуктайм!
- Сизди да Жаңы жылыңыз менен куттуктайм!